Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Бытие 23

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    23-БөЛЄМ

    Сааранын көз жумушу жана көргө коюлушу

    23:1 Саара жүз жыйырма жети жыл жашады.

    23:2 Ал Кирийат-Арбада, Канаан жериндеги азыркы Хеброндо көз жумду. Ыбрайым Саараны жоктоп ыйлап аза күтүү үчүн келди.

    23:3 Анан Ыбрайым маркумдун жанынан кетип, Хет уулдарына мындай деп айтты:

    23:4 «Мен силердин араңарда келгинмин, жер которуп келген кишимин. Маркумумду көмүү үчүн, араңардан менчикке жер бергиле».

    23:5 Хет уулдары Ыбрайымга мындай деп жооп айтышты:

    23:6 «Мырзабыз, бизди укчу. Сен биздин арабызда Кудайдын төрөсүсүң. Маркумуңду биздин көрүстөнүбүздүн эң жакшы жерине кой. Маркумуңду көрүстөнүбүзгө коюуга үч кимибиз каршы болбойбуз».

    23:7 Ошондо Ыбрайым ордунан туруп, ал жердин элине – Хет уулдарына таазим кылды.

    23:8 Анан аларга мындай деп айтты: «үгерде силер менин маркумумду коюуга макул болсоңор, анда менин сөзүмдү угуп, мен үчүн Сохар уулу эпрондон сурап бергиле.

    23:9 Ал мага талаасынын четиндеги Махпел үңкүрүн силердин көзүңөрчө өз баасына менчикке сатсын, аны көрүстөн кылам».

    23:10 үпрон болсо Хет уулдарынын арасында отурган. Ошондо хеттик эпрон өзүнүн шаарынын дарбазасынан кирген Хет уулдарынын баарына угуза Ыбрайымга мындай жооп айтты:

    23:11 «Жок, мырзам, уксаң мени. Мен сага талаамды да берем, андагы үңкүрдү да берем, сага аны өз элимдин уулдарынын көзүнчө бекер эле берем, маркумуңду кой».

    23:12 Ыбрайым ал жердин адамдарына таазим этип,

    23:13 ал жердин элине угуза эпронго мындай деп айтты: «үгерде тил алсаң, сага талаа үчүн күмүш берейин. Аны ал, мен ал жерге маркумумду коёюн».

    23:14 үпрон Ыбрайымга мындай деп жооп айтты:

    23:15 «Мырзам! Уксаң мени. Жер төрт жүз шекел күмүш турат. Мен үчүн да, сен үчүн да бул эмне болуп калыптыр? Маркумуңду көмө бер».

    23:16 Ыбрайым эпрондун айтканын угуп, Хет уулдарына угуза канча деп айтса, көпөстөр колдонгон төрт жүз шекел күмүштү эпронго таразага тартып берди.

    23:17 Ошентип, Мамрейдин каршысындагы Махпелдеги эпрон талаасы, ал жердеги үңкүр, ошондой эле талаадагы жана анын бардык тегерек-четиндеги бак-дарактардын баары

    23:18 анын шаарынын дарбазасы менен кирген бардык Хет уулдарынын көз алдында Ыбрайымдын эүлигине өттү.

    23:19 Ошондон кийин Ыбрайым аялы Саараны Канаан жериндеги Мамрейдин (азыркы Хеброн) каршысындагы Махпел талаасындагы үңкүргө койду.

    23:20 Ошентип, Хет уулдарынан алган андагы талаа менен үңкүр Ыбрайымдын менчик көрүстөнү болуп калды.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск