Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иеремия 42

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    42-БөЛЄМ

    үлдин Жеремиядан өтүнүүсү

    42:1 Анан бардык аскер башчылар, Карейах уулу Жаканан, Ошая уулу Жазания, бардык эл, кичинесинен чоңуна чейин келди.

    42:2 Алар Жеремия пайгамбарга мындай дешти: «Сенин алдыңа алып келген биздин өтүнүчүбүзгө кулак сал, биз үчүн жана мына бул элдин калдыгы үчүн Кудай-Теңириңе сыйын, анткени бизди өзүң көрүп тургандай, биз көп элек, аз калдык.

    42:3 Сенин Кудай-Теңириң бизге кайсы жол менен жүрүүнү жана эмне кылууну көрсөтсүн».

    42:4 Ошондо Жеремия пайгамбар аларга: «Угуп жатам, силердин сөзүңөр боюнча силердин Кудай-Теңириңерге сыйынам, Теңир силер жөнүндө эмне деп жооп берсе, ошонун бардыгын айтам, силерден бир да сөз жашырбайм», – деди.

    42:5 Алар Жеремияга мындай дешти: «үгерде биз сенин Кудай-Теңириң сени бизге эмне деп жиберсе, ошону так аткарбасак, анда Теңир бизге каршы ишенимдүү, чыныгы күбө болсун.

    42:6 Ал жакшы болобу, жаман болобу, биз сени жиберип жаткан Кудай-Теңирибиздин үнүн угабыз. Кудай-Теңирибиздин тилин алсак, бизге жакшы болот».

    Теңирдин Жеремиянын сыйынуусуна берген жообу

    42:7 Арадан он күн өткөндөн кийин, Жеремияга Теңирден сөз болду.

    42:8 Жеремия өзүнө Карейах уулу Жакананды жана аны менен жүргөн бардык аскер башчыларды, бүт элди, кичинесинен чоңуна чейин чакырып алып,

    42:9 аларга мындай деди: «Силер мени өзүңөрдүн өтүнүчүңөр жөнүндө сыйын деп жиберген Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт:

    42:10 “үгерде силер бул жерде кала турган болсоңор, анда Мен силерди жайгаштырам, талкалабайм, силерди отургузам, жок кылбайм, анткени Мен силерге каптаткан алааматым жөнүндө өкүнүп жатам.

    42:11 Силер Бабыл падышасынан коркуп жатасыңар, андан коркпой эле койгула, андан коркпогула, – дейт Теңир, – анткени силерди сакташ үчүн, силерди анын колунан куткарып алыш үчүн, Мен силер мененмин.

    42:12 Мен силерге ырайым кылам, ошондо ал силерге ырайым кылып, силерди өз жериңерге кайтарып жиберет”.

    42:13 үгерде силер: “Бул жерде жашагыбыз келбейт”, – деп, Кудай-Теңириңердин үнүн укпай:

    42:14 “Жок, биз Мисир жерине кетебиз, ал жерде согуш дегенди көрбөйбүз, сурнай үнүн укпайбыз, ачка болбойбуз, ошол жерде жашайбыз”, – дей турган болсоңор,

    42:15 анда азыр, силер, Жүйүттүн калдыгы, Теңирдин сөзүн уккула: Ысрайылдын Кудайы, Себайот Теңир, мындай дейт: “үгерде силер Мисирге кетүүнү биротоло чечкен болсоңор, ал жерге жашаганы барсаңар,

    42:16 анда силер корккон кылыч силерге ошол жерде, Мисир жеринде жетет, силер корккон ачкачылык да силерди ошол жерде, Мисирде дайыма эүрчип жүрөт, ошол жерде өлөсүңөр.

    42:17 Мисирде жашаш үчүн, ошол жакка кетүүнү чечкендердин баары кылычтан, ачарчылыктан жана жугуштуу оорудан кырылат, алардын бири да калбайт, Мен аларга каптаткан алааматтан алардын бири да кутулбайт”.

    42:18 Анткени Ысрайылдын Кудайы, Себайот Теңир, мындай дейт: “Менин каарым менен ачуум Иерусалим тургундарына кандай төгүлсө, Мисирге барганыңарда силерге да ошондой төгүлөт. Силер каргышка калып, силерди көргөн элдин эрөйлөрү учат, жаманатты жана шылдың болосуңар, ошондон кийин бул жерди көрбөйсүңөр”.

    42:19 Силерге, Жүйүттүн калдыгы, Теңир айтып жатат: “Мисирге барбагыла, мен силерге азыр эскертип жатканымды билгиле”.

    42:20 Анткени силер өзүңөргө каршы күнөө кылдыңар: силер мени Кудай-Теңирибизге мындай деп жибердиңер: “Биз үчүн Кудай-Теңирибизге сыйын, Кудай-Теңирибиз эмне десе, ошонун баарын айт, биз аны аткарабыз”.

    42:21 Мен силерге бүгүн айттым, бирок силер Кудай-Теңирибиздин үнүн укпай койдуңар, Ал мени силерге эмне деп жиберсе, ошонун баарын укпай койдуңар.

    42:22 Ошондуктан билип койгула, жашаш үчүн баргыңар келген жерде кылычтан, ачарчылыктан жана жугуштуу оорудан кырыласыңар».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск