Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иоанна 19

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    19-БөЛЄМ

    Ыйсага тикенек таажы кийгизүү

    19:1 Ушундан кийин Пилат Ыйсаны камчы менен сабаттырды.

    19:2 Аскерлер тикенектен таажы өрүп, Ыйсанын башына кийгизишти да, үстүнө кочкул кызыл түстөгү чапан жабышты.

    19:3 Анан алар: «Салам, жүйүт Падышасы!» – деп, Аны жаакка чапкылашты.

    Пилат жана Ыйса эл алдында

    19:4 Пилат кайра сыртка чыгып: «Аны силердин алдыңарга алып чыгам. Бирок билип койгула, мен Андан үч кандай күнөө тапкан жокмун», – деди.

    19:5 Ошондо башына тикенек таажы, үстүнө кочкул кызыл чапан кийген Ыйса сыртка чыкты. Пилат аларга: «Мына, Ал Адам!» – деди.

    19:6 Башкы ыйык кызмат кылуучулар менен алардын кызматчылары Ыйсаны көрүшкөндө: «Аны айкаш жыгачка када! Айкаш жыгачка када!» – деп кыйкырышты. Пилат аларга: «Алып кеткиле да, өзүңөр кадагыла! Мен Андан үч кандай күнөө тапкан жокмун!» – деди.

    19:7 Жүйүт башчылары ага мындай деп жооп беришти: «Бизде мыйзам бар, ошол мыйзам боюнча Ал өлүүгө тийиш. Анткени Ал өзүн Кудайдын Уулумун деп айтып жатат».

    19:8 Пилат бул сөздү укканда, мурункудан да катуу коркуп кетти.

    19:9 Кайра ак сарайга кирип, Ыйсадан: «Кайсы жерденсиң?» – деп сурады. Бирок Ыйса ага жооп берген жок.

    19:10 Ошондо Пилат ага: «Мага жооп бергиң келбейби? Сени айкаш жыгачка кадатуу да, бошотуп жиберүү да менин колумда экенин билбейсиңби?» – деди.

    19:11 Ыйса ага: «Асмандан берилбесе, Менин үстүмдөн үч кандай бийлик кыла алмак эмессиң. Ошондуктан Мени сенин колуңа салып берген адамдын күнөөсү көбүрөөк», – деп жооп берди.

    19:12 Ошол убакыттан тартып, Пилат Ыйсаны бошотуунун жолун издей баштады. Бирок жүйүттөр: «үгерде Аны бошотуп жиберсең, анда сен Рим падышасынын досу эмессиң! өзүн падыша эсептеген адам Рим падышасына каршы», – деп кыйкырышты.

    19:13 Пилат бул сөздү укканда, Ыйсаны сыртка чыгартты. Анан ал грекче «Литостротон», эврейче «Габбата» деп аталган аянттагы сот тагына отурду. Бул «Таш аянт» деп которулат.

    19:14 Ошол күн Пасах майрамынын алдындагы жума күн эле. Алтынчы саат чамасы болчу. Пилат жүйүттөргө: «Мына, силердин Падышаңар!» – деди.

    19:15 Бирок алар: «Жогот, жогот Аны! Айкаш жыгачка када!» – деп кыйкырышты. Пилат алардан: «Падышаңарды айкаш жыгачка кадайынбы?» – деп сурады. Башкы ыйык кызмат кылуучулар ага: «Рим падышасынан башка падышабыз жок», – деп жооп беришти.

    Ыйсанын айкаш жыгачка кадалышы жана өлүшү

    19:16 Акырында Пилат Ыйсаны айкаш жыгачка кадатуу үчүн, алардын колуна салып берди. Алар Ыйсаны алып кетишти.

    19:17 Ыйса өзүнүн айкаш жыгачын көтөрүп, «Баш сөөгү» деп аталган жерге жөнөдү. Бул жердин эврейче аталышы – Голгофа.

    19:18 Аны ошол жерде айкаш жыгачка кадашты. Ыйсанын эки жагына дагы эки адам айкаш жыгачка кадалды.

    19:19 Пилат тактайча жасаттырып, анын бетине: «Назареттик Ыйса – жүйүттөрдүн Падышасы», – деп жаздырды да, айкаш жыгачтын өйдө жагына илдирип койду.

    19:20 Бул жазууну жүйүттөрдүн көпчүлүгү окушту, анткени Ыйса айкаш жыгачка кадалган жер Иерусалим шаарынан алыс эмес болчу. Жазуу эврей, латын жана грек тилдеринде жазылган эле.

    19:21 Жүйүттөрдүн башкы ыйык кызмат кылуучулары болсо Пилатка мындай дешти: «“Жүйүттөрдүн Падышасы” деп эмес, “Ал: "Мен жүйүттөрдүн Падышасымын", – деди” деп жаз».

    19:22 Пилат аларга: «Болду, жазарымды жаздым», – деп жооп берди.

    19:23 Аскерлер болсо Ыйсаны айкаш жыгачка кадагандан кийин, Анын кийимин бөлүп алышты. Анын кийимин төрт аскер бөлүп алды. Анын узун көйнөгүн да алышты. Ал тигилген эмес, токулган көйнөк эле.

    19:24 Ошондуктан алар бири-бирине: «Муну айрыбай, өкчөмө таш ыргытып, кимге тиерин билели», – дешти. Ыйык Жазуудагы «Менин көйнөгүмдү өз ара бөлүп алышты, Менин кийимим үчүн өкчөмө таш ыргытышты» деген сөз аткарылышы үчүн ушундай болду. Аскерлер ушундай кылышты.

    19:25 Ыйса кадалган айкаш жыгачтын жанында Анын энеси, таежеси, Клеопанын аялы Мариям жана магдалалык Мариям карап турушкан эле.

    19:26 Ыйса энесин жана анын жанында турган сүйүктүү шакиртин көргөндө: «Аял! Бул сенин уулуң!» – деди.

    19:27 Андан кийин шакиртине: «Бул эми сенин энең болсун!» – деди. Ошол убакыттан баштап, ошол шакирти Ыйсанын энесин колуна алды.

    19:28 Ошондон кийин Ыйса баары аткарылганын билип: «Суусадым», – деди. Ыйык Жазуудагы сөздүн аткарылышы үчүн ушундай болду.

    19:29 Ошол жерде ачуу ичимдик куюлган бир идиш турган эле. Аскерлер ага соргучту малып, аны иссоп бутагына байлап, Ыйсанын оозуна такашты.

    19:30 Ыйса аны таткандан кийин: «Аткарылды!» – деди. Анан Анын башы шылк дей түштү. Ошентип, Ал жан берди.

    19:31 Ал күн жума күн болгондуктан, жүйүттөр алардын ишембиге чейин айкаш жыгачта калышын каалашкан жок. Ошондуктан алар Пилатка барып, алардын буттарын сындырып, өздөрүн жыгачтан түшүртүп салуусун суранышты. Анткени ал ишемби күн улуу күн эле.

    19:32 Ошентип, аскерлер келишти да, Ыйсанын жанына кадалган эки адамдын буттарын сындырышты.

    19:33 Ыйсанын жанына келип, Анын өлүп калганын көрүшкөндө, Анын бутун сындырышкан жок.

    19:34 Бирок аскерлердин бири Ыйсаны найза менен кабыргага сайды. Ошол замат кан менен суу акты.

    19:35 Муну өз көзү менен көргөн адам күбөлөндүрүп жатат жана анын күбөлөндүрүүсү чындык. Ал өзүнүн чындыкты айтып жатканын билет. Ал силердин да ишенип калышыңар үчүн күбөлөндүрүп жатат.

    19:36 Ыйык Жазуудагы «Анын сөөгү сындырылбасын» деген сөздүн аткарылышы үчүн ушундай болду.

    19:37 Ыйык Жазуунун дагы бир жеринде: «Алар өздөрү найза менен сайган Адамды көрүшөт», – деп жазылган.

    Ыйсанын көргө коюлушу

    19:38 Андан кийин ариматаялык Жусуп Пилаттан Ыйсанын сөөгүн айкаш жыгачтан түшүрүп алууга уруксат сурады. Ал Ыйсанын шакирти эле, бирок жүйүттөрдөн корккондуктан, ишенгенин жашырып жүрчү. Пилат уруксат берди. Жусуп барып, сөөктү түшүрүп алды.

    19:39 Бир жолу Ыйсага түн жамынып келип кеткен Никедим да ушул жерге келди. Ал жыпар жыттуу смирна майы менен алой чайырынын аралашмасынан жүз фунттай ала келди.

    19:40 Алар жүйүттөрдүн сөөк коюу салты боюнча Ыйсанын сөөгүн жыпар жыттуу май менен майлап, кепиндешти.

    19:41 Ыйса айкаш жыгачка кадалган жерде бир бак бар эле. Ал бакта үч ким коюла элек бир мүрзө бар болчу.

    19:42 Ал күн жүйүттөрдүн жума күнү болгондуктан, анын үстүнө, мүрзө жакын болгондуктан, алар Ыйсанын сөөгүн ошол мүрзөгө коюшту.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск