Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иоанна 14

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: GEN - BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    14-БөЛЄМ

    Ыйса – Кудайга алып баруучу жол

    14:1 Кайгырбагыла. Кудайга жана Мага ишенгиле.

    14:2 Атамдын үйүндө орун көп. эгерде андай болбосо, Мен силерге айтмакмын. Мен силерге орун даярдаганы бара жатам.

    14:3 Барып, силерге орун даярдап койгондон кийин, кайтып келем да, Мен болгон жерде силер да болууңар үчүн, силерди жаныма алып кетем.

    14:4 Ал эми Менин кайда бара жатканымды, ал жакка алып баруучу жолду силер билесиңер».

    14:5 «Теңир, Сенин кайда бара жатканыңды билбесек, ал жакка алып баруучу жолду кайдан билмек элек?» – деди Томас.

    14:6 Ыйса ага: «Жол, чындык жана өмүр Менмин. Атама Мен аркылуу гана барууга болот, Менсиз үч ким бара албайт.

    14:7 үгерде Мени билсеңер, Атамды да билмексиңер. Ушул убакыттан тартып, Аны билип калдыңар жана көрдүңөр», – деди.

    14:8 Ошондо Филип: «Теңир, бизге Атаңды көрсөт, бизге ошол жетиштүү болот», – деди.

    14:9 Ыйса ага мындай деп жооп берди: «Ушунча убакыттан бери Мен силердин жаныңарда жүрсөм да, сен Мени тааныбайсыңбы, Филип? Мени көргөн адам Атамды да көрдү. “Бизге Атаңды көрсөт”, – дегениң кандай?

    14:10 Менин Атамдын ичинде экендигиме, Атамдын Менин ичимде экендигине ишенбейсиңби? Силерге айткан сөздөрдү Мен өз атымдан айткан жокмун. Менин ичимде жашаган Атам өз иштерин кылып жатат.

    14:11 Мага ишенгиле: Мен Атамдын ичиндемин, Атам Менин ичимде. Сөзүмө ишенбесеңер да, кылып жаткан иштеримди көрүп, Мага ишенгиле.

    Кудайга Ыйсанын атынан сыйынуу

    14:12 Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, Мен кылып жаткан иштерди Мага ишенген адам да кыла алат, атүгүл, алардан да чоң иштерди кыла алат. Анткени Мен Атама кетип жатам.

    14:13 Атасы Уулу аркылуу даңкталышы үчүн, Атамдан Менин ысымым урматына эмнени сурасаңар да, Мен аны аткарам.

    14:14 Менин ысымым урматына эмнени сурасаңар да, Мен аны аткарам.

    14:15 үгерде Мени сүйсөңөр, осуяттарымды аткаргыла.

    Ыйык Рухтун убада кылынышы

    14:16 Мен Атамдан өтүнүп сурайм, Атам силерге башка Сооротуучуну, чындык Рухун берет: Ал түбөлүк силер менен болот,

    14:17 бул дүйнө Аны кабыл ала албайт, анткени Аны көрө да, биле да албайт. Ал эми силер билесиңер, анткени Ал силер менен, силердин ичиңерде болот.

    14:18 Силерди жетимсиретпейм, силерге кайра келем.

    14:19 Бир аз убакыттан кийин бул дүйнө Мени көрбөй калат, ал эми силер Мени көрөсүңөр. Мен жашап жаткандыктан, силер да жашайсыңар.

    14:20 Мен Атамдын ичинде экендигимди, силер Менин ичимде экендигиңерди, Мен силердин ичиңерде экендигимди ошол күнү түшүнөсүңөр.

    14:21 Ким Менин осуяттарымды билсе жана аткарса, ал Мени сүйөт. Ал эми Мени сүйгөн адамды Атам сүйөт. Аны Мен да сүйөм жана ага өзүмдү ачып берем».

    14:22 Ошондо Жүйүт (Искариот эмес) Ыйсадан: «Теңир, эмне үчүн Сен өзүңдү дүйнөгө эмес, бизге тааныткың келип жатат?» – деп сурады.

    14:23 Ыйса ага мындай деп жооп берди: «Ким Мени сүйсө, ал Менин сөзүмдү аткарат. Ошондо аны Атам сүйөт, Биз ага келип, анын ичинен орун алабыз.

    14:24 Мени сүйбөгөн адам Менин сөздөрүмдү аткарбайт. Силер уккан сөз Меники эмес, Мени жиберген Атамдыкы.

    Ыйсанын өлүмгө даяр болушу

    14:25 Мен бул сөздөрдү силердин араңарда жүргөндө айттым.

    14:26 Менин ысымым урматына Атам жибере турган Сооротуучу, Ыйык Рух, силерге баарын эйрөтөт жана Мен айткан сөздөрдүн баарын эсиңерге салат.

    14:27 Силерге тынчтык калтырып жатам, силерге өз тынчтыгымды берип жатам. Менин силерге бергеним бул дүйнөнүн бергениндей эмес. Кайгырбагыла жана коркпогула.

    14:28 “Кетем, бирок силерге кайра келем”, – деп айтканымды уктуңар. эгерде Мени сүйсөңөр, анда Менин: “Атама барам”, – деп айтканыма кубанмаксыңар, анткени Атам Менден улук.

    14:29 Мага ишенип калышыңар үчүн, Мен бул сөздөрдү алдын ала айттым. Алар аткарылгандан кийин, силер Мага ишенип каласыңар.

    14:30 үми Мен силер менен көп нерсени сүйлөшө албайм. Анткени бул дүйнөнүн төрөсү келе жатат. Менин үстүмөн анын үч кандай бийлиги жок.

    14:31 Бирок дүйнө билсин: Мен Атамды сүйөм, Атам Мага эмнени осуят кылган болсо, Мен ошону аткарам. Тургула, бул жерден кетели.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск