Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Числа 12

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    12-БөЛЄМ

    Мириямдын жазаланышы

    12:1 Муса эфиопиялыктардан аял алды. эфиопиялыктардан аял алганы үчүн, Мириям менен Арун аны жемеледи.

    12:2 Алар мындай деп айтышты: «Теңир Мусага эле сүйлөдү беле? Ал бизге деле сүйлөбөдү беле?» Ошондо бул сөздү Теңир укту.

    12:3 Муса жер үстүндөгү бардык адамдардын ичинен эң момун адам болгон.

    12:4 Теңир күтүлбөгөн жерден Мусага да, Арунга да, Мириямга да мындай деди: «Yчөөңөр тең жыйын чатырына келгиле». Єчөө тең жыйын чатырына келди.

    12:5 Теңир булут мамынын ичинде келип, жыйын чатырынын алдына туруп калды да, Арун менен Мириямды чакырды. Алар келишти.

    12:6 Ошондо Теңир мындай деди: «Менин сөзүмө кулак салгыла. эгерде силердин араңарда Теңирдин пайгамбары бар болсо, анда Мен ага көрүнүштөрдө ачылып, аны менен түштөрүндө сүйлөшөм.

    12:7 Бирок өзүмдүн кулум Мусага андай кылбайм, анткени ал – Менин бүт элимдин ичинен ишенимдүү киши.

    12:8 Мен аны менен табышмактатпай, оозмо-ооз, ачык сүйлөшөм, ал Теңирдин бейнесин да көрүп турат. Силер Менин кулум Мусаны жемелегенден кантип корккон жоксуңар?»

    12:9 Теңир аларга каарданып, кетип калды.

    12:10 Булут мамысы жыйын чатырынан алыстап кетти. Ошондо Мириямды кардай ак пес оорусу каптап калды. Арун Мириямды караса, ал пес оорулуу болуп калыптыр.

    12:11 Ошондо Арун Мусага мындай деди: «Муса мырзам! Биздин күнөөбүздү кечир, биз акылсыздыктан күнөө кылдык.

    12:12 Аны энесинин ичинен чыга электе эле денесинин жарымы чирип, өлүү төрөлгөн баладай кылба».

    12:13 Ошондо Муса Теңирге: «О Кудай, аны айыктыра көр!» – деп жалынып жиберди.

    12:14 Теңир Мусага мындай деди: «үгерде атасы анын бетине түкүрсө, анда ал жети күн уялып жүрмөк. Ошондуктан ал стандын сыртында жети күн камалып, анан кайтып келсин».

    12:15 Мириям стандын сыртында жети күн камалды. Мириям кайрылып келгиче, эл жолго чыкпай, ордунда турду.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск