Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иоанна 20

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    20-БөЛЄМ

    Ыйсанын тирилиши

    20:1 Жуманын биринчи күнү эртең менен эрте, жарык кире электе магдалалык Мариям мүрзөгө келип, анын оозундагы таштын жылдырылып калганын көрдү.

    20:2 Ошондо ал Шымон Петирге жана Ыйсанын сүйгөн шакиртине жүгүрүп барып: «Теңирибизди мүрзөдөн алып кетишиптир! Аны кайсы жерге коюшканын билбейбиз», – деди.

    20:3 Петир менен ошол шакирт дароо мүрзөгө бет алышты.

    20:4 үкөө тең чуркап бара жатышты. Тиги шакирт Петирге караганда батыраак чуркап, мүрзөгө биринчи жетти.

    20:5 Ал мүрзөнүн ичин үңкейип карап, кепинди көрдү, бирок мүрзөгө кирген жок.

    20:6 Анын артынан Шымон Петир жетип келип, мүрзөгө кирди.

    20:7 Ал кепинди жана Ыйсанын башын орогон орогучту гана көрдү, бирок орогуч кепин менен бирге эмес, оролуу боюнча бөлөк жаткан эле.

    20:8 Анан биринчи келген шакирт да мүрзөгө кирди. Ал көрүп, ишенди.

    20:9 Анткени алар Ыйсанын тирилиши керектиги жөнүндө айтылган Ыйык Жазуудагы сөздөрдү түшүнүшө элек болчу.

    20:10 Анан шакирттер үйлөрүнө кайтышты.

    Тирилгенден кийин Ыйсанын Мариямга көрүнүшү

    20:11 Мариям болсо мүрзөнүн жанында ыйлап турду. Ал ыйлап жатып, мүрзөнүн ичин үңкейип карап,

    20:12 ак кийимчен эки периштени көрдү. Бирөө Ыйсанын сөөгү коюлган жердин баш жагында, экинчиси аяк жагында отурган экен.

    20:13 Алар Мариямдан: «Аял, эмнеге ыйлап жатасың?» – деп сурашты. «Теңиримди алып кетишиптир, Аны кайсы жерге коюшканын билбейм», – деп жооп берди ал периштелерге.

    20:14 Ушинтип айткандан кийин, ал артына бурулуп, туруп турган Ыйсаны көрдү, бирок Аны тааныган жок.

    20:15 Ыйса андан: «Аял, эмнеге ыйлап жатасың? Кимди издеп жүрөсүң?» – деп сурады. Мариям Аны бакчы экен деп ойлоп: «Мырза, эгерде Анын сөөгүн сен алып кеткен болсоң, кайсы жерге койгонуңду айтчы, алып келейин», – деди.

    20:16 Ошондо Ыйса ага: «Мариям», – деди. Мариям Ыйсага бурулуп: «Устат!» – деди.

    20:17 Ыйса ага: «Мага колуңду тийгизбе, анткени Мен али Атама көтөрүлүп кете элекмин. Бир туугандарыма барып, Менин өз Атама – силердин да Атаңарга, Менин өз Кудайыма – силердин да Кудайыңарга көтөрүлүп кетеримди айт!» – деди.

    20:18 Магдалалык Мариям шакирттерге барып, Теңирди көргөнүн жана Анын ушул сөздөрдү айтканын айтып берди.

    Ыйсанын тирилгенден кийин шакирттерине көрүнүшү

    20:19 Ошол эле күнү кечинде, жуманын биринчи күнү, Ыйсанын шакирттери бир эйгө чогулуп, жүйүттөрдөн корккондуктан, эшиктерин бекитип алып отурушкан эле. Ошол учурда Ыйса келип, алардын ортосуна турду да: «Силерге тынчтык болсун!» – деди.

    20:20 Ушинтип айткандан кийин, Ыйса аларга өзүнүн колдорун, буттарын жана кабыргаларын көрсөттү. Шакирттер Теңирди көрүп кубанышты.

    20:21 Ыйса аларга дагы бир жолу: «Силерге тынчтык болсун! – деп айтты да, – Атам Мени жиберген сыяктуу, Мен да силерди жиберем», – деди.

    20:22 Ушуну айткандан кийин, Ал шакирттерине демин үйлөп: «Ыйык Рухту кабыл алгыла!

    20:23 Кимдин күнөөлөрүн кечирсеңер, ал кечирилет, ал эми кимдин күнөөлөрүн кечирбесеңер, ал кечирилбейт», – деди.

    20:24 Он эки шакирттин бири, эгиз деген да ысымы бар Томас Ыйса келген учурда алардын арасында жок эле.

    20:25 Шакирттер ага: «Биз Теңирди көрдүк», – дешти. Бирок ал: «Мен Анын колдорундагы мыктын тагын көрмөйүнчө, мыктын тагы калган жерине жана кабыргаларына колумду тийгизип көрмөйүнчө ишенбейм», – деди.

    Ыйса жана Томас

    20:26 Сегиз күндөн кийин Ыйсанын шакирттери ошол эйгө дагы чогулушту, алардын арасында Томас да бар эле. эшик бекитилүү болчу, бирок Ыйса келип, алардын ортосуна турду да: «Силерге тынчтык болсун!» – деди.

    20:27 Андан кийин Томаска кайрылып: «Менин колдорум менен кабыргаларыма колуңду тийгизип көр да, ишенбеген адам болбой, ишенген адам бол!» – деди.

    20:28 Томас Ага: «Теңирим менин! Кудайым менин!» – деп жооп берди.

    20:29 Ыйса ага: «Сен Мени көргөндөн кийин ишенип жатасың, көрбөй ишенгендер бактылуу», – деди.

    20:30 Ыйса шакирттеринин көз алдында көптөгөн кереметтерди көрсөттү, бирок бул китепке алардын баары жазылган жок.

    20:31 Булар болсо Ыйсанын Кудайдын Уулу, Машайак экенине ишенишиңер үчүн жана ишенип, Анын ысымы аркылуу өмүргө эү болушуңар үчүн жазылды.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск