Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Откровение 21

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    21-БөЛЄМ

    Жаңы асман жана жаңы жер

    21:1 Анан мен жаңы асманды жана жаңы жерди көрдүм. Анткени мурунку асман менен мурунку жер жок болгон эле, деңиз да жок болгон.

    21:2 Мен, Жакан, ыйык шаарды – жаңы Иерусалимди көрдүм. Ал күйөөсү үчүн жасанган колуктудай даярдалып, асмандан, Кудайдан түштү.

    21:3 Анан мен асмандан мындай деген катуу эндү уктум: «Мына, Кудайдын жыйын чатыры адамдар менен бирге. Кудай алар менен жашайт, алар Анын эли болушат. Кудай өзү алар менен болуп, алардын Кудайы болот.

    21:4 Кудай алардын бардык көз жашын аарчыйт. өлүм деген болбойт. Ый деген, өкүрүк деген, оору деген болбойт, анткени мурункунун баары өтүп кеткен».

    21:5 Анан тактыда Отурган мындай деди: «Мына, Мен бардыгын жаңы жаратып жатам». Анан мага мындай деди: «Жаз, анткени бул сөздөр туура жана чындык».

    21:6 Анан мага мындай деди: «Аткарылды! Мен Альфамын жана Омегамын, башымын жана аягымын. Суусаганга тирүү суунун башатынан сууну бекер берем.

    21:7 Жеңип чыккан адам бардыгын мураска алат, Мен анын Кудайы болом, ал Менин уулум болот.

    21:8 Коркоктор жана ишенбегендер, кара ниеттер жана киши өлтүргүчтөр, бузулгандар жана сыйкырчылар, бутка табынуучулар жана бардык жалганчылар күйүп жаткан күкүрттүү көлгө ыргытылышат: бул – экинчи өлүм».

    21:9 Акыркы жети алаамат толтурулган жети чөйчөк кармаган жети периштенин бири мага келип: «Жүр, мен сага колуктуну – Козунун үйлөнө турган аялын көрсөтөм», – деди.

    21:10 Анан ал мени Рух аркылуу чоң жана бийик тоого алып чыгып, асмандан, Кудайдан түшкөн улуу, ыйык Иерусалим шаарын көрсөттү.

    21:11 Ал Кудайдын даңкына толуп турган эле. Анын шам чырагы асыл ташка, кристалл сыяктуу тунук яспис ташына окшош экен.

    21:12 Анын чоң жана бийик дубалы, он эки дарбазасы бар эле. Дарбазалардын үстүндө он эки периште, дарбазалардын бетинде Ысрайыл уулдарынын он эки уруусунун аттары жазылыптыр:

    21:13 чыгыш тарапта үч дарбаза, түндүк тарапта үч дарбаза, түштүк тарапта үч дарбаза, батыш тарапта үч дарбаза бар экен.

    21:14 Шаардын дубалынын пайдубалы он эки таштан турат экен, алардын бетине Козунун он эки элчисинин ысымы жазылыптыр.

    21:15 Мени менен сүйлөшкөндүн колунда шаарды, анын дарбазаларын жана дубалын ченей турган алтын таягы бар экен.

    21:16 Шаар төрт бурчтук түрүндө эле, анын узундугу менен туурасы бирдей экен. Ал шаарды таяк менен ченегенде, он эки миң стадий болду: узундугу, туурасы жана бийиктиги бирдей.

    21:17 Ал анын дубалын да ченеди: периште адамдар колдонгон чен менен ченегенде, бир жүз кырк төрт чыканак болду.

    21:18 Анын дубалы яспис ташынан тургузулуптур, шаар болсо тунук айнекке окшош таза алтындан эле.

    21:19 Шаардын дубалынын пайдубалы ар кандай асыл таштардан экен: биринчи негизги таш – яспис, экинчиси – сапфир, үчүнчүсү – халкидон, төртүнчүсү – зымырыт,

    21:20 бешинчиси – сардоникс, алтынчысы – кызыл агат, жетинчиси – хризолит, сегизинчиси – берилл, тогузунчусу – топаз, онунчусу – сары зымырыт, он биринчиси – гиацинт, он экинчиси – аметист.

    21:21 Он эки дарбазасы – он эки бермет. Ар бир дарбазасы өзүнчө берметтен жасалган эле. Шаардын көчөсү – тунук айнек сыяктуу таза алтын.

    21:22 Мен ал шаардан ийбадаткананы көргөн жокмун, анткени бардыгын кармап туруучу Кудай-Теңир жана Козу анын ийбадатканасы экен.

    21:23 Шаар күндүн да, айдын да жарык кылып туруусуна муктаж эмес экен, анткени аны Кудайдын даңкы жарык кылып турду, анын шам чырагы – Козу өзү.

    21:24 Куткарылган элдер анын жарыгы астында басып жүрүшөт, жер үстүндөгү падышалар өздөрүнүн атак-даңкын шаарга алып келишет.

    21:25 Анын дарбазалары күндүз бекитилбейт, анткени ал шаарда түн болбойт.

    21:26 Ал шаарга элдердин атак-даңкын жана урмат-сыйын алып келишет.

    21:27 Ал шаарга үч бир таза эмес нерсе кирбейт, жийиркеничтүү жана жалган иштерди жасаган үч бир адам кирбейт, ысымы Козунун өмүр китебине жазылгандар гана киришет.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск