Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иеремия 46

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    46-БөЛЄМ

    Мисирдин жеңилиши жөнүндөгү пайгамбарчылык

    46:1 Теңирден Жеремияга бутпарас элдер жөнүндө болгон сөз:

    46:2 Мисир жөнүндө, эфрат дарыясынын жүүгиндеги Каркемиштеги Мисир падышасы Нехо фараондун аскерлери жөнүндө. Ал аскерлерди Бабыл падышасы Небухаданасар Жүйүт падышасы Жошия уулу Жайакимдин падышачылыгынын төртүнчү жылында талкалаган.

    46:3 «Калкандарыңарды, найзаларыңарды камдагыла, анан салгылашка киргиле.

    46:4 Атчан аскерлер, аттарыңарды токуп мингиле, туулгаңарды кийип, катарга тургула, найзаңарды курчуткула, соотуңарды кийгиле!

    46:5 Мен эмнени көрүп турам? Алар коркуп, артка бурулушту. Алардын күчтүүлөрү жеңилип, артын карабай качып бара жатышат. Бардык тараптан коркунуч, – дейт Теңир.

    46:6 Күлүктөр качып кете албайт, эр жүрөк кутула албайт. Алар түндүктө, эфрат дарыясынын жанында, мүдүрүлүп кулашат.

    46:7 Дарыядай көтөрүлүп жаткан бул ким? Суулары агын суулардай долуланып жаткан бул ким?

    46:8 Бул – дарыядай көтөрүлүп жаткан Мисир, анын суулары агын суулардай долуланып жатат. Ал мындай деп жатат: “Мен көтөрүлүп, жерди каптап, шаарды жана анда жашагандарды жок кылам”.

    46:9 Аттарга мингиле, силер да, арабачандар, зымырап жөнөгүлө! Каарман жоокерлер: калкан көтөргөн эфиопия менен Пут, жаа кармап, жебе тарткан луттуктар, майданга чыккыла.

    46:10 Анткени бул күн – Себайот Кудай-Теңирдин өзүнүн душмандарынан өч ала турган өч алуу күнү. Кылыч баарын жеп салат, тоюнат, алардын канын аябай ичип мас болот, анткени бул түндүк жериндеги, эфрат дарыясынын жүүгиндеги, Себайот Кудай-Теңирге арналган курмандык чалуу болот.

    46:11 Кыз, Мисир кызы, Гилатка барып, бальзам ал. Сенин көп дары-дармек колдонгонуң бекер, сен үчүн айыгуу жок.

    46:12 үлдер сенин маскара болгонуңду угушту, өкүрүгүң жер бетин толтурду, анткени күчтүү менен күчтүү кагышты, экөө тең жерге кулады».

    Небухаданасардын кол салышы жөнүндөгү пайгамбарчылык

    46:13 Теңирдин Жеремия пайгамбарга Бабыл падышасы Небухаданасардын Мисир жерин кыйратыш үчүн, кол салары жөнүндө айткан сөзү:

    46:14 «Мисирде жар салгыла жана Мигдолдо билдиргиле, Ноп менен Такпанкесте да билдиргиле: “Катарга тур, камдан, анткени сенин тегерегиңдегилерди кылыч жеп жатат”, – деп айткыла.

    46:15 Сенин күчтүэң эмне үчүн кулады? Ал туруштук берген жок, анткени аны Теңир кулатты.

    46:16 Ал кулагандарды көбөйттү, атүгүл, биринин үстүнө бири кулап, мындай дешти: “Тур, кыйраткыч кылычтан качып, өз элибизге, туулган жерибизге кайталы”».

    46:17 Ал эми ал жерде: «Мисир падышасы фараон жел өпкө, ал белгиленген убакытты өткөрүп жиберди», – деп кыйкырып жатышат.

    46:18 «Мен тирүүмүн, – дейт ысымы Себайот Теңир болгон Падыша, – Табордун тоолор арасында турганы, Кармелдин деңиз жүүгинде экени кандай анык болсо, анын келери да анык.

    46:19 Мисирде жашоочу кыз, көчүш үчүн өзүңө керектүү нерселерди камда, анткени Ноп эүн калат, элсиз чөлгө айланат».

    46:20 Мисир – эң жакшы кунажын, бирок түндүктөн кыргын келе жатат, келе жатат.

    46:21 Анын арасында жүргөн жалданма адамдары борго байланган букачарлар сыяктуу, бирок алар өздөрү да артка бурулуп качып кетишти, туруштук бере алышкан жок, анткени алардын өлө турган күнү, жазалана турган сааты келди.

    46:22 Анын үнү жыландын үнүндөй болуп угулуп жатат, алар аскерлери менен келе жатышат, душмандар отунчулардай болуп, балталары менен ага каршы келишет.

    46:23 «Анын токоюн кыйышат, – дейт Теңир, – анткени алар сансыз, алар чегирткеден да көп, аларга сан жетпейт.

    46:24 Мисир кызы маскара болду, ал түндүктөгү элдин колуна салынып берилди».

    46:25 Ысрайыл Кудайы, Себайот Теңир, мындай дейт: «Мына, Мен Нодогу Амонду, ошондой эле фараонду, Мисирди жана анын кудайларын, падышаларын, фараонду жана ага эмүттөнгөндөрдү жазалайм.

    46:26 Аларды өлтүргүсү келгендердин колуна, Бабыл падышасы Небухаданасардын колуна, анын кулдарынын колуна салып берем, бирок ал ошондон кийин мурунку күндөрдөй элдүү болот», – дейт Теңир.

    Теңирдин Ысрайылга берген убадасы

    46:27 «Сен болсо коркпо, Менин кулум Жакып, эрөйүң учпасын, Ысрайыл. Анткени мына, Мен сени алыскы өлкөдөн куткарып алам, сенин тукумуңду туткундалып кеткен жеринен куткарып алам. Жакып кайрылып келет, кайрадан тынч, жакшы жашап калат, үч ким аны коркутпайт.

    46:28 Коркпо, Менин кулум Жакып, – дейт Теңир, – анткени Мен сени мененмин. Мен сени кайсы элдердин арасына кууп жиберсем, ошол элдерди жок кылам, сени болсо жок кылбайм, бирок сени чеги менен жазалайм, сени жазасыз калтырбайм».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск