Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Михей 2

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    2-БөЛЄМ

    Жакырларды кысымга алгандарды жазалоо

    2:1 Мыйзамсыздык ойлогондорго жана төшөгүндө жатып алып кыянат иштерди ойлоп тапкандарга кайгы! Алар ошол иштерди таң агарганда ишке ашырышат, себеби алардын колунда күч бар.

    2:2 Талааларды каалашат, аларды күч менен тартып алышат; үйлөрдү каалашат, аларды зордук менен тартып алышат. Адамды үйү менен кошо, эркекти мурасы менен кошо тоноп алышат.

    2:3 Ошондуктан Теңир мындай дейт: «Мына, Мен бул тукумга алаамат каптатууну ойлоп жатам. Силер ал алааматтын айынан мойнуңарды кыймылдата албай каласыңар жана түз баса албай каласыңар, анткени ал мезгил – алааматтуу мезгил.

    2:4 Ошол күнү силер тууралуу лакап айтышат, катуу ыйлап: “Биз таптакыр кыйрадык! Менин элимдин энчиси башкаларга берилди. эми ал мага кайра кантип кайрылып келет? Биздин талаалар бөтөн урууларга бөлүнүп берилди”, – дешет.

    2:5 Ошондуктан сенде Теңирдин алдындагы жыйында жерди бөлүш үчүн өкчөмө таш ыргыткан үч ким болбойт.

    2:6 Пайгамбарлар, пайгамбарчылык кылбагыла. Маскара болуп калбашыңар үчүн, аларга пайгамбарчылык кылбагыла.

    2:7 Оо Жакыптын тукуму деп аталгандар! эмне, Теңирдин Руху чыдамкай эмеспи? Анын иштери ушундай бекен? Адил жашаган адамга Менин сөзүм жакшылык алып келбейт бекен?

    2:8 Мурун Менин элим болуп жүргөн эл душман сыяктуу каршы чыкты. Силер согуштан кайтып, тынч өтүп бара жаткандардын сырт кийимин да, ич кийимин да тартып алып жатасыңар.

    2:9 Менин элимдин аялдарын өздөрүнүн жакшынакай үйлөрүнөн кууп чыгарып жатасыңар. Алардын балдарынан Менин жасалгаларымды биротоло тартып алып жатасыңар.

    2:10 Тургула, кеткиле, анткени бул жер силердин тынчтана турган жериңер эмес. Ал өзүнүн ыпыластыгы үчүн талкаланат, болгондо да ырайымсыздык менен талкаланат.

    2:11 үгерде жеңил ойлуу бир адам жалган нерсе ойлоп таап: “Мен сага шарап жана күчтүү ичимдик тууралуу насаат айтам”, – десе, анда ал бул элге жаккан насаатчы болмок.

    2:12 Жакып, сенин бүт тукумуңду сөзсүз чогултам, Ысрайылдын калдыгын сөзсүз бириктирем, аларды Ботсрадагы койлордой, бир короодогу койлордой, бир жерге чогултам. Алар элинин көптүгүнөн бака-шака болушат.

    2:13 Алардын алдында дубал талкалоочу барат. Алар тосмолорду кыйратышат, дарбазалар аркылуу кирип, дарбазалар аркылуу чыгышат, алардын алдында өздөрүнүн падышасы, ал эми алардын башында Теңир барат».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск