Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иоанна 16

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: GEN - BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    16-БөЛЄМ

    Ыйсага ишенгендердин куугунтукталары жөнүндө

    16:1 Буларды Мен силерге азгырылып кетпешиңер үчүн айттым.

    16:2 Силерди синагогалардан кууп чыгарышат, атүгүл, силерди өлтүрүп жаткан адам: “Кудайга кызмат кылып жатам!” – деп ойлогон күндөр келет.

    16:3 Алар Атамды да, Мени да тааныбагандыктан, ушундай кылышат.

    16:4 Ошол күндөр келгенде, ушул айткандарымды үстешиңер үчүн, Мен буларды силерге алдын ала айттым. Бул жөнүндө мурун айтпаганымдын себеби: Мен силердин жаныңарда элем.

    16:5 Азыр болсо Мен Мени Жибергенге бара жатам. Бирок үч кимиңер Менден: “Кайда бара жатасың?” – деп сураган жоксуңар.

    16:6 Айткан сөздөрүмдөн улам жүрөгүңөр кайгыга толду.

    Ыйык Рухтун кызматы

    16:7 Бирок силерге чындыкты айтып коёюн, Менин кеткеним силер үчүн жакшы! эгерде кетпесем, силерге Сооротуучу келбейт. эгерде кетсем, Аны силерге жиберем.

    16:8 Ал келип, бул дүйнөнүн күнөөсүн ашкере кылат, адилдик жана келечектеги сот жөнүндө билдирет.

    16:9 Бул дүйнөнүн күнөөсү – Мага ишенбегендиги.

    16:10 Адилдик – Менин Атама бараткандыгым. Мындан ары силер Мени көрбөйсүңөр.

    16:11 Ал эми сот – бул дүйнөнүн төрөсү шайтандын соттолгондугу.

    16:12 Силерге айта турган сөзүм көп, бирок азыр силер түшүнө албайсыңар.

    16:13 Чындык Руху келгенде, силерди чындыкка эйрөтөт. Ал өз атынан сүйлөбөйт, эмнени укса, ошону айтат жана силерге келечекте эмне болорун билдирет.

    16:14 Ал Мени даңктайт, анткени Менден алганын силерге билдирет.

    16:15 Атамда эмне болсо, ошонун баары Меники, ошондуктан Мен: “Менден алганын силерге билдирет”, – деп айттым.

    Ыйсанын өлүмү жана экинчи жолку келүүсү

    16:16 Бир аз убакыттан кийин силер Мени көрбөй каласыңар, дагы бир аз убакыттан кийин кайра көрөсүңөр, анткени Мен Атама бара жатам».

    16:17 Ошондо Ыйсанын күү бир шакирттери: «“Бир аз убакыттан кийин Мени көрбөй каласыңар, дагы бир аз убакыттан кийин кайра көрөсүңөр”, “Атама бара жатам”, – дегенин кандай түшүнсө болот?

    16:18 “Бир аз убакыттан кийин”, – дегени эмнеси? эмне жөнүндө айтып жатканын түшүнгөн жокпуз», – дешти.

    16:19 Ыйса алардын эмне жөнүндө сурагылары келип жатканын билип, мындай деди: «“Бир аз убакыттан кийин Мени көрбөй каласыңар, дагы бир аз убакыттан кийин кайра көрөсүңөр”, – деп айтканым жөнүндө бири-бириңерден сурап жатасыңарбы?

    16:20 Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, силер боздоп ыйлайсыңар, бул дүйнө болсо кубанат. Кайгырасыңар, бирок кайгыңар кубанычка айланат.

    16:21 Төрөр маалы келген аял толгоо тартып кыйналат. Төрөгөндөн кийин, дүйнөгө наристе келди деп, кубанганынан кыйналганын унутуп коёт.

    16:22 Ошол сыяктуу эле силер да азыр кайгырып жатасыңар. Бирок Мен силерди кайра көрөм, ошондо жүрөгүңөр кубанычка толот жана ал кубанычты силерден үч ким тартып албайт.

    Шакирттерге айтылган акыркы сөз

    16:23 Ошол күнү силер Менден үч нерсе сурабайсыңар. Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, Атамдан Менин ысымым урматына эмне сурасаңар да, Ал берет.

    16:24 Буга чейин силер Менин ысымым урматына үч нерсе сураган жоксуңар. Кубанычыңар толук болуш үчүн сурагыла, аласыңар!

    16:25 Ушул убакка чейин Мен силерге элгү-насаат аңгемелер менен сүйлөдүм. Атам жөнүндө элгү-насаат аңгемелер менен эмес, ачык айта турган убак келет.

    16:26 Ошол күнү Атамдан Менин ысымым урматына сурайсыңар. Ошондо Мен силерге: “Атамдан силер үчүн өтүнүп сурайм”, – деп айтпайм.

    16:27 Анткени Атам өзү силерди сүйөт. Себеби силер Мени сүйөсүңөр жана Кудайдан келгениме ишендиңер.

    16:28 Мен бул дүйнөгө Атамдан келдим. Азыр болсо бул дүйнөнү таштап, кайра Атама бара жатам».

    16:29 Ошондо шакирттери: «Мына азыр элгү-насаат аңгемесиз, ачык айттың.

    16:30 Биз азыр Сенин баарын билериңди билдик. Сага суроо берүүнүн деле кереги жок экен, анткени Сен биз сурай электе эле эмнени сурарыбызды билесиң, ошондуктан Кудайдан келгендигиңе ишенебиз», – дешти.

    16:31 Ошондо Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Азыр ишенип жатасыңарбы?

    16:32 Мына, ар кимиңер ар кайсы жакка чачырап кете турган убак келе жатат, атүгүл, келип да калды. Силер Мени жалгыз таштап кетесиңер. Бирок Мен жалгыз эмесмин, анткени Атам Мени менен.

    16:33 Мен муну силерге Менин тынчтыгым силерде болсун деп айттым. Бул дүйнөдө азап тартасыңар, бирок кайраттуу болгула, анткени Мен бул дүйнөнү жеңдим».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск