Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исход 17

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    17-БөЛЄМ

    Аскадан чыккан суу

    17:1 Ошентип, Теңирдин буйругу боюнча Ысрайыл уулдарынын бүт жамааты Син чөлүнөн чыгып, Репидимге келип, станы менен жайланышты. Ал жерде ичерге суу жок эле.

    17:2 Ошондо эл Мусаны: «Бизге ичкенге суу бергиле», – деп жемеледи. Муса аларга: «Силер эмне мени жемелеп жатасыңар? эмнеге Теңирди сынап жатасыңар?» – деди.

    17:3 Ошол жерде эл сууга зар болуп, Мусага мындай деп наалыды: «Сен бизди Мисирден эмнеге алып чыктың? Бизди балдарыбыз, малыбыз менен кошо сууга чаңкатып өлтүрөйүн дедиңби?»

    17:4 Ошондо Муса Теңирге мындай деп боздоп жиберди: «Бул элди мен эмне кылам? Алар мени таш бараңга алып өлтүрүүгө даяр».

    17:5 Теңир Мусага мындай деди: «үлдин алдына өтүп, Ысрайыл аксакалдарынын бир нечесин жана сууну чапкан таягыңды алып, жөнө.

    17:6 Мен сенин алдыңда, Хорептеги асканын үстүндө турам. Сен асканы чапканда, андан суу чыгып, эл суу ичет». Муса Ысрайыл аксакалдарынын көз алдында ошондой кылды.

    17:7 Ысрайыл уулдарынын жемелегенине байланыштуу ал жерге Маса жана Мериба деген ат койду, анткени алар Теңирди: «Биздин арабызда Теңир барбы же жокпу?» – деп сынашты.

    Амалыктыктардын жеңилиши

    17:8 Ошондо амалыктыктар Репидимге келип, ысрайылдыктар менен согушушту.

    17:9 Муса Жашыяга: «үркектерди тандап алып, амалыктыктар менен согуш. эртең мен дөбөнүн башында турам, Кудайдын таягы менин колумда болот», – деди.

    17:10 Жашыя Мусанын айтканындай кылып, амалыктыктар менен согушканы жөнөдү. Ал эми Муса, Арун жана Хур дөбөнүн башына чыгышты.

    17:11 Муса колдорун көтөргөндө, Ысрайыл жеңип, колдорун түшүргөндө, амалыктыктар жеңип жатты.

    17:12 Бирок Мусанын колдору талыды, ошондо Мусанын астына таш коюп беришти, ал таштын үстүнө отурду. Арун менен Хур болсо, бири бир жагынан, экинчиси экинчи жагынан Мусанын колдорун сүйөп турушту. Ошентип, анын колдору күн батканча көтөрүлүп турду.

    17:13 Жашыя амалыктыктарды кылыч мизине алып кыйратты.

    17:14 Ошондо Теңир Мусага: «Ушуну үстелик үчүн китепке жазып кой. Амалыктыктарды жер үстүнөн таптакыр жок кыларымды Жашыянын кулагына куй», – деди.

    17:15 Муса Кудайга курмандык чалынуучу жай куруп, аны Жахаба-Ниси деп атады.

    17:16 Анткени ал: «Колум Теңирдин тактысында. Теңирдин амалыктыктарга каршы согушу укумдан-тукумга уланат», – деди.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск