Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исход 15

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    15-БөЛЄМ

    Мусанын ыры

    15:1 Ошондо Муса менен Ысрайыл уулдары Теңирди мактап, мына бул ырды ырдашты: «Теңирге ырдаймын, анткени Ал даңазаланды, атчан аскерди аты менен кошо деңизге чөктүрдү.

    15:2 Теңир менин сепилим, мактоо ырым, Ал мени куткарды. Ал менин Кудайым, Аны даңктаймын. Ал – атамдын Кудайы, Аны даңазалаймын.

    15:3 Теңир – майдан жоокери, Жахаба – Анын ысымы.

    15:4 Фараондун майдан арабаларын, аскерин деңизге чөктүрдү, тандалган аскер башчылары Кызыл деңизге чөгүп өлүштү.

    15:5 Аларды суу басып калды, алар суунун түбүнө таш чөккөндөй чөгүштү.

    15:6 Теңир, Сенин оң колуң даңкталды. Сенин оң колуң душманды талкалады.

    15:7 өзүңө каршы чыккандарды өзүңдүн даңкыңдын улуулугу менен кыйраттың. Сенин каарың аларды саман сыяктуу өрттөп жиберди.

    15:8 Теңир, Сенин демиңен деңиз эки жакка тартылды, суу көтөрүлүп, дубалдай болуп калды, айлампалар деңиздин ортосунда токтоп калды.

    15:9 Душман: “Сая кууп жетем, олжону бөлүп алам, олжого тунам, кылычымды кынынан сууруп алып, аларды өз колум менен кырам”, – деди.

    15:10 Сен үйлөгөндө, аларды деңиз басып калды, коргошун сууга чөккөндөй, алар чоң сууга чөгүп өлүштү.

    15:11 Теңир, кудайлардын ичинде Сендей ким бар? Ыйыктыгы менен улуу, мактоого татыктуу, кереметтерди жаратуучу Сендей ким бар?

    15:12 Сен өзүңдүн оң колуңду сунганда, аларды жер жутуп кетти.

    15:13 Сен өзүң куткарган ушул элди ырайымың менен жетелеп баратасың. Ыйык жайыңа өзүңдүн күчүң менен коштоп баратасың.

    15:14 үлдер угуп, титиреп жатышат: Пелиштинин тургундарын коркунуч басты.

    15:15 үдом төрөлөрү дүрбөлөңгө түшүштү, Мааптын жол башчылары калтырап коркушту, Канаандын бүт тургундарынын көңүлү чөктү.

    15:16 Аларды чоң коркунуч бассын. Теңир, өз элиң, өзүң жараткан элиң өтүп кеткенче, алар Сенин улуу күчүңдөн таштай катып калышсын.

    15:17 Теңирим, Сен өз элиңди өзүңдүн улуу тооңо, Сен өзүң турак жай кылып алган жерге, эгедерим, өзүң жасаган ыйык жерге алып барып жайгаштыр!

    15:18 Теңир кылымдан кылымга, түбөлүккө падышачылык кылат!

    15:19 Фараондун аттары менен майдан арабалары жана атчан аскерлери деңизге киргенде, Теңир аларды карай деңиз суусун бурду, ал эми Ысрайыл уулдары деңиздин ортосундагы кургак жер менен өтүп кетишти».

    Мириямдын ыры

    15:20 Арундун карындашы, пайгамбар аял Мириям, колуна дап алды. Бүт аялдар дап кагып, шаттанып, анын артынан чыгышты.

    15:21 Ошондо Мириям алардын алдында: «Теңирге ырдагыла. Анткени Ал даңазаланды, атчан аскерди аты менен кошо деңизге чөктүрдү», – деп ырдады.

    Ачуу суу

    15:22 Муса ысрайылдыктарды Кызыл деңизден алып чыкты. Алар Шур чөлүнө келишти. Чөлдө үч күн жол жүрүштү, ичкенге суу таппай коюшту.

    15:23 Анан Марага келишти, бирок ал жердин суусун иче албай коюшту, анткени ал суу ачуу болчу. Ошондуктан ал жер Мара деп аталып калган.

    15:24 Ошондо эл Мусага: «үмне ичебиз?» – деп наалыды.

    15:25 Муса Теңирге боздоп кайрылды, ошондо Теңир ага бир жыгачты көрсөттү. Муса аны сууга ыргытканда, суу таттуу болуп калды. Ошол жерде Кудай элге мыйзамдары менен көрсөтмөлөрүн берип, ошол жерде элдин ишенимин сынады.

    15:26 Теңир аларга мындай деди: «үгерде Кудай-Теңириңди уксаң, Анын алдында Ага жаккан иштерди жасасаң, Анын осуяттары менен мыйзамдарын аткарсаң, анда Мен Мисирдин башына салган илдеттердин бирин да сага жолотпойм, анткени Мен сени айыктыруучу Теңирмин».

    15:27 Анан Ысрайыл уулдары үйлим деген жерге келишти. Ал жерде он эки булак, жетимиш курма дарагы бар эле. Алар суулардын боюна станы менен жайланышты.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск