Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исход 13

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    13-БөЛЄМ

    Тун балдардын Кудайга арналышы. Ачыткысыз нан майрамы жөнүндө

    13:1 Теңир Мусага мындай деди:

    13:2 «Мага ысрайылдыктардын тундарын арна, адамдын туну болобу, малдын биринчи төлү болобу, алар Мага тиешелүү».

    13:3 Муса элге кайрылып, мындай деди: «Силер Мисирден чыккан, кулчулуктан бошонгон ушул күндү эсиңерден чыгарбагыла, анткени Теңир силерди ал жерден күчтүү колу менен алып чыккан. Ачыткы кошулган тамак-аш жебегиле.

    13:4 Силер бүгүн, Абыт айында чыгып жатасыңар.

    13:5 Теңир сени ата-бабаларыңа берем деп убада кылган сүт менен бал аккан жерге, канаандыктардын, хеттиктердин, аморлуктардын, хибиликтердин жана жебустуктардын жерине алып барганда, ушул айда Теңирге ушул ийбадатты кыл.

    13:6 Жети күн ачыткысыз нан же, ал эми жетинчи күн – Теңирге арналган майрам.

    13:7 Ачыткысыз нанды жети күн же. Сенде ачыткы кошулган нан болбосун, сенин жериңде ачыткы кошулган тамак-аш болбосун.

    13:8 Ошол күнү өз уулуңа мындай деп айт: “Мен бул майрамды Теңир мени Мисирден алып чыккандыгы үчүн майрамдап жатам”.

    13:9 Теңирдин мыйзамы оозуңдан түшпөшү үчүн, бул майрам сенин колуңдагы белги жана маңдайыңа байлаган эскертүү болсун, анткени Теңир сени Мисирден күчтүү колу менен алып чыккан.

    13:10 Ушул мыйзамды жыл сайын өз убагында аткар.

    Тун балдар жөнүндө мыйзам

    13:11 Теңир сага жана сенин ата-бабаларыңа берем деп убада кылган Канаан жерине сени алып барганда, ал жерди сага бергенде,

    13:12 тундарыңды Теңирге бөлүп кой. Малыңдын биринчи төлүнүн эркегин Теңирге арна.

    13:13 үшегиңдин биринчи төлүн козуга айырбашта. эгерде айырбаштабасаң, кунун төлө. Тун эркек балдарыңардын да кунун төлөгүлө.

    13:14 Кийин уулуң сенден: “үмнеге мындай кылып жатасың?” – деп сураса: “Теңир бизди күчтүү колу менен Мисирден алып чыккан, кулчулуктан бошоткон.

    13:15 Фараон бизди коё бербей жатканда, Теңир Мисир жериндеги бардык тунгучтарды: тун балдарды, малдын биринчи төлүн жок кылган. Ошондуктан мен малымдын биринчи төлүнүн эркектеринин бардыгын Теңирге арнап курмандыкка чалып жатам, ал эми тун уулдарымдын кунун төлөп жатам”, – деп жооп бер.

    13:16 Бул майрам сенин колуңдагы белги жана маңдайыңа байлаган эскертүү болсун, анткени Теңир бизди өзүнүн күчтүү колу менен Мисирден алып чыккан».

    Булут мамы жана от мамы

    13:17 Фараон элди коё бергенден кийин, кыска жол болгонуна карабастан, Кудай аларды Пелишти жерине барчу жол менен алып өткөн жок. Анткени Кудай: «үл согушту көргөндө өкүнүп, Мисирге кайтып кетпесин», – деди.

    13:18 Ошондуктан Кудай элди Кызыл деңизге чөл аркылуу алып барды. Ысрайыл уулдары Мисир жеринен куралданып чыгышты.

    13:19 Муса Жусуптун сөөгүн ала чыкты, анткени Жусуп Ысрайыл уулдарынан: «Кудай силерге сөзсүз келет, ошондо сөөгүмдү бул жерден ала чыккыла», – деп убада алган.

    13:20 Ошентип, Ысрайыл уулдары Сукоттон чыгып, чөлдүн четиндеги эйтамга келип, станы менен жайланышты.

    13:21 Күнү-түнү жол жүрсүн деп, Теңир күндүз аларга булут мамынын ичинде жол көрсөтүп, ал эми түн ичинде от мамынын ичинде жарык болуп, алардын алдында бара жатты.

    13:22 Күндүзү булут мамы, түнкүсүн от мамы элдин алдынан кеткен жок.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск