Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иеремия 43

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    43-БөЛЄМ

    Жеремиянын Мисирге күч менен алынып кетиши

    43:1 Жеремия бүт элге өздөрүнүн Кудай-Теңиринин бүт сөздөрүн, өзү аркылуу аларга айттырып жиберген сөздөрдүн баарын айтып бергенде,

    43:2 Ошая уулу Азария, Карейах уулу Жаканан жана бардык адепсиз адамдар Жеремияга мындай дешти: «Сен калп айтып жатасың, биздин Кудай-Теңирибиз сени: “Мисирге барбагыла, ал жерде жашабагыла”, – деп айттырыш үчүн жиберген жок.

    43:3 Нейриянын уулу Барух болсо бизди каздимдердин колуна салып берип, бизди өлтүрүш үчүн же бизди Бабылга туткундап кетиш үчүн, сени бизге каршы тукуруп жатат».

    43:4 Ошентип, Карейах уулу Жаканан, бүт аскер башчылары, бардык эл Теңирдин Жүйүт жеринде калгыла деген үнүн укпай коюшту.

    43:5 Анан Карейах уулу Жаканан өзүнүн бүт аскер башчылары менен кайсы элдердин арасына куулуп кетсе, ошол элдердин арасынан кайрадан Жүйүт жеринде жашаш үчүн кайрылып келген жүйүттөрдүн бүт калдыгын,

    43:6 кайтаруучулардын башчысы Небузарадан Сапан уулу, Акикам уулу Гедалия менен калтырган эркектерди, аялдарды, балдарды, падышанын кыздарын жана Жеремия пайгамбарды, Нейрия уулу Барухту алып,

    43:7 Мисир жерине жөнөштү, анткени алар Теңирдин үнүн укпай коюшту. Ошентип, алар Такпанкеске келип жетишти.

    43:8 Ошондо Такпанкесте Жеремияга Теңирден сөз болду:

    43:9 «Колуңа чоң таштарды ал, аларды жүйүттөрдүн көз алдында Такпанкестеги фараондун үйүнө кире бериш жердеги баткакка жашырып кой.

    43:10 Анан аларга мындай деп айт: Ысрайылдын Кудайы, Себайот Теңир, мындай дейт: “Мына, Мен киши жиберип, өзүмдүн кулум Бабыл падышасы Небухаданасарды алып келип, анын тагын өзүм жашырып койгон мына бул таштардын үстүнө коём, ошондо ал таштардын үстүнө өзүнүн чатырын тигет.

    43:11 Ал келип, Мисир жерин талкалайт. өлө турган адам өлүм жазасына тартылат; туткунга кете турган адам туткунга кетет; кылычтан өлө турган адам кылычтан өлөт.

    43:12 Анан Мисир кудайларынын бутканаларына от коём. Ал от аларды өрттөп жиберет, өздөрүн болсо туткун кылат, койчу өз кийимин кийгендей, ал Мисир жерин киет, анан ал жерден тынч чыгат.

    43:13 Мисир жериндеги Бейт-Шемеш таш тирөөчтөрүн талкалайт, Мисир кудайларынын бутканаларын өрттөп жиберет”».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск