Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исход 16

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    16-БөЛЄМ

    Манна жана бөдөнө

    16:1 Ысрайыл уулдарынын бүт жамааты үйлим жеринен чыгышты. Алар Мисир жеринен чыккандан кийин, экинчи айдын он бешинчи күнү үйлим менен Синайдын ортосундагы Син чөлүнө келишти.

    16:2 Ысрайыл уулдарынын жамааты чөлдө Муса менен Арунга кайрадан наалый баштады.

    16:3 Ысрайыл уулдары аларга: «Биз Мисир жеринде нанды тоё жеп, этке толгон казандын жанында отурганда эле, Теңирдин колунан өлүп калсак эмне! Силер бизди чөлгө ачкадан өлтүргөнү алып келген турбайсыңарбы», – деп наалышты.

    16:4 Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Мен силерге асмандан нан жаадырам. эл күн сайын сыртка чыгып, бир күнгө жеткидей нан жыйнап алсын. Ушул аркылуу Мен элди Менин мыйзамымды аткарабы, жокпу, сынап көрөм.

    16:5 Алтынчы күнү болсо алып келгендерин даярдашсын, ошондо ал күн сайын жыйнагандарынан эки эсе көп болот».

    16:6 Муса менен Арун Ысрайыл элине мындай деди: «Силерди Мисир жеринен Теңир алып чыкканын кечинде билесиңер.

    16:7 үртең менен Теңирдин даңкын көрөсүңөр, анткени Ал силердин Теңирге наалыганыңарды укту. Бизге наалыганыңардай, биз ким элек?»

    16:8 Муса мындай деди: «Теңир силерге кечинде эт, эртең менен тоё жегидей нан берет, анткени Теңир силердин өзүнө нааразы болуп, наалыганыңарды укту. Биз ким элек? Силер бизге эмес, Теңирге наалып жатасыңар».

    16:9 Анан Муса Арунга мындай деди: «Ысрайыл уулдарынын бүт жамаатына мындай деп айт: “Теңирдин алдына баргыла, себеби Ал силердин наалыганыңарды укту”».

    16:10 Арун Ысрайыл уулдарынын бүт жамаатына кайрылганда, алар чөлгө бурулушту. Ошондо Теңирдин даңкы булуттан көрүндү.

    16:11 Теңир Мусага мындай деди:

    16:12 «Мен Ысрайыл уулдарынын наалыганын уктум. Аларга мындай деп айт: “Кечинде эт жейсиңер, эртең менен нанга тоёсуңар, Менин силердин Кудай-Теңириңер экенимди ошондо билесиңер”».

    16:13 Кечинде бөдөнөлөр учуп келип, станды каптады, ал эми эртең менен стандын тегерегине шүүдүрүм түштү.

    16:14 Шүүдүрүм бууланып кетери менен, жердин бетин кыроо каптагансып, чөлдө данга окшогон майда нерселер калды.

    16:15 Ысрайыл уулдары аны көргөндө, бири-биринен: «Бул эмне?» – деп сурашты. Анткени алар анын эмне экенин билишчү эмес. Ошондо Муса аларга мындай деди: «Бул – Теңирдин силерге жегенге берген наны.

    16:16 Теңир силерге мындай буйрук берди: “Ар кимиңер жешиңерче жыйнагыла. Ар ким өз чатырында жашаган кишинин санына жараша, киши башына бир гомордон жыйнасын”».

    16:17 Ысрайыл уулдары ошондой кылышты: бири көп, бири аз жыйнады.

    16:18 Жыйнагандарын гомор менен ченешти. Көп жыйнагандыкы ашып калган жок, аз жыйнагандыкы жетпей калган жок. Ар ким жешине жараша жыйнады.

    16:19 Муса аларга: «үртең мененкиге калтырбагыла», – деди.

    16:20 Бирок алар Мусанын айтканын угушкан жок. Күү бирөөлөрү жыйнагандарынан эртең мененкиге калтырып коюшту, бирок анысы курттап, сасып кетти. Ошондо аларга Мусанын ачуусу келди.

    16:21 Алар күндө эртең менен өздөрүнө жеткидей жыйнашчу. Күн ысыганда, ал эрип кетчү.

    16:22 Алтынчы күнү алар нанды эки эсе көп, киши башына эки гомордон жыйнашты. Муну жамаат башчылары Мусага айтып келишти.

    16:23 Муса аларга мындай деди: «Теңир мындай деди: “үртең дем алыш, Теңирдин ыйык ишембиси. Отко бышыра турганыңарды бүгүн бышырып, кайната турганыңарды бүгүн кайнатып алгыла, артып калганын алып коюп, эртең мененкиге чейин сактагыла”».

    16:24 Алар Муса айткандай кылып, артып калгандарын эртең мененкиге калтырып коюшту, ал сасыган да жок, курттаган да жок.

    16:25 Муса аларга: «Муну бүгүн жегиле, анткени бүгүн Кудайдын ишембиси. Бүгүн муну талаадан таппайсыңар.

    16:26 Аны алты күн жыйнагыла. Ал эми жетинчи күн – ишемби. Бул күнү манна болбойт», – деди.

    16:27 Күү бирөөлөр жетинчи күнү жыйнаганы чыгышты, бирок үч нерсе таба алышкан жок.

    16:28 Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Качанкыга чейин Менин осуяттарым менен мыйзамдарымды аткаруудан баш тартасыңар?

    16:29 үсиңерден чыкпасын, ишембини силерге Теңир берди, ошон үчүн Ал силерге алтынчы күнү эки күндүк нан берип жатат. Ишемби күнү ар ким өз үйүндө болсун, үч ким өз үйүнөн чыкпасын».

    16:30 Ошентип, эл жетинчи күнү эс алды.

    16:31 Ысрайыл эли бул нанды «манна» деп атады. Ал нандын өңү кориандрдын уругундай аппак, даамы бал кошулган нандай эле.

    16:32 Муса аларга мындай деди: «Теңир мындай деп буйруду: “Укум-тукумуңарга сактап коюу үчүн, бир идишке бир гомор манна толтургула, силерди Мисирден алып чыккандан кийин, Мен силерди чөлдө кандай нан менен азыктандырганымды алар көрүшсүн”».

    16:33 Анан Муса Арунга мындай деди: «Бир идиш алып, ага бир гомор манна толтур да, укум-тукумуңарга сактап коюу үчүн, аны Теңирдин алдына коюп кой».

    16:34 Теңир Мусага буйругандай, Арун аны сактап коюу үчүн, келишим сандыгынын алдына алып барып койду.

    16:35 Ысрайыл уулдары өздөрү жашай турган жерге жеткиче, маннаны кырк жыл жешти. Алар Канаан жеринин чек арасына келгенге чейин манна жешти.

    16:36 Гомор болсо эйфанын ондон бир бөлүгү.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск