Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Притчи 2

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    2-БөЛЄМ

    Акыл-насааттар

    2:1 Уулум! эгерде менин сөздөрүмдү кабыл алсаң, менин акыл-насааттарымды сактасаң,

    2:2 кулагыңды акылмандыкка төшөсөң, жүрөгүңдү ой жүгүртүүгө бурсаң,

    2:3 билимди чакырсаң, акылга кайрылсаң,

    2:4 аны күмүш менен кенчти издегендей издесең,

    2:5 Теңирден коркуу деген эмне экенин түшүнөсүң, Кудай жөнүндөгү билимге жетесиң.

    2:6 Анткени акылмандыкты Теңир берет. Анын оозунан билим менен акыл чыгат.

    2:7 Ал адил адамдар үчүн куткарылуу сактайт. Ал – түз жүргөндөрдүн калканычы.

    2:8 Ал акыйкаттыктын жолдорун сактайт, Ал өз ыйыктарынын жолун коргойт.

    2:9 Ошондо сен жакшылыкка алып бара турган жолдорду: чындыкты, адилеттикти, чынчылдыкты түшүнөсүң.

    2:10 Акылмандык жүрөгүңө киргенде, билим жаныңа жакканда,

    2:11 сени үстүүлүк сактап жүрөт, акыл кайтарып жүрөт,

    2:12 жаман жолдон, жалган айткан адамдан сактайт,

    2:13 караңгылыктын жолунда жүрүш үчүн түз жолду таштагандардан,

    2:14 жамандык жасап кубангандардан, бузукулук кылып жыргагандардан,

    2:15 жаман жолдо бара жаткандардан, адашып жүргөндөрдөн,

    2:16 башка бирөөнүн аялынан, жылуу сүйлөгөн бөтөн аялдан сактайт.

    2:17 Ал аял жаш чагындагы жолдошун таштаган, Кудайдын келишимин унуткан.

    2:18 Анын үйү өлүмгө жетелейт, анын жолу өлгөндөргө алып барат.

    2:19 Анын үйүнө киргендердин бири да кайрылып келбейт, өмүрдүн жолуна түшпөйт.

    2:20 Андыктан ак ниеттүүлөрдүн жолу менен жүр, адил адамдардын жолун жолдо.

    2:21 Анткени жерде адил адамдар жашашат, жерде бузулбаган ак ниет адамдар өмүр сүрүшөт.

    2:22 Мыйзамсыздар болсо жер үстүнөн жок кылынышат, ишенимсиздер жер үстүнөн тукум курут болушат.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск