Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исход 14

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    14-БөЛЄМ

    Кызыл деңизден өтүү

    14:1 Теңир Мусага мындай деди:

    14:2 «Ысрайыл уулдарына айт, алар артка кайрылып, Баал-Сыпондун маңдайына, Мигдол менен деңиздин ортосуна, Пи-Ахиротко барып, станы менен жайланышсын. Баал-Сыпондун каршысына, деңиз жүүгине жайланышкыла.

    14:3 Фараон Ысрайыл уулдары жөнүндө: “Алар бул жерде адашып, чөлгө камалып калышты”, – деп ойлойт.

    14:4 Мен болсо фараондун жүрөгүн катуулантып коём, ошондо ал силердин артыңардан кууп жөнөйт. Мен өз даңкымды фараон аркылуу, анын аскери аркылуу көрсөтөм. Ошондо мисирликтер Менин Теңир экенимди билишет». Ысрайыл уулдары ошондой кылышты.

    14:5 Мисир падышасына «Ысрайыл эли качып кетти» деген кабар берилди. Ошондо фараондун жана анын кулдарынын ойлору өзгөрүп: «Бул эмне кылганыбыз, эмне үчүн ысрайылдыктарды өзүбүзгө иштетпей коё бердик?» – деп өкүнүштү.

    14:6 Ошондо фараон майдан арабасын чегип, эли менен,

    14:7 тандалган алты жүз майдан арабасы менен, Мисирдин бардык майдан арабалары менен, майдан араба башчылары менен чыкты.

    14:8 Теңир Мисир падышасы фараондун жүрөгүн катуулантып койгондуктан, ал Ысрайыл уулдарынын артынан кууп жөнөдү. Ысрайыл уулдары болсо күчтүү колдун астында бара жатышты.

    14:9 Ошентип, мисирликтер алардын артынан кууп жөнөштү. Фараондун майдан арабаларын тарткан аттар, атчан аскерлер, бүт аскерлер аларды деңиздин жанындагы, Баал-Сыпондун маңдайындагы Пи-Ахироттун жанына жайланышкан жеринде кууп жетишти.

    14:10 Фараон жакындап калганда, Ысрайыл уулдары артын карашса, мисирликтер кууп келе жатышыптыр. Ошондо алар аябай коркуп кетип, Теңирге боздоп кайрылышты.

    14:11 Анан Мусага: «Сен бизди чөлдө өлтүргөнү алып келдиң беле? Мисирде бизге көрүстөн жокпу? Бизди Мисирден алып чыгып, кыларың ушул беле?

    14:12 Биз сага Мисирде жүргөндө эле: “Бизди жайыбызга кой, мисирликтерге иштей берели”, – деп айткан жок белек? Чөлдө өлгөнчө, мисирликтерге кул болгонубуз жакшы эмес беле?» – дешти.

    14:13 Ошондо Муса элге кайрылып: «Коркпогула, чыдап турсаңар, Теңир бүгүн силерди кандай куткарып аларын өз көзүңөр менен көрөсүңөр. Бүгүн силер көрүп турган мисирликтерди мындан кийин түбөлүккө көрбөйсүңөр.

    14:14 Силер үчүн Теңир күрөшөт, силер болсо тынчсызданбагыла», – деди.

    14:15 Теңир Мусага: «үмне үчүн Мага боздоп жатасың? Ысрайыл уулдарына айт, жолун уланта беришсин.

    14:16 Сен болсо таягыңды көтөрүп, колуңду деңизге сунуп, деңизди экиге бөл. Ошондо Ысрайыл уулдары деңиздин ортосундагы кургак жер менен өтүшөт.

    14:17 Мен болсо мисирликтердин жүрөгүн катуулантып коём, алар элдин артынан кууп жөнөшөт. Ошондо Мен өз даңкымды фараон аркылуу, анын аскерлери, майдан арабалары менен атчан аскерлери аркылуу көрсөтөм.

    14:18 Мен өз даңкымды фараон аркылуу, анын майдан арабалары, атчан аскерлери аркылуу көрсөткөндө, мисирликтер Менин Теңир экенимди билишет», – деди.

    14:19 Ошондо Ысрайыл кошуунунун алдында жүргөн Кудайдын периштеси ордунан жылып, алардын артына келип турду. Алардын алдындагы булут мамы да ордунан жылып, алардын артына келип,

    14:20 Мисир кошууну менен Ысрайыл кошуунунун ортосуна туруп калды. Булут мамы түнкүсүн бирине караңгылык каптатып, экинчисине жарык берип турду, ошондуктан мисирликтер түнү бою ысрайылдыктарга жакын келе алышкан жок.

    14:21 Муса колун деңизге сунганда, Теңир түнү бою чыгыштан катуу шамал соктурду. Ошондо суулар эки жакка тартылып, деңиздин ортосу кургап калды.

    14:22 Ысрайыл уулдары деңиздин ортосундагы кургак жер менен жөнөштү. Суу болсо алардын оң жагы менен сол жагында дубалдай болуп көтөрүлүп турду.

    14:23 Мисирликтер кууп жөнөштү. Фараондун аттары, майдан арабалары жана атчан аскерлери алардын артынан деңиздин ортосуна киришти.

    14:24 Таңга маал Теңир булут мамы менен от мамыдан мисирликтердин кошуунун карап, аларга дүрбөлөң салды.

    14:25 Алардын майдан арабаларынын дөңгөлөктөрүн чыгарып салды, алар майдан арабаларын араңдан зорго сүйрөп бара жатышты. Ошондо алар мындай дешти: «Ысрайылдыктардан качпасак болбойт, анткени Теңир алар үчүн мисирликтер менен күрөшүп жатат».

    14:26 Теңир Мусага: «Колуңду деңизге сун, ошондо суу мисирликтерди майдан арабалары, атчан аскерлери менен кошо басып калат», – деди.

    14:27 Муса колун деңизге сунду, таңга маал суу өз ордуна келди. Мисирликтер суудан качышты. Ошентип, Теңир мисирликтерди деңиздин ортосуна чөктүрдү.

    14:28 Ордуна келген суу ысрайылдыктардын артынан деңизге кирген фараондун аскерлеринин майдан арабаларын жана атчан аскерлерин басып калды. Алардан бирөө да тирүү калган жок.

    14:29 Ысрайыл уулдары болсо деңиздин ортосундагы кургак жер менен өтүп кетишти. Суу алардын оң жагы менен сол жагында дубалдай болуп көтөрүлүп турду.

    14:30 Ошентип, ошол күнү Теңир ысрайылдыктарды мисирликтердин колунан куткарып алды. Ошондо ысрайылдыктар мисирликтердин деңиз жүүгинде өлүп жатканын көрүштү.

    14:31 Ысрайылдыктар Теңирдин мисирликтерге көрсөткөн улуу күчүн көрүп, Теңирден коркуп калышты. Алар Теңирге да, Анын кулу Мусага да ишенип калышты.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск