Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иоанна 21

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    21-БөЛЄМ

    Ыйса Тиберия көлүнүн жанында

    21:1 Андан кийин Ыйса Тиберия көлүнүн жүүгинде шакирттерине дагы бир жолу көрүндү. Бул мындайча болду:

    21:2 Шымон Петир, Томас-үгиз, Галилеянын Каана шаарынан болгон Натанаел, Зебедейдин уулдары жана дагы эки шакирт чогуу жүрүшкөн эле.

    21:3 Шымон Петир аларга: «Мен балык кармаганы барам», – деди. Алар ага: «Биз да сени менен барабыз», – дешти да, барып, кайыкка түшүштү. Бирок ал түнү алар үч нерсе кармай алышкан жок.

    21:4 Таң атып калганда, Ыйса жүүкте турган эле. Шакирттери болсо Анын Ыйса экенин билишкен жок.

    21:5 Ыйса алардан: «Балдар, балыгыңар барбы?» – деп сурады. Алар Ага: «Жок», – деп жооп беришти.

    21:6 Ыйса аларга: «Торду кайыктын оң жагынан салгыла, ошондо кармайсыңар», – деди. Алар торун салышты да, түшкөн балыктын көптүгүнөн торду кайра тартып чыгара албай калышты.

    21:7 Ошондо Ыйсанын сүйгөн шакирти Петирге: «Бул Теңирибиз», – деди. Шымон Петир Анын Теңир экенин укканда, кийимин кие калып (анткени ал жылаңач эле), сууга секирди.

    21:8 Калган шакирттер балыкка толгон торду сүйрөп, жүүкке сүзүп келишти. Анткени алар жүүктен анча алыс эмес жерде жүрүшкөн. Алар менен жүүктин ортосундагы аралык эки жүз чыканактай эле.

    21:9 Жүүкке чыгышканда, жагылган оттун чогун жана анын үстүндөгү балык менен нанды көрүштү.

    21:10 Ыйса аларга: «Азыр кармаган балыгыңардан алып келгиле!» – деди.

    21:11 Шымон Петир барып, чоң-чоң балыктарга толгон торду жүүкке тартып чыгарды. Тордо жүз элүү үч балык бар экен. Балыктын көптүгүнө карабастан, тор айрылбаптыр.

    21:12 Ыйса аларга: «Келип, тамактанып алгыла!» – деди. Шакирттердин үч кимиси: «Сен кимсиң?» – деп суроого батынышкан жок. Анткени алар Анын Теңир экенин билишти.

    21:13 Ыйса басып келип, аларга нанды жана балыкты берди.

    21:14 Бул Ыйсанын тирилгенден кийин шакирттерине үчүнчү жолку көрүнүшү эле.

    Теңирдин Петирге тапшырма берүүсү

    21:15 Алар тамактанып бүтүшкөндөн кийин, Ыйса Шымон Петирден: «Жунус уулу Шымон, сен Мени буларга караганда көбүрөөк сүйөсүңбү?» – деп сурады. «Ооба, Теңир, Сени сүйөрүмдү өзүң билесиң», – деп жооп берди Петир. Ошондо Ыйса ага: «Козуларымды кайтар!» – деди.

    21:16 Ыйса андан экинчи ирет: «Жунус уулу Шымон, сен Мени сүйөсүңбү?» – деп сурады. «Ооба, Теңир, Сени сүйөрүмдү өзүң билесиң», – деп жооп берди Петир. Ошондо Ыйса ага: «Койлорумду кайтар!» – деди.

    21:17 Ыйса андан үчүнчү ирет: «Жунус уулу Шымон, сен Мени сүйөсүңбү?» – деп сурады. «Сен Мени сүйөсүңбү?» деп, Ыйса үчүнчү ирет сурагандыктан, Петир капа болуп: «Теңир, Сен баарын билесиң, Сени сүйөрүмдү да билесиң», – деди. Ошондо Ыйса ага мындай деди: «Койлорумду кайтар!

    21:18 Чындыкты, сага чындыкты айтып коёюн, сен жаш кезиңде белиңди өзүң бууп, каалаган жагыңа барчусуң. Карыганыңда колуңду сунуп бересиң, сени башка бирөө байлайт да, каалабаган жагыңа алып барат».

    21:19 Ыйса бул сөздөрдү Петир өз өлүмү менен Кудайды даңктарын билдирүү үчүн айтты. Ушул сөздү айткандан кийин, Ал ага: «Менин артымдан эүрчи», – деди.

    21:20 Петир артын карап, Ыйса сүйгөн шакирттин эүрчип келе жатканын көрдү. Ал кечки тамак убагында Ыйсанын төшүнө башын коюп, «Теңир, Сага чыккынчылык кыла турган ким?» деп сураган шакирт эле.

    21:21 Петир ошол шакиртти көргөндө: «Теңир, ал эми булчу?» – деди.

    21:22 Ыйса ага: «Кааласам, Мен келгенге чейин, ал тирүү болот, сенин ишиң эмне? Мени эүрчи», – деди.

    21:23 Ошондон кийин бир туугандар арасында «Бул шакирт өлбөйт» деген сөз тарап кетти. Бирок Ыйса Петирге аны өлбөйт деп эмес, «Кааласам, Мен келгенче, ал ушул жерде болот, аны менен сенин ишиң эмне?» – деп айткан эле.

    21:24 Ушулардын баарын ошол шакирт жазып алып, күбөлөндүрүп жатат. Биз анын күбөлөндүрүүсү чындык экенин билебиз.

    21:25 Ыйса булардан башка дагы көптөгөн иштерди кылган. эгерде алардын баарын жазып чыга турган болсо, жазылган китептер бул дүйнөгө батмак эмес деп ойлойм. Оомийин.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск