Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Михей 1

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    1-БөЛЄМ

    Теңирдин өз элине каарданышы

    1:1 Жүйүт падышалары Жотамдын, Ахаздын жана Хискиянын тушунда морейшилик Михейге Теңирден сөз болду. Ал Самария жана Иерусалим тууралуу көрүнүш көрдү.

    1:2 Бардык элдер, уккула, бүт жер жүзү жана анда жашагандардын баары, жакшылап уккула! Кудай-Теңир, Теңир, өзүнүн ыйык ийбадатканасынан силерге каршы күбө болсун!

    1:3 Анткени мына, Теңир өз ордунан чыгып келе жатат, түшүп келип, жердин бийик жерлеринде басат.

    1:4 Анын астында тоолор отто эриген момдой эрийт, өрөөндөр кырдан түшкөн суулардай болуп бөлүнөт.

    1:5 Мунун баары Жакыптын мыйзамсыздыгы үчүн, Ысрайылдын күнөөсү үчүн болот. Жакыптын мыйзамсыздыгы ким? Самария эмеспи? Жүйүттүн бийик жерлердеги бутканаларын ким курду?

    1:6 «Ошон үчүн Самарияны талаадагы үйүлгөн урандыга, жүзүмдүк өстүрө турган жерге айлантам. Анын таштарын өрөөнгө кулатам, анын негиздерин жылаңачтайм.

    1:7 Анын бүт таш буркандары талкаланат, бузуктук тартуулары өрттөлөт, анын бардык жасалма кудайларын кыйратам, анткени ал аларды бузуктук тартуулары менен орноткон, алар бузуктук тартууларына айланат».

    Жүйүт менен Ысрайыл үчүн ыйлоо

    1:8 Мен бул тууралуу ыйлайм, боздоп ыйлайм, таланып-тонолгон, жылаңачталган адамдай болуп басам, чөөлөргө окшоп улуйм, төө куштарга окшоп ыйлайм.

    1:9 Анткени анын жарасы айыккыс, ал айыккыс жарасы Жүйүткө чейин жетти, атүгүл, ал менин элимдин дарбазасы болгон Иерусалимге чейин жетти.

    1:10 Бул тууралуу Гатта жарыя кылбагыла, ал жерде катуу ыйлабагыла, бирок Опра кыштагында өзүңөргө күл чачкыла.

    1:11 Шапирдин маскара болуп жылаңачталган тургуну, көчүп кет. Саанандын тургуну да качып кутулбайт. Бейт-Аетселдеги ый силерге ал жерге токтогонго жол бербейт.

    1:12 Марота тургуну өзүнүн жакшы нерсеси үчүн күйүт тартып жатат, анткени Теңирден Иерусалим дарбазасына алаамат түштү.

    1:13 Лакиш тургуну, арабага күлүк аттарды чек. Сион кызынын күнөөсүнүн башталышы сенсиң, анткени Ысрайылдын кылмыштары сенде пайда болду.

    1:14 Ошондуктан сен Морешет-Гатка тартууларды жөнөтөсүң. Бирок Аказип кыштактары Ысрайыл падышаларынын эмүтүн актабайт.

    1:15 Мореш тургуну, мен сага дагы бир мураскор алып келем. Ысрайылдын даңкы Адуламга чейин кетет.

    1:16 Чачыңды ал, сакал-мурутуңду кыр, өзүңдүн сүйүктүү уулдарың үчүн аза күт. Жүнү түшкөн бүркүттүкүндөй кылып, алар үчүн башыңды дагы кыра түш, анткени алар сенин жаныңдан көчүрүлүп кетишет.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск