Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Числа 13

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    13-БөЛЄМ

    Чалгынчылар

    13:1 Ошондон кийин эл Хатсейроттон чыгып, Паран чөлүнө келип токтоду.

    13:2 Ошондо Теңир Мусага мындай деди:

    13:3 «Мен Ысрайыл уулдарына берип жаткан Канаан жерин көрүп келүүгө киши жибер. Ар бир уруудан бирден киши жибер, алар уруу башчыларынан болсун».

    13:4 Муса аларды Теңирдин буйругу боюнча Паран чөлүнөн жөнөттү, алардын баары Ысрайыл уулдарынын башчылары эле.

    13:5 Алардын аттары мындай: Рубейин уруусунан Закурдун уулу Шамуя,

    13:6 Шымон уруусунан Хоринин уулу Шапат,

    13:7 Жүйүт уруусунан Жепундун уулу Калеп,

    13:8 Исахар уруусунан Жусуптун уулу Игал,

    13:9 үпрайым уруусунан Нундун уулу Ошуя,

    13:10 Бенжемин уруусунан Рапанын уулу Палтий,

    13:11 Забулун уруусунан Содинин уулу Гадиел,

    13:12 Жусуптан тараган Менаше уруусунан Сусинин уулу Гади,

    13:13 Дан уруусунан Гемалинин уулу Амиел,

    13:14 Ашыр уруусунан Михаелдин уулу Сетур,

    13:15 Напталы уруусунан Бопсинин уулу Нахбий,

    13:16 Гат уруусунан Махинин уулу Гуел.

    13:17 Муса жерди көрүп келүүгө жиберген адамдардын аттары ушулар. Ошондо Муса Нундун уулу Ошуяга Жашыя деген ат койду.

    13:18 Муса аларды Канаан жерин көрүп келүүгө жөнөтүп жатып, мындай деди: «Түштүк тараптагы ошол өлкөгө барып, тоосуна чыгып,

    13:19 жерин карап көргүлө. Анда жашаган эл күчтүүбү же алсызбы, көппү же азбы, билип келгиле.

    13:20 Ал эл жашаган жер жакшыбы же жаманбы, жашаган шаарлары кандай, ал эл чатырларда жашайбы же чептүү жердеби, билип келгиле.

    13:21 Ал жердин топурагы семизби, арыкпы, бак-дарак өсөбү же жокпу, билип келгиле. Кайраттуу болгула, ал жердин мөмө-жемиштеринен ала келгиле». Бул убак жүзүм бышкан маал эле.

    13:22 Ошентип, алар жолго чыгып, Син чөлүнөн Хаматтын жанындагы Рехопко чейинки жерлерди карап чыгышты.

    13:23 Анан түштүктү карай бет алып, Анактын тукумдары Акиман, Шейшай, Талмай жашаган Хебронго чейин барышты. Хеброн болсо Мисирдеги Соан шаарынан жети жыл мурда курулган эле.

    13:24 Анан эшкол өрөөнүнө барып, бир шиңгил жүзүмдү кыйып алып, шыргыйга илип, эки киши көтөрдү. Алар анар, анжыр мөмөлөрүн да алышты.

    13:25 Ысрайыл уулдары ошол жерден жүзүм шиңгилин кыйып алгандыктан, ал өрөөндү эшкол деп аташты.

    13:26 Ошентип, алар жерди карап чыгып, кырк күндөн кийин кайтып келишти.

    13:27 Алар Паран чөлүнө, Кадешке, Муса менен Арунга жана Ысрайыл уулдарынын жамаатына келип, аларга көргөндөрүн айтып беришти жана ал жердин жемиштерин көрсөтүштү.

    13:28 Алар Мусага мындай деп айтып беришти: «Сен бизди жиберген жерге барып келдик, чын эле, ал жер сүт менен бал аккан жер экен, ал жердин жемиштери мына.

    13:29 Бирок ал жерде жашаган эл күчтүү экен, шаарлары да өтө чоң, чеп менен курчалган экен. Биз ал жерден Анактын тукумун да көрдүк.

    13:30 Ал жердин түштүк жагында амалыктыктар, тоолорунда хеттиктер, жебустуктар жана аморлуктар, деңиз жүүги менен Иордан боюнда канаандыктар жашашат экен».

    13:31 Бирок Калеп Мусанын алдында турган элди тынчтандырып: «Жүргүлө, ал жерди эүлеп алалы, анткени биз ал жерди оңой эле басып ала алабыз», – деди.

    13:32 Аны менен барып келгендер болсо: «Жок, биз ал жердин элдерине каршы бара албайбыз, анткени алар бизден алда канча күчтүү экен», – дешти.

    13:33 Ошентип, алар карап келген жерлери жөнүндө Ысрайыл уулдарынын арасына мындай жаман сөз таратышты: «Биз карап чыккан жерлер кызыл кыргын, кара сүргүн кетпеген жерлер экен, биз көргөн кишилердин бардыгы алп кишилер экен.

    13:34 Ал жерден биз Анактын алп тукумунан чыккан алптарды көрдүк, алардын жанында биз өзүбүздү чегирткедей сездик, алардын көзүнө да чегирткедей көрүндүк».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск