Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Числа 11

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    11-БөЛЄМ

    Табейрадагы Теңирдин оту

    11:1 үл Теңирге наалый баштады. Теңир алардын наалыганын угуп, каарданды. Теңирдин оту түшүп, станды четинен жок кыла баштады.

    11:2 Ошондо эл Мусаны жардамга чакырды. Муса Теңирге сыйынды, от өчтү.

    11:3 Ушул жерде аларга Теңирдин оту түшкөндүктөн, ал жерди Табейра деп аташты.

    Жетимиш аксакал

    11:4 Алардын арасындагы бөтөн элдер тамакты эңсей башташты. Аларга кошулуп Ысрайыл уулдары да отуруп алып, мындай деп ыйлай башташты: «Бизди ким этке тойгузат?

    11:5 Мисирдеги бекер жеген балык, бадыраң, коон, пияз, көк пияз, сарымсак эсибизден кетпейт.

    11:6 Азыр болсо алыбыз кетип баратат, маннадан башка жегенге үч нерсе жок».

    11:7 Маннанын сырткы көрүнүшү кориандр дарагынын уругуна, түсү жыпар жыттуу чайырдыкына окшош эле.

    11:8 үл аны терип алып, жаргылчакка тартып же сокуга жанчып, казанга салып, токоч жасачу, анын даамы зайтун майы кошулган токочтун даамындай эле.

    11:9 Стан жайгашкан жерге түнкүсүн шүүдүрүм түшкөндө, манна да түшчү.

    11:10 Муса ар бир эй-бүлөнүн өз чатырынын алдында ыйлап отурганын укту. Ошондо Теңир катуу каарданды, Муса да буга кайгырды.

    11:11 Анан Муса Теңирге мындай деди: «үмне үчүн өз кулуңду кыйнап жатасың? эмне үчүн мен Сенин алдыңда ырайым таппадым? эмне үчүн бүт элдин түйшүгүн мага жүктөп жатасың?

    11:12 Сен бул элдин ата-бабаларына берем деп, ант менен убада кылган жерге мени бала багуучу аял сыяктуу бул элди колуңа көтөрүп алып бар дегидей, бул элди курсагыма мен көтөрүп, мен төрөдүм беле?

    11:13 Бул элдин баарына жеткидей этти кайдан табам? Анткени булар мага: “Бизге эт бер”, – деп ыйлап жатышат.

    11:14 Мен бүт элди жалгыз көтөрүп жүрө албайм, бул мен үчүн оор.

    11:15 Мага ушундай кылганыңдан көрө, мени өлтүрүп салганың артык. эгер мен Сенин алдыңда ырайым тапкан болсом, азап тартпайын».

    11:16 Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Мага Ысрайыл аксакалдарынын ичинен жетимиш киши чогултуп кел. Алар сен билген уруу аксакалдары менен көзөмөлдөөчүлөрү болсун. Алар сени менен кошо жыйын чатырынын алдында турушсун.

    11:17 Ошондо Мен келип, сени менен сүйлөшөм. элдин түйшүгүн сен жалгыз көтөрбөй, сени менен бирге алар да көтөрүшү үчүн, сенин үстүңдөгү Рухтан алып, аларга салам.

    11:18 үлге болсо мындай де: “үртеңки күнгө даярдангыла, эртең эт жейсиңер. Анткени силер Теңирге: «Бизди ким этке тойгузат? Бизге Мисирде жакшы болчу», – деп ыйлагансыңар. эми Теңир силерге эт берет, силер эми эт жейсиңер.

    11:19 Силер эми этти бир эле күн эмес, эки күн эмес, беш күн эмес, он күн эмес, жыйырма күн эмес,

    11:20 толук бир ай жейсиңер. Силердин араңарда турган Теңирди жек көрүп: «Мисирден эмнеге чыктык экен?» – деп, Анын алдында ыйлаганыңар үчүн, этти кекиртегиңерден чыккыча, көңүлүңөр калгыча жейсиңер”».

    11:21 Ошондо Муса мындай деди: «Бул элдин саны алты жүз миң, алардын арасында мен да бармын. Сен болсо: “Мен буларга эт берем, бир ай бою эт жешет”, – дейсиң.

    11:22 Койлор менен өгүздөрдүн баарын сойсок да, буларга жетмек беле? Деңиздеги балыктардын баарын кармап келсек да, буларга жетмек беле?»

    11:23 Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Теңирдин колу кыска эмес. Менин сага айткан сөзүм аткарылабы, жокпу, азыр көрөсүң».

    11:24 Муса чыгып, Теңирдин сөзүн элге айтып берди. Анан эл аксакалдарынын ичинен жетимиш кишини чогултуп алып, жыйын чатырынын жанына койду.

    11:25 Ошондо Теңир булут ичинде келип, Муса менен сүйлөшүп, анын үстүндөгү Рухтан алып, жетимиш аксакалга салды. Алардын үстүнө Рух түшөр замат пайгамбарчылык кыла башташты, анан кайра токтоп калышты.

    11:26 үлдат жана Мейдад деген эки аксакал станда калып калышкан. Бирок аларга да Рух түштү, алар да станда пайгамбарчылык кылып жатышты.

    11:27 Ошондо бир улан чуркап келип, Мусага: «үлдат менен Мейдад станда пайгамбарчылык кылып жатышат», – деди.

    11:28 Мусанын тандалган кызматчыларынын бири Нундун уулу Жашыя Мусага: «Муса мырзам! Аларды токтот», – деди.

    11:29 Бирок Муса ага мындай деди: «Мен үчүн кызганып жатасыңбы? О, Теңиримдин бардык эли пайгамбар болуп калса кана! Теңирим аларга өз Рухун берсе кана!»

    11:30 Анан Муса Ысрайылдын бардык аксакалдары менен станга кайтты.

    Бөдөнөлөр жана жара

    11:31 Теңир шамал жиберип, деңиз тараптан бөдөнөлөрдү айдап, алардын стандарынын жанына таштады. Бөдөнөлөр стандын бир тарабынан бир күндүк жолго чейин, экинчи тарабынан да бир күндүк жолго чейин, эки чыканак бийиктикте каптап калды.

    11:32 үл ошол күнү кечке, ошол түнү жана эртеси күнү кечке бөдөнө жыйнады. Аз жыйнады дегени он хомерден жыйнады. Алар бөдөнөлөрдү кошуундун тегерегине жыйып алышты.

    11:33 үл этти чайнап жута электе, Теңирдин каары кайнап, өтө катуу оору жиберип, элди кыйратты.

    11:34 Ал жерди Киброт-Атаап деп аташты, анткени ал жерде кесирлүү элди көмүштү.

    11:35 үл Киброт-Атааптан чыгып, Хатсейротко келип, ошол жерде токтоп калды.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск