Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иоанна 15

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: GEN - BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    15-БөЛЄМ

    Машайак – жүзүм Сабагы

    15:1 Мен чыныгы жүзүм Сабагымын, Атам болсо – Жүзүмчү.

    15:2 Мендеги жемиш бербеген ар бир бутакты Ал кесип таштайт. Ал эми жемиш берип жаткан ар бир бутакты дагы көбүрөөк жемиш берсин деп тазалайт.

    15:3 Силер Менин сөзүм аркылуу тазартылдыңар.

    15:4 Менин ичимде болгула, ошондо Мен силердин ичиңерде болом. Сабактан ажыраган бутак жемиш бере албайт. Ошол сыяктуу эле силер да Менин ичимде болбосоңор, жемиш бере албайсыңар.

    15:5 Мен Сабакмын, силер болсо бутактарсыңар. Ким Менин ичимде болсо, Мен анын ичинде болсом, ал көп жемиш берет. Анткени силер Менсиз үч нерсе кыла албайсыңар.

    15:6 Ким Менин ичимде болбосо, ал бутак сыяктуу сыртка ыргытылат да куурап калат. Андай бутактарды чогултуп, отко ыргытышат, алар күйүп кетет.

    15:7 үгерде Менин ичимде болсоңор, Менин сөздөрүм силердин ичиңерде болсо, эмне кааласаңар да сурагыла, силерге берилет.

    15:8 үгерде силер көп жемиш берсеңер, Атам даңкталат, Менин шакирттерим болосуңар.

    Сүйүү жөнүндө

    15:9 Атам Мени кандай сүйсө, Мен силерди ошондой сүйөм. Силерде Менин сүйүүм болсун.

    15:10 Мен Атамдын осуяттарын аткаргандыктан, Менде Анын сүйүүсү бар. Ошол сыяктуу эле Менин осуяттарымды аткарсаңар, силерде Менин сүйүүм болот.

    15:11 Силерде Менин кубанычым болсун деп, силерде толук кубаныч болсун деп, Мен силерге ушул сөздөрдү айттым.

    15:12 Менин осуятым бул: бири-бириңерди Мен силерди сүйгөндөй сүйгүлө.

    15:13 Достору үчүн өз жанын берип коюудан өткөн сүйүү жок.

    15:14 үгерде силер Менин айткан сөздөрүмдү аткарсаңар, Менин досторумсуңар.

    15:15 Мындан ары силерди кул дебейм, анткени кул өз кожоюнунун эмне кылып жатканын билбейт. Мен силерди досторум дедим, анткени силерге Атамдан уккандарымдын баарын айтып бердим.

    15:16 Силер Мени тандаган жоксуңар, Мен силерди тандап алдым. Барып, жемиш берсин деп, жемишиңер туруктуу болсун деп, силерди дайындадым. Ошондо Атамдан Менин ысымым урматына эмне сурасаңар да, Ал силерге берет.

    15:17 Силерге бере турган осуятым бул: бири-бириңерди сүйгүлө.

    Ыйсага ишенген адам жана дүйнө

    15:18 үгерде бул дүйнө силерди жек көрсө, силерден мурун Мени жек көргөнүн билгиле.

    15:19 үгерде силер бул дүйнөнүкү болсоңор, анда дүйнө өзүнүкүн сүймөк. Силер бул дүйнөнүкү эмессиңер, Мен силерди бул дүйнөдөн тандап алдым, ошондуктан бул дүйнө силерди жек көрөт.

    15:20 “Кул өз кожоюнунан жогору эмес” деген сөзүм эсиңерде болсун. эгерде Мени кубалашкан болсо, силерди да кубалашат. эгерде Менин сөзүмдү угушкан болсо, силерди да угушат.

    15:21 Мунун баарын силерге Менин ысымым үчүн кылышат, анткени Мени жиберген Кудайды билишпейт.

    15:22 үгерде Мен келбесем, аларга айтпасам, аларда күнөө жок болмок. Азыр болсо алардын күнөөлөрү үчүн кечирим жок.

    15:23 Ким Мени жек көрсө, ал Атамды да жек көрөт.

    15:24 үгерде Мен аларга Менден башка үч ким кылбаган иштерди көрсөтпөгөн болсом, аларда күнөө жок болмок. Алар көрүштү, бирок Мени да, Атамды да жек көрүшөт.

    15:25 Алардын мыйзамындагы “Мени себепсиз эле жек көрүшөт” деген сөз аткарылышы үчүн ушундай болду.

    Ыйсага ишенген адам жана Ыйык Рух

    15:26 Мен силерге Сооротуучуну жиберем. Атамдан чыгып келе турган Ал чындык Руху келгенде, силерге Мен жөнүндө күбөлөндүрөт.

    15:27 Силер да күбөлөндүрөсүңөр, анткени башынан бери Менин жанымда болдуңар.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск