Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Матфей 1

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    1-БөЛЄМ

    Ыйсанын санжырасы

    1:1 Ыйса Машайактын санжырасы: Ал – Дөөттүн Уулу, Ал – Ыбрайымдын Уулу.

    1:2 Ыбрайымдан Ыскак, Ыскактан Жакып, Жакыптан Жүйүт жана дагы башка балдар төрөлгөн.

    1:3 Жүйүт менен Тамардан Перес менен Зерак төрөлгөн. Перестен Хесрон, Хесрондон Рам төрөлгөн.

    1:4 Рамдан Аминадап, Аминадаптан Нахшон, Нахшондон Салмон төрөлгөн.

    1:5 Салмон менен Рахаптан Бууз төрөлгөн. Бууз менен Руттан Обейт төрөлгөн. Обейттен Жышай төрөлгөн.

    1:6 Жышайдан Дөөт падыша төрөлгөн. Дөөттөн Сулайман төрөлгөн. Сулаймандын энеси мурун Урийдин аялы болчу.

    1:7 Сулаймандан Рехабам, Рехабамдан Абиям, Абиямдан Аса,

    1:8 Асадан Жошапат, Жошапаттан Жорам, Жорамдан Узия,

    1:9 Узиядан Жотам, Жотамдан Ахаз, Ахаздан Хиския,

    1:10 Хискиядан Менаше, Менашеден Амон, Амондон Жошия төрөлгөн.

    1:11 Бабыл өлкөсүнө туткундалып бара жатканда, Жошиядан Жайаким, Жайакимден Жайахин жана дагы башка балдар төрөлгөн.

    1:12 Бабыл өлкөсүнө туткундалып баргандан кийин, Жайахинден Шалем төрөлгөн. Шалемден Зоробабыл,

    1:13 Зоробабылдан Абыйут, Абыйуттан элийаким, элийакимден Адзор,

    1:14 Адзордон Садок, Садоктон Аким, Акимден элийут,

    1:15 үлийуттан элазар, элазардан Матан, Матандан Жакып төрөлгөн.

    1:16 Жакыптан Мариямдын күйөөсү Жусуп төрөлгөн. Мариямдан Машайак деп аталган Ыйса төрөлдү.

    1:17 Ошентип, Ыбрайымдан Дөөткө чейин бардыгы болуп он төрт муун, Дөөттөн Бабыл туткундугу убагына чейин он төрт муун, Бабыл туткундугу убагынан Машайак төрөлгөнгө чейин он төрт муун.

    Ыйса Машайактын төрөлүшү

    1:18 Ыйса Машайактын төрөлүшү мындай болду: Анын энеси Мариям Жусуп менен убадалашып койгон. Бирок алардын никеси кыйыла электе эле, Мариямдын Ыйык Рухтан кош бойлуу болгону белгилүү болду.

    1:19 Анын болочок күйөөсү Жусуп адил адам болгондуктан, Мариямды эл алдында уятка калтыргысы келген жок. Ошондуктан ал Мариям менен бекиткен убадасын жашыруун бузууну ойлоду.

    1:20 Ушундай ойго келген кезде, Теңирдин периштеси ага түшүндө көрүнүп, мындай деди: «Жусуп, Дөөттүн уулу! Мариямды аялдыкка алуудан коркпо, анткени анын боюна бүткөн бала Ыйык Рухтан.

    1:21 Ал Уул төрөйт, Анын ысымын Ыйса деп койгун. Анткени Ал өз элин күнөөлөрүнөн куткарат».

    1:22-23 Булардын баары Теңирдин Ышайа пайгамбар аркылуу «Кыз кош бойлуу болуп, Уул төрөйт, анын ысымын эмануел деп коюшат» деп айткан сөзүнүн аткарылышы үчүн болду. Бул ысым «Кудай биз менен» деп которулат.

    1:24 Жусуп ойгонгондон кийин, Теңирдин периштеси буйругандай кылды. Ал Мариямды аялдыкка алды.

    1:25 Бирок Мариям Уулун төрөгүчө, Жусуп ага жакындаган жок. Уул төрөлгөндө, Жусуп Анын ысымын Ыйса деп койду.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск