Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Числа 7

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    7-БөЛЄМ

    Уруу башчыларынын курмандыктары

    7:1 Муса жыйын чатырын орноткондон кийин, жыйын чатырын жана ага тиешелүү бардык нерселерди майлоочу май менен ыйыктады. Анан курмандык чалынуучу жайды жана ага тиешелүү бардык нерселерди майлап ыйыктады.

    7:2 Анан Ысрайыл урууларын санап чыккан уруу башчылары келишти. Алар – Ысрайылдын он эки уруусунун башчылары.

    7:3 Алар Теңирдин алдына курмандыкка он эки өгүзгө чегилген чүмкөмө алты майдан араба алып келип, жыйын чатырынын алдына коюшту. Алардын ар бири бирден өгүз чыгарды, ал эми эки башчы биригип бирден майдан араба чыгарды.

    7:4 Анан Теңир Мусага мындай деди:

    7:5 «Алардын курмандыктарын ал, алар жыйын чатырынын жумуштарына керек, аларды лебилерге кызматына жараша бөлүштүрүп бер».

    7:6 Муса майдан арабалар менен өгүздөрдү алып, лебилерге берди.

    7:7 Гейиршондун уулдарына кызматына жараша эки майдан араба менен төрт өгүздү берди.

    7:8 Ыйык кызмат кылуучу Арундун уулу Итамардын көзөмөлү астындагы Мераринин уулдарына кызматына жараша төрт майдан араба менен сегиз өгүздү берди.

    7:9 Ал эми Кааттын уулдарына берген жок, анткени алардын кызматы – ыйыктын ыйыгын ийиндерине көтөрүп жүрүү, алар ыйыктын ыйыгын ийиндерине көтөрүп жүрүшү керек.

    7:10 Курмандык чалынуучу жайды ыйыктап майлай турган күнү уруу башчылары курмандыктарын алып келип, курмандык чалынуучу жайдын алдына коюшту.

    7:11 Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Курмандык чалынуучу жайды ыйыкташ үчүн, күнүнө бирден уруу башчы өз курмандыктарын алып келсин».

    7:12 Биринчи күнү Жүйүт уруусунан Аминадаптын уулу Нахшон өз курмандыктарын алып келди.

    7:13 Анын алып келген курмандыктары булар: нан курмандыгы үчүн зайтун майы кошулган буудай унун ыйык шекел менен эсептегенде, салмагы бир жүз отуз шекел болгон бир күмүш чара менен, салмагы жетимиш шекел болгон күмүш табак менен толтура алып келди.

    7:14 Түтөтүлүүчү заттар толтура салынган, салмагы он шекел болгон алтын идиш алып келди.

    7:15 Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка бир букачар, бир кочкор, бир жылдык бир козу,

    7:16 күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке,

    7:17 тынчтык курмандыгына эки өгүз, беш кочкор, беш теке, бир жылдык беш козу алып келди. Булар – Аминадаптын уулу Нахшондун курмандыктары.

    7:18 үкинчи күнү Исахар уруусунун башчысы Суардын уулу Натанаел өз курмандыктарын алып келди.

    7:19 Анын алып келген курмандыктары булар: нан курмандыгы үчүн зайтун майы кошулган буудай унун ыйык шекел менен эсептегенде, салмагы бир жүз отуз шекел болгон бир күмүш чара менен, салмагы жетимиш шекел болгон күмүш табак менен толтура алып келди.

    7:20 Түтөтүлүүчү заттар толтура салынган, салмагы он шекел болгон алтын идиш алып келди.

    7:21 Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка бир букачар, бир кочкор, бир жылдык бир козу,

    7:22 күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке,

    7:23 тынчтык курмандыгына эки өгүз, беш кочкор, беш теке, бир жылдык беш козу алып келди. Булар – Суардын уулу Натанаелдин курмандыктары.

    7:24 Yчүнчү күнү Забулун уруусунун башчысы Хейлондун уулу элийап өз курмандыктарын алып келди.

    7:25 Анын алып келген курмандыктары булар: нан курмандыгы үчүн зайтун майы кошулган буудай унун ыйык шекел менен эсептегенде, салмагы бир жүз отуз шекел болгон бир күмүш чара менен, салмагы жетимиш шекел болгон күмүш табак менен толтура алып келди.

    7:26 Түтөтүлүүчү заттар толтура салынган, салмагы он шекел болгон алтын идиш алып келди.

    7:27 Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка бир букачар, бир кочкор, бир жылдык бир козу,

    7:28 күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке,

    7:29 тынчтык курмандыгына эки өгүз, беш кочкор, беш теке, бир жылдык беш козу алып келди. Булар – Хейлондун уулу элийаптын курмандыктары.

    7:30 Төртүнчү күнү Рубейин уруусунун башчысы Шедейурдун уулу элитсур өз курмандыктарын алып келди.

    7:31 Анын алып келген курмандыктары булар: нан курмандыгы үчүн зайтун майы кошулган буудай унун ыйык шекел менен эсептегенде, салмагы бир жүз отуз шекел болгон бир күмүш чара менен, салмагы жетимиш шекел болгон күмүш табак менен толтура алып келди.

    7:32 Түтөтүлүүчү заттар толтура салынган, салмагы он шекел болгон алтын идиш алып келди.

    7:33 Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка бир, букачар, бир кочкор, бир жылдык бир козу,

    7:34 күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке,

    7:35 тынчтык курмандыгына эки өгүз, беш кочкор, беш теке, бир жылдык беш козу алып келди. Булар – Шедейурдун уулу элитсурдун курмандыктары.

    7:36 Бешинчи күнү Шымон уруусунун башчысы Суришадайдын уулу Шелумиел курмандыктарын алып келди.

    7:36 Анын алып келген курмандыктары булар: нан курмандыгы үчүн зайтун майы кошулган буудай унун ыйык шекел менен эсептегенде, салмагы бир жүз отуз шекел болгон бир күмүш чара менен, салмагы жетимиш шекел болгон күмүш табак менен толтура алып келди.

    7:38 Түтөтүлүүчү заттар толтура салынган, салмагы он шекел болгон алтын идиш алып келди.

    7:39 Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка бир букачар, бир кочкор, бир жылдык бир козу,

    7:40 күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке,

    7:41 тынчтык курмандыгына эки өгүз, беш кочкор, беш теке, бир жылдык беш козу алып келди. Булар – Суришадайдын уулу Шелумиелдин курмандыктары.

    7:42 Алтынчы күнү Гат уруусунун башчысы Ребуелдин уулу элийасап өз курмандыктарын алып келди.

    7:43 Анын алып келген курмандыктары булар: нан курмандыгы үчүн зайтун майы кошулган буудай унун ыйык шекел менен эсептегенде, салмагы бир жүз отуз шекел болгон бир күмүш чара менен, салмагы жетимиш шекел болгон күмүш табак менен толтура алып келди.

    7:44 Түтөтүлүүчү заттар толтура салынган, салмагы он шекел болгон алтын идиш алып келди.

    7:45 Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка бир букачар, бир кочкор, бир жылдык бир козу,

    7:46 күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке,

    7:47 тынчтык курмандыгына эки өгүз, беш кочкор, беш теке, бир жылдык беш козу алып келди. Булар – Ребуелдин уулу элийасаптын курмандыктары.

    7:48 Жетинчи күнү эпрайым уруусунун башчысы Амийуттун уулу элишама өз курмандыктарын алып келди.

    7:49 Анын алып келген курмандыктары булар: нан курмандыгы үчүн зайтун майы кошулган буудай унун ыйык шекел менен эсептегенде, салмагы бир жүз отуз шекел болгон бир күмүш чара менен, салмагы жетимиш шекел болгон күмүш табак менен толтура алып келди.

    7:50 Түтөтүлүүчү заттар толтура салынган, салмагы он шекел болгон алтын идиш алып келди.

    7:51 Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка бир букачар, бир кочкор, бир жылдык бир козу,

    7:52 күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке,

    7:53 тынчтык курмандыгына эки өгүз, беш кочкор, беш теке, бир жылдык беш козу алып келди. Булар – Амийуттун уулу элишаманын курмандыктары.

    7:54 Сегизинчи күнү Менаше уруусунун башчысы Пыдатсурдун уулу Гамлиел өз курмандыктарын алып келди.

    7:55 Анын алып келген курмандыктары булар: нан курмандыгы үчүн зайтун майы кошулган буудай унун ыйык шекел менен эсептегенде, салмагы бир жүз отуз шекел болгон бир күмүш чара менен, салмагы жетимиш шекел болгон күмүш табак менен толтура алып келди.

    7:56 Түтөтүлүүчү заттар толтура салынган, салмагы он шекел болгон алтын идиш алып келди.

    7:57 Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка бир букачар, бир кочкор, бир жылдык бир козу,

    7:58 күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке,

    7:59 тынчтык курмандыгына эки өгүз, беш кочкор, беш теке, бир жылдык беш козу алып келди. Булар – Пыдатсурдун уулу Гамлиелдин курмандыктары.

    7:60 Тогузунчу күнү Бенжемин уруусунун башчысы Гидонинин уулу Абидан өз курмандыктарын алып келди.

    7:61 Анын алып келген курмандыктары булар: нан курмандыгы үчүн зайтун майы кошулган буудай унун ыйык шекел менен эсептегенде, салмагы бир жүз отуз шекел болгон бир күмүш чара менен, салмагы жетимиш шекел болгон күмүш табак менен толтура алып келди.

    7:62 Түтөтүлүүчү заттар толтура салынган, салмагы он шекел болгон алтын идиш алып келди.

    7:63 Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка бир букачар, бир кочкор, бир жылдык бир козу,

    7:64 күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке,

    7:65 тынчтык курмандыгына эки өгүз, беш кочкор, беш теке, бир жылдык беш козу алып келди. Булар – Гидонинин уулу Абидандын курмандыктары.

    7:66 Онунчу күнү Дан уруусунун башчысы Амишадайдын уулу Ахиезер өз курмандыктарын алып келди.

    7:67 Анын алып келген курмандыктары булар: нан курмандыгы үчүн зайтун майы кошулган буудай унун ыйык шекел менен эсептегенде, салмагы бир жүз отуз шекел болгон бир күмүш чара менен, салмагы жетимиш шекел болгон күмүш табак менен толтура алып келди.

    7:68 Түтөтүлүүчү заттар толтура салынган, салмагы он шекел болгон алтын идиш алып келди.

    7:69 Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка бир букачар, бир кочкор, бир жылдык бир козу,

    7:70 күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке,

    7:71 тынчтык курмандыгына эки өгүз, беш кочкор, беш теке, бир жылдык беш козу алып келди. Булар – Амишадайдын уулу Ахиезердин курмандыктары.

    7:72 Он биринчи күнү Ашыр уруусунун башчысы Охрандын уулу Пагиел өз курмандыктарын алып келди.

    7:73 Анын алып келген курмандыктары булар: нан курмандыгы үчүн зайтун майы кошулган буудай унун ыйык шекел менен эсептегенде, салмагы бир жүз отуз шекел болгон бир күмүш чара менен, салмагы жетимиш шекел болгон күмүш табак менен толтура алып келди.

    7:74 Түтөтүлүүчү заттар толтура салынган, салмагы он шекел болгон алтын идиш алып келди.

    7:75 Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка бир букачар, бир кочкор, бир жылдык бир козу,

    7:76 күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке,

    7:77 тынчтык курмандыгына эки өгүз, беш кочкор, беш теке, бир жылдык беш козу алып келди. Булар – Охрандын уулу Пагиелдин курмандыктары.

    7:78 Он экинчи күнү Напталы уруусунун башчысы эйнандын уулу Акира өз курмандыктарын алып келди.

    7:79 Анын алып келген курмандыктары булар: нан курмандыгы үчүн зайтун майы кошулган буудай унун ыйык шекел менен эсептегенде, салмагы бир жүз отуз шекел болгон бир күмүш чара менен, салмагы жетимиш шекел болгон күмүш табак менен толтура алып келди.

    7:80 Түтөтүлүүчү заттар толтура салынган, салмагы он шекел болгон алтын идиш алып келди.

    7:81 Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка бир букачар, бир кочкор, бир жылдык бир козу,

    7:82 күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке,

    7:83 тынчтык курмандыгына эки өгүз, беш кочкор, беш теке, бир жылдык беш козу алып келди. Булар – эйнандын уулу Акиранын курмандыктары.

    7:84 Курмандык чалынуучу жайды ыйыктап майлаган күнү Ысрайыл уулдарынын уруу башчыларынын алып келген курмандыктары мына булар: он эки күмүш чара, он эки күмүш табак, он эки алтын идиш.

    7:85 Ар бир чаранын салмагы жүз отуз күмүш шекел, ар бир табактын салмагы жетимиш күмүш шекел. Ошентип, ыйык шекел менен эсептегенде, бул идиштердин жалпы салмагы эки миң төрт жүз күмүш шекел болду.

    7:86 Түтөтүлүүчү заттар салынган он эки алтын идиштин ар биринин салмагы, ыйык шекел менен эсептегенде, он шекел болду. Жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү идиштердин алтынынын жалпы салмагы жүз жыйырма шекел болду.

    7:87 Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка бодо малдан он эки букачар, он эки кочкор, бир жылдык он эки козу, ошондой эле нан курмандыгына жана күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка он эки теке,

    7:88 тынчтык курмандыгына бодо малдан бардыгы болуп жыйырма төрт букачар, алтымыш кочкор, алтымыш теке, бир жылдык алтымыш козу алып келишти. Курмандык чалынуучу жайды ыйыктап майлагандан кийин алып келинген курмандыктар ушулар.

    7:89 Муса Теңир менен сүйлөшүү үчүн жыйын чатырына киргенде, келишим сандыгынын капкагынын үстүндөгү эки керуптун ортосунан өзүнө сүйлөгөн Теңирдин үнүн угуп, Аны менен сүйлөштү.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск