Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Откровение 22

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    22-БөЛЄМ

    22:1 Анан ал мага Кудайдын жана Козунун тактысынан агып чыгып жаткан өмүр суусунун кристаллдай тунук дарыясын көрсөттү.

    22:2 Анын көчөсүнүн ортосунда, дарыянын аркы тарабында да, берки тарабында да өмүр дарагы өсүп туруптур. Ал ай сайын, бир жылда он эки жолу жемиш берет экен. Анын жалбырактары элдерди айыктырууга арналыптыр.

    22:3 Ал шаарда каргышка калган үч нерсе болбойт. Ал жерде Кудайдын жана Козунун тактысы болот, Ага өзүнүн кулдары кызмат кылышат.

    22:4 Алар Анын жүзүн көрүп турушат, алардын чекесинде Анын ысымы жазылуу болот.

    22:5 Ал жерде түн болбойт, алар шам чырактын жарыгына же күндүн жарыгына муктаж болушпайт, анткени Кудай-Теңир өзү алардын үстүнөн жаркырап турат. Алар түбөлүккө падышачылык кылышат.

    Машайактын келиши

    22:6 Анан ал мага мындай деди: «Бул сөздөр туура жана чындык, ыйык пайгамбарлардын Кудай-Теңири жакында эмне боло тургандыгын өзүнүн кулдарына көрсөтүү үчүн, өзүнүн периштесин жиберди».

    22:7 Ыйса мындай дейт: «Мына, Мен жакында келем. Бул китептеги пайгамбарчылыктарды карманган адам бактылуу».

    22:8 Мен, Жакан, ушуну көрдүм жана уктум. Мен муну уккандан кийин жана көргөндөн кийин, мага ушуну көрсөткөн периштеге таазим кылуу үчүн, бутуна жыгылдым.

    22:9 Бирок ал мага мындай деди: «Мындай кылба, анткени мен сенин, сенин бир туугандарың болгон пайгамбарлардын жана ушул китептеги сөздөрдү сактагандардын кызматташымын. Кудайга таазим кыл».

    22:10 Анан ал мага мындай деди: «Бул китептеги пайгамбарчылыктарга мөөр басып бекитпе, анткени убакыт жакындап калды.

    22:11 Адилетсиз иштерди жасаган адам адилетсиз иштерин жасай берсин, ыпылас адам ыпылас иштерин жасай берсин. Ал эми адил адам адил иштерин жасай берсин, ыйык адам ыйыктала берсин».

    22:12 Ыйса мындай дейт: «Мына, Мен жакында келем. Ар бир адамга иштерине жараша бере турган сыйлыгымды ала келем.

    22:13 Мен Альфамын жана Омегамын, биринчимин жана акыркымын, башымын жана аягымын.

    22:14 өмүр дарагынын жемишинен жегенге жана шаарга дарбаза аркылуу кирүүгө укук алуу үчүн кийимдерин жуугандар бактылуу.

    22:15 Шаардын сыртында болсо – иттер жана сыйкырчылар, бузулгандар жана киши өлтүргүчтөр, бутка табынуучулар, жалганды сүйүүчүлөр жана адилетсиз иштерди кылуучулар.

    22:16 Мен, Ыйса, ушуну силерге Жыйындарда күбөлөндүрүшү үчүн, өзүмдүн периштемди жибердим. Мен Дөөттүн тукумунан чыккан таңкы жарык жылдызмын».

    22:17 Рух менен колукту: «Кел!» – дешет. Муну уккан да: «Кел!» – десин. Суусаган келсин, каалоочу өмүр суусун бекер эле алсын.

    22:18 Мен, Жакан, бул китептеги пайгамбарчылыктарды уккан ар бир адамга эскертемин: ким аларга бир нерсе кошо турган болсо, Кудай ага бул китепте жазылган алааматтарды кошуп берет.

    22:19 Ким бул пайгамбарчылыктар жазылган китептеги сөздөрдөн бир нерсе алып салса, Кудай андан өмүр дарагындагы жана ыйык шаардагы элүшүн, ошондой эле бул китепте жазылган элүшүн алып коёт.

    22:20 Муну күбөлөндүрүүчү мындай дейт: «Ооба, Мен жакында келем!» Оомийин. Ооба, кел, Теңир Ыйса!

    22:21 Биздин Теңирибиз Ыйса Машайак бардыгыңарга ырайымын төгө берсин! Оомийин.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск