Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Числа 15

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    15-БөЛЄМ

    Курмандыктар жөнүндө мыйзам

    15:1 Теңир Мусага мындай деди:

    15:2 «Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: “Силер Мен берип жаткан жерге киргениңерде,

    15:3 Теңирге жыты жаккан курмандык алып келүү үчүн, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка, же убада боюнча, же өз каалоосу боюнча чалынуучу курмандыкка, же майрамдарда чалынуучу курмандыкка бодо жана майда малдан чаласыңар.

    15:4 Ошондо Теңирге арнап курмандык чалуучу адам нан курмандыгына гиндин төрттөн бир бөлүгүнчөлүк зайтун майы кошулган эйфанын ондон бир бөлүгүнчөлүк буудай унун алып келиши керек.

    15:5 Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка же башка курмандыктарга чалынуучу козуларды алып келгенде, ар бир козу менен кошо куюлуучу курмандыкка гиндин төрттөн бир бөлүгүнчөлүк шарап алып кел.

    15:6 Курмандыкка чалынуучу кочкор менен кошо нан курмандыгына гиндин эчтөн бир бөлүгүнчөлүк зайтун майы кошулган эйфанын ондон эки бөлүгүнчөлүк буудай унун алып кел.

    15:7 Жыты Теңирге жаккан куюлуучу курмандыкка гиндин эчтөн бир бөлүгүнчөлүк шарап алып кел.

    15:8 үгерде Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка, же убада боюнча чалынуучу курмандыкка, же тынчтык курмандыгына жаш өгүз алып келе турган болсоң,

    15:9 анда өгүз менен бирге нан курмандыгына жарым гин зайтун майы кошулган эйфанын ондон үч бөлүгүнчөлүк буудай унун,

    15:10 ошондой эле жыты Теңирге жаккан куюлуучу курмандыкка жарым гин шарап алып кел.

    15:11 өгүз, кочкор, козу же улак алып келген сайын ушундай кыл.

    15:12 Алып келген ар бир курмандыгыңардын санына жараша ушундай өлчөмдөгү курмандыктарды кошуп алып келгиле.

    15:13 Жыты Теңирге жаккан курмандык алып келген Ысрайыл элинин ар бир тургуну мына ушундай кылсын.

    15:14 үгерде силердин араңарда жашаган келгин же силердин урууңарда жашаган ким болбосун, жыты Теңирге жаккан курмандык алып келе турган болсо, ал да силер кылганды кылсын.

    15:15 Теңирдин жамааты болгон силер үчүн да, силердин араңарда жашаган келгин үчүн да бирдей мыйзам, бул мыйзам силердин укум-тукумуңарга түбөлүк калсын. Силер Теңирдин алдында кандай болсоңор, келгиндер да ошондой.

    15:16 Силерге да, силердин араңарда жашаган келгинге да мыйзам менен укук бирдей”».

    15:17 Теңир Мусага мындай деди:

    15:18 «Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: “Мен силерди алып бара жаткан жерге барганыңарда,

    15:19 ал жердин нанын жегениңерде, Теңирге арнап курмандык алып келгиле.

    15:20 Биринчи камырыңардан жасалган токочту өйдө көтөрүлүүчү курмандыкка алып келгиле. Аны кырмандан алып келген курмандык сыяктуу өйдө көтөргүлө.

    15:21 Биринчи камырыңардан жасалган токочту Теңирге арнап өйдө көтөрүп алып келгиле. Укум-тукумуңар да ушундай кылсын.

    15:22 үгерде Теңирдин Мусага айткан осуяттарынын баарын билбестиктен бузсаңар,

    15:23 Теңирдин Муса аркылуу осуяттаган күнүнөн тартып, Теңирдин осуяттарынын баарын аткарбасаңар, кийинки тукумуңар аткарбаса,

    15:24 үгерде жамааттын байкабастыгынан жаңылыштык кеткен болсо, анда бүт жамаат жыты Теңирге жаккан бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка бир жаш өгүз, аны менен кошо белгиленген санда нан курмандыгын жана куюлуучу курмандык алып келсин, ошондой эле күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке алып келсин.

    15:25 Анан ыйык кызмат кылуучу Ысрайыл уулдарынын бүт жамаатын күнөөдөн тазаласын, ошондо аларга кечирим болот, анткени алар муну жаңылыштык менен кылышкан, ошондуктан алар өздөрүнүн күнөөсү үчүн, жаңылыштыгы үчүн Теңирге арнап, Теңирдин алдына курмандык алып келишсин.

    15:26 Ошондо Ысрайыл уулдарынын бүт жамаатына жана алардын арасында жашаган келгиндерге кечирим болот, анткени муну жалпы эл жаңылыштык менен кылган.

    15:27 үгерде бир адам билбестиктен күнөө кылса, анда ал күнөөсү үчүн бир жылдык эчкини курмандыкка чалсын.

    15:28 Билбестиктен күнөө кылган адамды ыйык кызмат кылуучу Теңирдин алдында тазаласын, ошондо ал тазаланат жана ага кечирим болот.

    15:29 Билбестиктен күнөө кылган адам Ысрайыл уулдарынын жергиликтүү тургуну болобу, алардын арасында жашап жаткан келгин болобу, силерде бир мыйзам болсун.

    15:30 Жергиликтүү тургун болобу, келгин болобу, билип туруп күнөө кылса, анда ал Теңирге акарат келтирген болот. Ал адам өз элинин арасынан жок кылынсын.

    15:31 Анткени ал Теңирдин сөзүн жек көрүп, Анын осуятын бузду. Ал адам жок кылынсын, өз күнөөсү өз мойнунда”».

    Ишембини бузуучу

    15:32 Ысрайыл уулдары чөлдө жүргөндө, ишемби күнү отун терип жүргөн кишини көрүп калышты.

    15:33 Көрүп калгандар отун терип жүргөн кишини Муса менен Арунга жана бүт жамаат алдына алып келип,

    15:34 аны каматып коюшту, анткени аны эмне кылуу керек экени али аныктала элек болчу.

    15:35 Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Бул адам өлүм жазасына тартылсын. Аны стандын сыртына алып чыгып, бүт жамаат таш бараңга алсын».

    15:36 Теңир Мусага буйругандай, бүт жамаат аны стандын сыртына алып чыгып, таш бараңга алып өлтүрүштү.

    Чачылар жөнүндөгү эрежелер

    15:37 Теңир Мусага мындай деди:

    15:38 «Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: Алар укумдан-тукумга кийимдеринин этегине чачыларды жасашсын, кийимдеринин этегиндеги ошол чачыларга көк жүндөн жасалган жип кошушсун.

    15:39 Чачылардагы көк жип, силер аны көргөндө Теңирдин бардык осуяттарын үстеп, аткарышыңар үчүн, силерди бузуктукка түрткөн жүрөгүңөр менен көзүңөрдүн каалоосун аткарбашыңар үчүн,

    15:40 Менин бардык осуяттарымды аткарышыңар үчүн, Кудайыңардын алдында ыйык болушуңар үчүн кошулат.

    15:41 Силердин Кудайыңар болуш үчүн, силерди Мисир жеринен алып чыккан Кудай-Теңириңер Менмин. Силердин Кудай-Теңириңер Менмин».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск