Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Притчи 1

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    1-БөЛЄМ

    Накыл сөздөрдүн жазылышынын себеби

    1:1 Ысрайыл падышасы Дөөттүн уулу Сулаймандын накыл сөздөрү.

    1:2 Бул сөздөр акылмандыкка жетиш үчүн, акыл-насаатты угуш үчүн, накыл кептерди түшүнүш үчүн,

    1:3 үстүүлүктүн, адилеттүүлүктүн, соттун, чындыктын эрежелерин өздөштүрүш үчүн,

    1:4 жөнөкөйлөргө зүэндүүлүк, жаш жигитке билим жана үстүүлүк бериш үчүн жазылган.

    1:5 Бул сөздөргө акылман адам кулак төшөп, билимин арттырат, акылдуу адам акылдуу кеңештерди табат.

    1:6 Ошондо ал накыл сөздөрдү, нуска кептерди, даанышмандардын сөздөрүн жана табышмактарын түшүнөт.

    Жаштарга берилген кеңеш

    1:7 Акылмандыктын башталышы – Теңирден коркуу. Акылмандык менен акыл-насаатты акылы жоктор гана жек көрүшөт.

    1:8 Уулум, атаңдын акыл-насаатын ук, энеңдин кеңешин четке какпа.

    1:9 Анткени бул – башыңа кооз таажы, мойнуңа мончок.

    1:10 Уулум! эгерде сени күнөөкөрлөр азгырса, макул болбо.

    1:11 үгерде алар мындай дей турган болсо: «Жүр биз менен, киши өлтүрүш үчүн буктурма коёбуз, айыпсыз, таза адамды аңдыйбыз,

    1:12 аларды өлгөндөр жаткан жай жуткансып, тирүүлөй жутуп алабыз, көргө түшкөндөргө окшотуп, бүкүлү жутуп алабыз.

    1:13 Ар кыл асыл буюмдарды жыйып алабыз, үйлөрүбүздү олжого толтурабыз.

    1:14 Биз менен бирге өкчөмө таш ыргытасың, баарыбыздын казынабыз бир болот!»

    1:15 Уулум! Аларга кошулба, алардын жолуна түшпө.

    1:16 Анткени алардын буттары кыянаттык кылууга чуркайт, кан төгүүгө шашат.

    1:17 Канаттуулардын көзүнчө тор жаюу бекер,

    1:18 алардын канын төгүш үчүн буктурма коюшат, алардын жанын алыш үчүн аңдып турушат.

    1:19 Бирөөнүн байлыгына көз арткан ар бир адамдын жолу ушундай болот: тартып алган байлыгы аны өмүрүнөн ажыратат.

    Акылмандыктын чакырыгы

    1:20 Акылмандык көчөлөрдө жар салып жүрөт, аянттарда угуза сүйлөп жатат,

    1:21 көп эл чогулган жерлерде жар салып, шаар дарбазасынын кире беришинде мындай деп сүйлөп жатат:

    1:22 «Түркөйлөр, качанга чейин түркөйлүктү жакшы көрө бересиңер? Шылдыңчылдар качанга чейин өздөрүнүн шылдыңдоолоруна маашырлана беришет? Акылсыздар качанга чейин билимди жек көрүшөт?

    1:23 Мен ашкерелеп жатам, көңүл бургула: мына, мен силерге өз рухумду төгөм, өз сөзүмдү жарыя кылам.

    1:24 Мен силерди чакырдым, бирок силер укпай койдуңар. Силерге колумду сундум, бирок силер көңүл бурбай койдуңар.

    1:25 Менин кеңештеримдин бардыгын четке кактыңар, ашкере кылганымды кабыл албай койдуңар.

    1:26 Ошон үчүн мен да силердин өлүмүңөргө күлөм, башыңарга мүшкүл түшкөндө сүйүнөм.

    1:27 Силерди коркунуч бороондой каптаганда, кырсык бурганактай басканда, башыңарга кайгы жана кыйынчылык келгенде,

    1:28 мени чакырасыңар, бирок мен силерди укпайм. Мени таң заардан издейсиңер, бирок таппайсыңар.

    1:29 Анткени алар билимди жек көрүштү, Теңирден коркууну тандап алышкан жок.

    1:30 Менин кеңештеримди кабыл алышкан жок, менин ашкере кылганымды жек көрүштү.

    1:31 Ошон үчүн алар өздөрүнүн жолунун жемиштеринен жешет, өздөрүнүн ойлорунун жемишине тоюшат.

    1:32 Анткени наадандарды өжөрлүгү өлтүрөт, акылсызды камырабастыгы өлтүрөт.

    1:33 Мени уккандар болсо жамандыктан коркпой, коопсуз, бейкапар жашашат».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск