Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иоанна 13

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: GEN - BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    13-БөЛЄМ

    Ыйсанын шакирттеринин бутун жуушу

    13:1 Пасах майрамынын алды эле. Ыйса өзүнүн бул дүйнөдөн кетип, Атасына бара турган убагы келип калганын билчү. Ал бул дүйнөдөгү өзүнүн адамдарын сүйдү, аларды акырына чейин сүйдү.

    13:2 Кечки тамак убагы болчу. Шайтан буга чейин эле Шымон уулу Жүйүт Искариоттун жүрөгүнө Ыйсага чыккынчылык кылуу каалоосун салып койгон.

    13:3 Ыйса Атасынын бардык нерсени өзүнө бергендигин, өзүнүн Кудайдан келип, Ага кайра кайтып барарын билчү.

    13:4 Ыйса дасторкондон туруп, сырткы кийимин чечти да, белине сүлгү байлады.

    13:5 Андан кийин чылапчынга суу куюп алып, шакирттеринин бутун жууп, белиндеги сүлгү менен аарчый баштады.

    13:6 Шымон Петирдин жанына келгенде, ал Ага мындай деди: «Теңир, Сен менин бутумду жууйсуңбу?»

    13:7 Ыйса ага мындай деп жооп берди: «Менин эмне кылып жатканымды сен азыр түшүнбөйсүң, кийин түшүнөсүң».

    13:8 Петир Ага: «Мен бутумду Сага үч качан жуудуртпайм!» – деди. «үгерде Мен сенин бутуңду жуубасам, анда сен Мени менен элүштөш болбойсуң», – деп жооп берди Ыйса.

    13:9 Ошондо Шымон Петир Ага: «Теңир, андай болсо, бутумду гана эмес, колумду да, башымды да жуу!» – деди.

    13:10 Ыйса ага: «Жуулган адамдын бутун гана жууш керек, анткени ал таза. Силер да тазасыңар, бирок баарыңар эмес», – деди.

    13:11 Анткени Ыйса кимдин чыккынчылык кыларын билген, ошондуктан: «Баарыңар эмес», – деди.

    13:12 Ыйса шакирттеринин бутун жууп бүтүп, сырткы кийимин кийип, дасторконго кайра отургандан кийин, мындай деди: «Силерге эмне кылганымды түшүндүңөрбү?

    13:13 Мени: “Устат”, “Теңир”, – дейсиңер. Мунуңар туура, анткени Мен чынында эле Ошолмун.

    13:14 Мен Теңир жана Устат болуп туруп, бутуңарды жуудум. Демек, силер да бири-бириңердин бутуңарды жуушуңар керек.

    13:15 Анткени Мен силерге элгү көрсөттүм, Мен силерге эмне кылсам, силер да ошону кылгыла.

    13:16 Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, кул өз кожоюнунан жогору эмес, жиберилген адам жиберүүчүдөн жогору эмес.

    13:17 үгерде ушул билгениңерди аткарсаңар, анда бактылуусуңар.

    13:18 Баарыңар жөнүндө айтып жаткан жокмун, Мен өзүм тандап алган адамдарымды билем. Бирок Ыйык Жазуудагы “Мени менен бир дасторкондо отурган адам Мага согончогун көтөрдү” деген сөз аткарылышы керек.

    13:19 Мен бул сөздү силерге аткарыла электе эле айтып жатам, аткарылгандан кийин, Ошол Мен экендигиме ишенип каласыңар.

    13:20 Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, ким Мен жиберген адамды кабыл алса, ал Мени кабыл алган болот. Ал эми Мени кабыл алган адам Мени жиберген Кудайды кабыл алган болот».

    Ыйсанын Жүйүттүн чыккынчылык кыларын алдын ала айтышы

    13:21 Бул сөздөрдү айткандан кийин, Ыйса кайгырып, мындай деди: «Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, араңардан бирөө Мага чыккынчылык кылат».

    13:22 Шакирттери Ыйсанын ким жөнүндө айтып жатканын түшүнүшпөй, бири-бирин карашты.

    13:23 Шакирттеринин бири Ыйсанын төшүнө башын коюп отурган. Ыйса аны жакшы көрөр эле.

    13:24 Шымон Петир ага ким жөнүндө айтып жатканын сурачы дегендей белги берди.

    13:25 Ыйсанын төшүнө башын коюп отурган ал: «Теңир, ал ким?» – деп сурады.

    13:26 «Бир эзүм нанды табактагы ашка малгандан кийин, кимге берсем, ал – ошол», – деп жооп берди Ыйса. Анан Ал бир эзүм нанды табактагы ашка малды да, Шымондун уулу Жүйүт Искариотко сунду.

    13:27 Нанды алары менен, Жүйүттүн ичине шайтан кирди. Ошондо Ыйса Жүйүткө: «Кылайын дегениңди тезирүүк кыл!» – деди.

    13:28 Дасторкондо отургандардын үч кимиси Ыйсанын ага эмне үчүн ушинтип айтканын түшүнгөн жок.

    13:29 Акча салынуучу куту Жүйүттө болгондуктан, күү бирөөлөрү: «Ыйса ага: “Майрамга карата бизге керектүү нерселерди сатып кел” же “Жакырларга бир нерсе бер”, – деп жатат го», – деп ойлошту.

    13:30 Жүйүт нанды алары менен, сыртка чыгып кетти. Түнкү убак эле.

    Ыйсанын акыркы сөзү. Ыйсанын даңкталар убагы келди

    13:31 Жүйүт чыгып кеткенден кийин, Ыйса мындай деди: «Азыр Адам Уулу даңкталды. Ал аркылуу Кудай да даңкталды.

    13:32 үгерде Кудай Ал аркылуу даңкталса, анда Кудай да Аны даңктайт, Аны жакын арада даңктайт.

    13:33 Балдарым! эми Мен силер менен бир аз убакыт гана болом. Мени издейсиңер. Жүйүттөргө айткан сөзүмдү азыр силерге да айтам: “Мен бара турган жерге силер бара албайсыңар”.

    Жаңы осуят

    13:34 Силерге жаңы осуят берем: бири-бириңерди сүйгүлө! Мен силерди сүйгөндөй, силер да бири-бириңерди сүйгүлө!

    13:35 үгерде бири-бириңерди сүйсөңөр, башкалар силердин Менин шакирттерим экениңерди билишет».

    Петирдин баш тартарын Ыйсанын алдын ала айтышы

    13:36 Шымон Петир Ыйсадан: «Теңир, Сен кайда барасың?» – деп сурады. Ыйса ага: «Мен бара жаткан жакка сен азыр Мени эүрчип бара албайсың, бирок Менин артымдан кийин барасың», – деп жооп берди.

    13:37 Петир Ага: «Теңир, эмне үчүн мен Сени азыр эүрчип бара албайм? Мен Сен үчүн жанымды берем», – деди.

    13:38 Ошондо Ыйса ага мындай деди: «Мен үчүн жаныңды бересиңби? Чындыкты, сага чындыкты айтып коёюн, короз кыйкырганга чейин, сен Менден үч жолу баш тартасың.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск