Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Числа 8

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    8-БөЛЄМ

    Чырактар жөнүндө

    8:1 Ошондо Теңир Мусага мындай деди:

    8:2 «Арунга мындай деп айт: “Ал чырактандын үстүндөгү жети чыракты күйгүзгөндө, чырак чырактандын алды жагына жарык берип тургудай болсун”».

    8:3 Теңир Мусага кандай буйруса, Арун ошондой кылды: чырактандын үстүндөгү жети чыракты чырактандын алды жагына жарык берип тургудай кылып күйгүздү.

    8:4 Чырактан өзөгүнөн баштап гүлдөрүнө чейин алтындан чегилип жасалган. Ал чырактанды Теңирдин Мусага көрсөткөн элгүсү боюнча жасаган.

    Лебилерди ыйык кызматка дайындоо

    8:5 Теңир Мусага дагы мындай деди:

    8:6 «Ысрайыл уулдарынын арасынан лебилерди бөлүп алып, аларды ыйыкта.

    8:7 Аларды мындай кылып ыйыкта: аларга ыйыктоочу суудан чач. Алар денесиндеги түктөрүн устара менен кырып, кийимдерин жуушсун, ошондо таза болушат.

    8:8 Анан бир букачар, буудай унунан зайтун майы кошулуп жасалган нан курмандыгын, күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка дагы бир букачар алып келишсин.

    8:9 Анан лебилерди жыйын чатырынын алдына алып келип, Ысрайыл уулдарынын бүт жамаатын чогулт.

    8:10 Анан лебилерди Теңирдин алдына алып кел, Ысрайыл уулдары колдорун лебилердин башына коюшсун.

    8:11 Арун болсо Ысрайыл уулдарынын арасынан бөлүнүп алынган лебилерди Теңирдин алдында кызмат кылуу үчүн, Теңирге арнасын.

    8:12 Лебилер болсо колдорун букачарлардын башына коюшсун. Анан букачарлардын бирин күнөө үчүн курмандыкка чал, лебилерди күнөөсүнөн тазалоо үчүн, экинчисин Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чал.

    8:13 Анан лебилерди Арундун алдына, анын уулдарынын алдына коюп, аларды Теңирге арна.

    8:14 Ошентип, лебилер Меники болушу үчүн, лебилерди Ысрайылдан бөлүп ал.

    8:15 Сен аларды ыйыктап, Мага арнагандан кийин гана алар жыйын чатырына кызмат кылуу үчүн киришет. Анткени Ысрайыл уулдарынын ичинен алар Мага берилген.

    8:16 Мен аларды Ысрайыл уулдарынын бардык тун уулдарынын ордуна өзүмө алдым.

    8:17 Анткени Ысрайыл уулдарынын тун уулдары, малдарынын биринчи төлү Меники. Мисир жериндеги бардык тунгучтарды өлтүргөн күнү Мен аларды өзүмө бөлүп алгам.

    8:18 Ошондо Ысрайыл уулдарынын бардык тун уулдарынын ордуна лебилерди алгам.

    8:19 Мен Ысрайыл уулдарынын ичинен лебилерди Арундун жана анын уулдарынын карамагына бердим. Аларды Ысрайыл уулдары үчүн жыйын чатырында кызмат кылууга жана Ысрайыл уулдары жыйын чатырына кирип өлүп калбашы үчүн, Ысрайыл уулдарын кайтарып турууга дайындадым».

    8:20 Муса менен Арун жана Ысрайыл уулдарынын бүт жамааты лебилерди дал ошондой кылышты. Теңир Мусага лебилер тууралуу кандай буйруса, Ысрайыл уулдары лебилерди ошондой кылышты.

    8:21 Ошентип, лебилер тазаланышты, кийимдерин жуушту. Алар таза болушу үчүн, Арун аларды тазалады. Арун аларды Теңирге арнады.

    8:22 Ошондон кийин гана лебилер Арундун жана анын уулдарынын алдында жыйын чатырында кызмат кылуу үчүн киришти. Теңир лебилер тууралуу Мусага кандай буйруса, алар так ошондой кылышты.

    8:23 Теңир Мусага дагы мындай деди:

    8:24 «Лебилер тууралуу мыйзам мындай: жыйырма беш жана андан жогорку жаштагы леби жыйын чатырында кызмат кылсын.

    8:25 Ал эми элүү жашка чыкканда, кызмат кылуусун токтотсун, андан ары иштебесин.

    8:26 Андан ары алар жыйын чатырын кайтарып, бир туугандарына жардам беришсин, бирок иштешпесин. Лебилер ушундай кылышсын».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск