Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иоанна 18

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    18-БөЛЄМ

    Ыйса Гетсемани багында

    18:1 Ыйса ушул сөздөрдү айткандан кийин, шакирттери менен ал жерден чыгып, Кидрон суусунун наркы өйүзүнө өттү. Ал жерде бир бак бар эле. Ыйса шакирттери менен ошол бакка кирди.

    Жүйүттүн чыккынчылыгы

    18:2 Ыйса ал жерде шакирттери менен тез-тез чогулуп тургандыктан, Ага чыккынчылык кылган Жүйүт да ал жерди билчү.

    18:3 Ал бир топ аскерди жана башкы ыйык кызмат кылуучулар менен фарисейлердин кызматчыларын эүрчитип келип калды. Алардын колунда шамана, чырак жана курал бар эле.

    18:4 өзүн эмне күтүп турганын толук билген Ыйса алардан: «Кимди издеп жүрөсүңөр?» – деп сурады.

    18:5 Алар Ага: «Назареттик Ыйсаны!» – деп жооп беришти. Ошондо Ыйса аларга: «Менмин», – деди. Чыккынчы Жүйүт да алар менен турган эле.

    18:6 Ыйса аларга: «Менмин», – дегенде, алар артка кетенчиктеп, жерге жыгылышты.

    18:7 Ыйса алардан дагы бир жолу: «Кимди издеп жүрөсүңөр?» – деп сурады. «Назареттик Ыйсаны», – деп жооп беришти алар.

    18:8 Ыйса аларга: «“Менмин”, – деп, Мен силерге айттым. эгерде Мени издеп жүрсөңөр, буларды коё бергиле, кете беришсин», – деди.

    18:9 Анын «Мага бергендериңдин үч кимиси өлгөн жок» деген сөзү аткарылышы үчүн ушундай болду.

    18:10 Ошондо Шымон Петир кылычын кынынан сууруп алып, башкы ыйык кызмат кылуучунун кулунун оң кулагын шылый чапты. Кулдун аты Малкос эле.

    18:11 Бирок Ыйса Петирге: «Кылычыңды кынына сал! Атам берген чөйчөктөн ичпей коймок белем?» – деди.

    Ыйса башкы ыйык кызмат кылуучулардын алдында. Петирдин Ыйсадан баш тартуусу

    18:12 Миң башы менен аскерлер жана жүйүт башчыларынын кызматчылары Ыйсаны кармап алып, байлашты да,

    18:13 адегенде Анаска алып барышты. Ал ошол жылы башкы ыйык кызмат кылуучу болуп турган Кайапанын кайнатасы эле.

    18:14 «үл үчүн бир адамдын өлгөнү жакшы», – деп, жүйүт башчыларына кеңеш берген ошол Кайапа эле.

    18:15 Шымон Петир менен дагы бир шакирт Ыйсанын артынан бара жатышты. Ал шакирт башкы ыйык кызмат кылуучунун таанышы болгондуктан, анын короосуна Ыйса менен бирге кирди.

    18:16 Петир болсо дарбазанын сыртында калды. Башкы ыйык кызмат кылуучунун таанышы болгон жанагы шакирт сыртка чыгып, дарбазачы күң менен сүйлөшүп, Петирди да киргизди.

    18:17 Дарбазачы күң Петирден: «Сен да Ушул Адамдын шакирттеринен эмессиңби?» – деп сурады. Петир ага: «Жок», – деп жооп берди.

    18:18 Күн суук болгондуктан, кулдар менен кызматчылар от жагып алып, отту тегеректеп жылынып турушту. Петир да алардын жанында жылынып турду.

    18:19 Башкы ыйык кызмат кылуучу болсо Ыйсадан шакирттери жана окутуусу жөнүндө сурады.

    18:20 Ыйса ага мындай деп жооп берди: «Мен жүйүттөр ар дайым чогулган жерде, синагогаларда жана ийбадатканада элди окутуп жүрдүм. элге ачык сүйлөдүм, жашыруун сүйлөгөн жокмун.

    18:21 үмне үчүн Менден сурап жатасың? Менин эмне жөнүндө сүйлөп жүргөнүмдү уккандардан сура. Алар Менин эмне жөнүндө сүйлөгөнүмдү билишет».

    18:22 Ыйса ушинтип айтканда, ошол жерде турган кызматчылардын бири Аны жаакка чаап жиберди да: «Башкы ыйык кызмат кылуучуга да ушинтип жооп бересиңби?» – деди.

    18:23 Ошондо Ыйса ага: «үгерде туура эмес айтсам, туура эмес экенин көрсөт. эгерде айтканым туура болсо, Мени эмнеге уруп жатасың?» – деди.

    18:24 Ушундан кийин Анас Ыйсаны байлануу бойдон башкы ыйык кызмат кылуучу Кайапага жиберди.

    18:25 Шымон Петир болсо дагы эле отко жылынып турган. Ошол учурда андан: «Сен да Анын шакирттеринен эмессиңби?» – деп сурашты. Ал болсо: «Жок», – деп танып койду.

    18:26 Ошондо башкы ыйык кызмат кылуучунун кулдарынын бири, Петир кулагын шылый чапкан кулдун тууганы: «Мен сени бактан, Анын жанынан көргөндөй болуп жатам», – деди.

    18:27 Петир дагы танып койду. Ошол учурда короз кыйкырды.

    Ыйса Пилаттын алдында

    18:28 үртеси таң заардан жүйүт башчылары Ыйсаны Кайапаныкынан Пилаттын ак сарайына алып келишти, бирок өздөрү киришкен жок. Анткени алар таза эмес болуп эсептелип, Пасах тамагын жей албай калышмак.

    18:29 Пилат чыгып, алардан: «Бул Адамга кандай айып коюп жатасыңар?» – деп сурады.

    18:30 «үгерде жамандык кылбаса, Аны сенин алдыңа алып келмек эмеспиз», – деп жооп беришти алар.

    18:31 Ошондо Пилат аларга: «Аны алып кеткиле да, өз мыйзамыңар боюнча соттой бергиле», – деди. Жүйүт башчылары ага: «Бирөөнү өлүм жазасына тартууга бизге тыюу салынган», – дешти.

    18:32 өзүнүн кандай өлүм менен өлөрүн алдын ала айткан Ыйсанын сөзү аткарылышы үчүн ушундай болду.

    18:33 Пилат ак сарайга кайра кирип, Ыйсаны чакыртып алды да: «Сен жүйүттөрдүн Падышасысыңбы?» – деп сурады.

    18:34 Ыйса ага: «Муну сен өзүң айтып жатасыңбы же Мен жөнүндө сага бирөө айттыбы?» – деди.

    18:35 Пилат ага: «Мен, эмне, жүйүт белем! Сени мага өз элиң жана башкы ыйык кызмат кылуучулар алып келишти. эмне кылдың эле?» – деди.

    18:36 Ыйса ага мындай деп жооп берди: «Менин Падышачылыгым бул дүйнөдөн эмес. эгерде Менин Падышачылыгым бул дүйнөдөн болсо, анда кызматчыларым Мени жүйүттөрдүн колуна түшүрбөө үчүн күрөшүшмөк. Менин Падышачылыгым бул дүйнөдөн эмес».

    18:37 Ошондо Пилат Ага: «Демек, Сен Падыша экенсиң да?» – деди. Ыйса ага: «өзүң айтып жатасың. Мен Падышамын. Мен чындык жөнүндө күбөлөндүрүү үчүн төрөлгөм жана ошол үчүн бул дүйнөгө келгем. Ким чындык тарапта болсо, ал Менин үнүмдү угат», – деди.

    18:38 Пилат Андан: «Чындык деген эмне?» – деп сурады да, кайра чыгып, элге мындай деди: «Мен Андан үч кандай айып тапкан жокмун.

    Ыйса жана Барабба

    18:39 Силердин салтыңар боюнча Пасах майрамы сайын бир туткунду бошотуп берчү эмес белем. Каалайсыңарбы, мен силерге жүйүт Падышасын бошотуп берейин?»

    18:40 Ошондо алар: «Аны эмес, Бараббаны!» – деп кыйкырышты. Барабба болсо кылмышкер эле.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск