Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 2 Паралипоменон 25

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    25-БөЛЄМ

    Аматсиянын Жүйүткө падышачылык кылышы

    25:1 Аматсия жыйырма беш жашында такка отуруп, жыйырма тогуз жыл Иерусалимде падышачылык кылды. Анын энесинин аты – Жейодан, ал иерусалимдик эле.

    25:2 Ал Теңирге жаккан иштерди кылды, бирок аларды бүт жүрөгү менен кылган жок.

    25:3 Анын падышачылык бийлиги бекемделген соң, падыша атасын өлтүргөн өз кулдарын өлтүрдү.

    25:4 Бирок алардын балдарын өлтүргөн жок, анткени Теңирдин Мусага берген мыйзам китебинде мындай деп жазылган: «Балдары үчүн аталары өлтүрүлбөсүн, аталары үчүн балдары өлтүрүлбөсүн, ар ким өз кылган кылмышы үчүн өлүм жазасына тартылсын».

    үдом менен согушуу

    25:5 Аматсия бардык жүйүт элин чогултту. Жүйүт жана Бенжемин урууларына миң башылар менен жүз башыларды койду. Алардын жыйырма жаштагыларын жана андан жогоркуларын эсептеп чыгып, найза, калкан көтөргөн, согушка жарактуу үч жүз миң адамды тандап алды.

    25:6 Ошондой эле жүз талант күмүшкө жүз миң жоокерди ысрайылдыктардан жалдап алды.

    25:7 Бирок Кудайдын кишиси ага келип, мындай деди: «Падыша! Сени менен Ысрайыл аскерлери барбасын, анткени Теңир ысрайылдыктар менен да, эпрайымдын уулдары менен да эмес.

    25:8 Сен өзүң жалгыз бар, эрдик кылып майданга кир. Болбосо Кудай сени душмандын көз алдында кулатат, анткени колдой турган да, кулата турган да Кудай өзү».

    25:9 Аматсия Кудайдын кишисине: «Ысрайыл аскерлерине мен берген жүз талант күмүштү эмне кылыш керек?» – деди. Кудайдын кишиси: «Кудай сага андан көптү бере алат», – деди.

    25:10 Ошондо Аматсия эпрайым жеринен келген аскерлерди өз жерине кетириш үчүн бөлүп салды. Алар жүйүттөргө абдан ачууланып, өз жерлерине ачууланган бойдон кетишти.

    25:11 Аматсия болсо кайраттанып, өз элин баштап, Туздуу өрөөнүнө жетип, Сеирдин он миң уулун кырып салды.

    25:12 Жүйүт уулдары алардын он миң адамын колго түшүрүп, аларды асканын чокусуна алып чыгып, кулатып жиберишти, алардын сөөгү талкаланды.

    25:13 Аматсия согушка катыштырбай, кайра жөнөткөн аскерлер болсо Самариядан Бейт-Хоронго чейинки Жүйүт аймагынын шаарларына чачырап кетишти. Алар ошол шаарларга кол салып, үч миң адамды өлтүрүп, өтө көп олжого эү болушту.

    25:14 Аматсия эдомдуктарды талкалап келгенден кийин, Сеир уулдарынын кудайларын алып келип, өзүнө кудай кылып койду да, аларга табынып, жыпар жыттуу зат түтөттү.

    25:15 Ошондо Теңир Аматсияга катуу каарданып, ага пайгамбарын жиберди. Пайгамбар ага: «Сен эмне үчүн сенин колуңдан өз элин куткара албаган бул элдин кудайларына табынып жатасың?» – деди.

    25:16 Ал ушинтип айтканда, падыша ага: «Сени падышага кеңешчи кылып коюшту беле? Токтот! Болбосо сени өлтүрүп коюшат», – деди. Пайгамбар унчукпай туруп, кайра: «Кудай сени жок кылууну чечкенин билдим, анткени сен ушул ишти кылып, менин кеңешимди укпай койдуң», – деди.

    Ысрайыл менен согушуу

    25:17 Жүйүт падышасы Аматсия өзүнүн кеңешчилери менен кеңешип көрүп, Ысрайыл падышасы, Жейунун уулу, Жаахаздын уулу Жаашка киши жиберип: «Кел, жекеме-жеке беттешели», – деп айттырды.

    25:18 Ошондо Ысрайыл падышасы Жааш Жүйүт падышасы Аматсияга мындай деп айттырды: «Лебанондо өскөн тикенек Лебанондо өскөн кедрге киши жиберип: “Кызыңды менин балама бер”, – деп айттырыптыр. Бирок Лебанондогу жапайы жырткычтар өтүп, ал тикенекти тебелеп салышты.

    25:19 Сен: “Мен эдомдуктарды талкаладым”, – деп, текеберденип, өзүңдү өзүң көтөрүп жатасың. Андан көрө үйүңдө эле отура берсеңчи! Коркунучтуу ишти баштап эмне кыласың? өзүң менен кошо Жүйүт аймагын да өлтүрөсүң».

    25:20 Бирок Аматсия анын сөзүн уккан жок, анткени алар эдомдуктардын кудайларына табына баштагандыктан, аларды Жааштын колуна салып бериш үчүн, бул иш Кудайдан болду.

    25:21 Ысрайыл падышасы Жааш аттанып чыгып, Жүйүт падышасы Аматсия менен Жүйүт аймагындагы Бейт-Шемеште жекеме-жеке беттешти.

    25:22 Ошондо ысрайылдыктар Жүйүт аймагындагыларды талкалап салышты. Ар ким өз үйүнө качты.

    25:23 Ысрайыл падышасы Жааш Жаахаздын уулу, Жааштын уулу, Жүйүт падышасы Аматсияны Бейт-Шемеште туткунга алып, аны Иерусалимге алып келди. Анан Иерусалим дубалын эпрайым дарбазасынан бурчтагы дарбазага чейин, төрт жүз чыканак уратты.

    25:24 Анан Кудай үйүнөн Обейт-үдомдун көзөмөлүндөгү алтын-күмүштөрдү, кымбат идиштерди, падыша үйүнүн казынасын, башы барымтага алынган кишилерди алып, Самарияга кайтып келди.

    25:25 Жүйүт падышасы, Жааштын уулу Аматсия Ысрайыл падышасы, Жаахаздын уулу Жааш өлгөндөн кийин, дагы он беш жыл жашады.

    25:26 Аматсиянын калган иштери, алгачкысы да, акыркысы да Жүйүт жана Ысрайыл падышаларынын китептеринде жазылган.

    25:27 Аматсия Теңирден баш тарткандан кийин, Иерусалимде ага каршы чыккынчылык уюштурушту. Ошондо ал Лакишке качып кетти. Анын артынан киши жиберип, аны ошол жерде өлтүрүштү.

    25:28 Анын сөөгүн аттар менен алып келип, Жүйүттүн шаарына, ата-бабаларынын жанына коюшту.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск