Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иоанна 17

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: GEN - BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    17-БөЛЄМ

    Ыйсанын сыйынуусу

    17:1 Ыйса ушул сөздөрдү айткандан кийин, асманды карап, мындай деди: «Ата! Убагы келди. Уулуңду даңкта, Уул да Сени даңктасын.

    17:2 Сен Ага ар бир адамдын үстүнөн бийлик бердиң. өзүң Ага кимдерди берсең, ошолордун баарына Ал түбөлүк өмүр берет.

    17:3 Ал түбөлүк өмүр – жалгыз чыныгы Кудай Сени жана өзүң жиберген Ыйса Машайакты таануу.

    17:4 Мага тапшырган ишиңди аткарып, Мен Сени жер үстүндө даңктадым.

    17:5 үми Мени Сен өз ичиңде даңкта, Ата! Мени дүйнө жаратыла электен мурун эле Сенин ичиңде эү болгон даңкыма бөлө.

    17:6 Дүйнөдөн тандап, Мага берген адамдарыңа Мен Сенин ысымыңды ачып бердим. Алар Сеники болчу, Мага бердиң, алар Сенин сөзүңдү кабыл алышты.

    17:7 Алар азыр Мага бергениңдин баары Сенден экендигин түшүнүштү.

    17:8 Анткени Мага берген сөздөрүңдү Мен аларга айттым, алар кабыл алышты жана Менин Сенден келгендигимди чындап түшүнүп, Мени Сен жибергендигиңе ишеништи.

    17:9 Мен алар үчүн өтүнөм: бүт дүйнө үчүн эмес, Мага бергендериң үчүн өтүнөм. Анткени алар Сеники.

    17:10 Мендегинин баары – Сеники, Сендегинин баары – Меники, Мен алар аркылуу даңкталдым.

    17:11 Мен азыр бул дүйнөнү таштап, Сага бара жатам. Алар болсо бул дүйнөдө. Ыйык Ата, Мага кимдерди берген болсоң, ошолорду өз ысымың үчүн сакта, алар да Биз сыяктуу бир болушсун.

    17:12 Мен бул дүйнөдө алар менен бирге жүргөнүмдө, аларды өз ысымың үчүн сактадым. Мага кимдерди берген болсоң, ошолорду сактадым. Ыйык Жазууда жазылгандай, өлүм уулунан башка үч кимиси өлгөн жок.

    17:13 Азыр болсо Сага бара жатам. Бирок Менин кубанычым аларда толугу менен болсун деп, буларды бул дүйнөдө экенимде айтып жатам.

    17:14 Аларга Сенин сөзүңдү айттым. Мен сыяктуу эле алар да бул дүйнөдөн эмес, ошондуктан бул дүйнө аларды жек көрүп калды.

    17:15 Мен Сенден аларды бул дүйнөдөн алып кетүэңдү өтүнбөйм, шайтандан сактооңду өтүнөм.

    17:16 Мен сыяктуу эле алар да бул дүйнөдөн эмес.

    17:17 Аларды өзүңдүн чындыгың аркылуу ыйыкта. Сенин сөзүң – чындык.

    17:18 Сен Мени бул дүйнөгө жибергендей эле, Мен да аларды бул дүйнөгө жибердим.

    17:19 Алар да чындык аркылуу ыйыкталышы үчүн, Мен өзүмдү аларга арнайм.

    17:20 Алар үчүн гана эмес, алардын сөзү аркылуу Мага ишенип калгандар үчүн да өтүнөм.

    17:21 Алардын бардыгы бир болушсун. Ата, Сен Менин ичимде болгондой, Мен Сенин ичиңде болгонумдай, алар Биздин ичибизде бир болушсун. Мени Сен жибергендигиңе дүйнө ишенсин.

    17:22 Алар да Биз сыяктуу бир болушу үчүн, Мага берген даңкыңды аларга бердим.

    17:23 Алардын ортосунда толук биримдик болушу үчүн, Сен Менин ичимде болгондой, Мен алардын ичинде болоюн. Мени Сен жибергендигиңди, Мени кандай сүйсөң, аларды да ошондой сүйөрүңдү дүйнө билсин.

    17:24 Ата! Сенин Мага бергендериң да Мен болгон жерде Мени менен бирге болушун жана Мага берген даңкыңды көрүшүн каалайм. Анткени Сен Мени дүйнө жаратыла электе эле сүйчүсүң.

    17:25 Оо, адилеттүү Ата! Бул дүйнө Сени тааныган жок, бирок Мен Сени тааныйм. Ал эми булар Мени Сен жибергендигиңди түшүнүштү.

    17:26 Сенин Мага болгон сүйүэң алардын ичинде болушу үчүн, Мен алардын ичинде болушум үчүн, Мен Сенин ысымыңды аларга ачып бердим жана ачып бере берем».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск