Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Бытие 24

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    24-БөЛЄМ

    Ыскактын үйлөнүшү

    24:1 Ыбрайымдын жашы өтүп, карып калган. Теңир Ыбрайымга бардык жагынан батасын берди.

    24:2 Ыбрайым эй ишин башкарган кулуна мындай деди: «Колуңду менин саныма коюп туруп,

    24:3 уулума мен жашап жаткан Канаан жеринин кыздарынан аял алып бербейм деп, асман-жердин Кудайы болгон Теңир менен ант бер.

    24:4 Менин жериме, менин мекениме барып, уулум Ыскакка аял алып келесиң».

    24:5 Ошондо кулу ага мындай деди: «үгерде ал аял бул жерге мени менен келгиси келбесечи? Анда уулуңду туулган жериңе кайра жиберишим керекпи?»

    24:6 Ыбрайым ага: «Байкагын, уулумду ал жакка кайра жибербе.

    24:7 Мени атамдын үйүнөн, туулган жеримден алып чыгып, мага: “Бул жерди сенин тукумуңа берем”, – деп убада кылган асман Кудай-Теңири сенин алдыңан өз периштесин жиберет, ошондо сен ал жерден уулума аял алып келесиң.

    24:8 үгерде аял сени менен келүүнү каалабаса, анда мага берген антыңдан кутуласың, бирок уулумду ал жакка кайра жибербе», – деди.

    24:9 Ошондо кулу колун мырзасы Ыбрайымдын санына коюп, ошентип ант берди.

    24:10 Анан кулу өз мырзасынын төөлөрүнөн он төө алып, жөнөп кетти. Анын колунда мырзасынын ар кандай асыл буюмдары да бар эле. Ал туруп, Месопотамияга, Нахордун шаарына жөнөдү.

    24:11 Ал шаардын сыртындагы кудуктун жанына кечке маал, аялдар суу алууга чыга турган мезгилде төөлөрүн чөктүрдү.

    24:12 Анан ал: «Теңирим, Ыбрайым мырзамдын Кудайы! Ал кызды мага бүгүн жолуктура көр, менин мырзам Ыбрайымга ырайым кыла көр.

    24:13 Мына, мен кудуктун жанында турам, шаардын кыздары суу сузуп алганы келе жатышат.

    24:14 Мен кайсы кызга: “Кумураңды эңкейтчи, суу ичип алайын”, – десем, ал: “Ич, төөлөрүңдү да сугарып берем”, – десе, анда ошол кыз Сен өз кулуң Ыскакка дайындаган кыз экенин жана Сен менин мырзама ырайым кылганыңды билем», – деди.

    24:15 Ал айтып бүтө электе эле, Ыбрайымдын бир тууганы Нахордун аялы Милка төрөгөн Бетуелдин кызы Ребека ийнине кумурасын көтөрүп, кудуктун жанына келди.

    24:16 Кыз чырайлуу, эркек көрө элек кыз эле. Ал кудукка келип, кумурасын толтуруп алып, өйдө көздөй жөнөдү.

    24:17 Ошондо кул кыздын астынан чуркап чыгып: «Кумураңдан кичине суу ичирчи», – деди.

    24:18 Кыз: «Ич, мырзам», – деди да, ошол замат кумурасын ийнинен түшүрүп, колуна алып, ага суу ичирди.

    24:19 Кыз ага суу ичиргенден кийин: «Төөлөрүңдүн да суусуну кангыча сузуп келип берейин», – деди.

    24:20 Анан ал ошол замат кумурасындагы сууну аштоого куя салып, кудукка кайра чуркап барып, анын бүт төөлөрүнө суу сузуп берди.

    24:21 Жолуна Теңир батасын берген-бербегенин билгиси келгендиктен, ал киши унчукпай, кызды таң кала карап турду.

    24:22 Төөлөр суу ичип бүткөндөн кийин, ал киши салмагы жарым шекел алтын болгон шакекти жана салмагы он шекел алтын болгон эки билерикти алып чыгып, мындай деп сурады:

    24:23 «Кимдин кызысың? Айтчы мага, атаңдын үйүндө биз түнөгөнгө орун барбы?»

    24:24 Кыз ага: «Нахор менен Милканын уулу Бетуелдин кызымын», – деп жооп берди.

    24:25 Анан дагы мындай деди: «Бизде жем-чөп көп. Түнөгөнгө да орун бар».

    24:26 Ошондо ал киши башын ийип таазим кылып, Теңирге табынып, мындай деди:

    24:27 «Мырзам Ыбрайымдын Кудай-Теңирине алкыш! Ал менин мырзамды өзүнүн ырайымы менен акыйкатынан куру калтырбаптыр! Теңир мени түз эле мырзамдын бир тууганынын үйүнө алып келди».

    24:28 Кыз чуркап барып, муну энесинин үйүндөгүлөрүнө айтты.

    24:29 Ребеканын Лабан деген бир тууган агасы бар эле. Лабан кудукту көздөй жанагы кишиге чуркап чыкты.

    24:30 Ал карындашынын колуна салынган шакеги менен билериктерин көрүп жана карындашы Ребеканын «Бул киши мени менен ушинтип сүйлөштү» дегенин угуп, ал кишиге келсе, ал кудуктун жанында төөлөрү менен турган экен.

    24:31 Ошондо Лабан ага: «Теңир батасын берген адам, эйгө кир. эмнеге сыртта турасың? Мен сага эй, төөлөрүңө жай камдап койдум», – деди.

    24:32 Ал киши эйгө кирди. Лабан төөлөрдү жайдактап, алардын алдына жем-чөп салып, ага жана аны менен бирге келгендерге буттарын жууганга суу берди.

    24:33 Анын алдына тамак коюшту, бирок ал: «өз ишимдин жөнүн айтмайын жебеймин», – деди. Алар: «Айт», – дешти.

    24:34 Ошондо ал: «Мен Ыбрайымдын кулумун.

    24:35 Теңир менин мырзама батасын мол бергендиктен, ал бай адам болду. Ал ага кой да, өгүз да, күмүш да, алтын да, кул да, күң да, төө да, эшек да берди.

    24:36 Мырзамдын аялы Саара картайып калганда, ага уул төрөп берди. Мырзам уулуна өзүндө болгондун баарын берди.

    24:37 Анан мырзам менден: “Уулума мен жашап жаткан жердеги Канаан кыздарынан аял алып бербе,

    24:38 атамдын элине, менин туугандарыма барып, уулума аял алып келесиң”, – деп, ант алды.

    24:39 Мен мырзама: “үгерде ал кыз мени менен келбесечи?” – десем,

    24:40 ал мага: “Мен табынган Теңир сени менен өз периштесин жиберип, жолуңду ачат, анан сен менин уулума туугандарымдан, атамдын элинен аял алып келесиң.

    24:41 Сен менин туугандарымдыкына барып келгенден кийин, менин антымдан кутуласың. эгерде алар беришпесе, анда да антымдан кутуласың”, – деген.

    24:42 Мен бүгүн кудукка келип: “Теңирим, мырзам Ыбрайымдын Кудайы! эгерде Сен менин жолумду ачкан болсоң,

    24:43 анда мына, мен кудуктун жанында турам. Суу алганы келген кызга: "Кумураңдан кичине суу ичирчи", – дейм.

    24:44 Ошондо ал мага: "Сен да ич, төөлөрүңө да сузуп берейин", – десе, анда мырзамдын уулуна Теңир белгилеп койгон кыз ошол”, – дедим.

    24:45 Ичимден Кудайга ушинтип айтып бүтө электе эле, Ребека келди. Анын ийнинде кумурасы бар экен. Ал кудукка келип, суу сузуп алды. Ошондо мен ага: “Мага сууңдан берчи”, – дедим.

    24:46 Ал ошол замат кумурасын ийнинен түшүрүп: “Ич, төөлөрүңө да сузуп берейин”, – деди. Мага да берди, төөлөрүмдү да сугарды.

    24:47 Мен андан: “Кимдин кызысың?” – деп сурадым. Ал: “Нахор менен Милканын уулу Бетуелдин кызымын”, – деп жооп берди. Ошондо мен ага шакек менен билериктерди бердим.

    24:48 Анан мен Теңирге башымды ийип таазим этип, мырзам Ыбрайымдын Кудай-Теңирине алкыш айттым. Ал менин мырзамдын уулуна бир тууганынын кызын алып берүү үчүн, мени түз алып келди.

    24:49 Менин мырзама ырайым жана акыйкаттык кылайын деген оюңар бар же жок экенин мага азыр эле айткыла? Айткыла, анан мен оңго же солго бурулуп кетейин».

    24:50 Ошондо Лабан менен Бетуел: «Бул иш Теңирден. Биз сага жакшы да, жаман да айта албайбыз.

    24:51 Мына, Ребека алдыңда турат. Аны алып, жолго чык. Теңир айткандай, ал мырзаңдын уулунун аялы болсун», – деп жооп беришти.

    24:52 Ыбрайымдын кулу алардын сөзүн укканда, Теңирге жерге чейин башын ийип таазим этти.

    24:53 Анан ал кул алтын-күмүш буюмдарды, кийимдерди алып чыгып, Ребекага берди. Агасы менен энесине да кымбат баалуу белектерди берди.

    24:54 Ошентип, ал жанындагы кишилери менен конок болуп, түнөп калды. Алар эртең менен турушканда, кул аларга: «үми мени мырзама коё бергиле», – деди.

    24:55 Бирок кыздын бир тууганы менен энеси: «Кызыбыз биз менен, жок дегенде, он чакты күн болсун. Андан кийин жөнөйсүң», – дешти.

    24:56 Бирок ал: «Мени кармабагыла, анткени Теңир менин жолумду ачкан. Мени коё бергиле, мырзама барайын», – деди.

    24:57 Алар: «Кызды чакырып сурайлы, ал эмне дүүр экен», – дешти.

    24:58 Ребеканы чакырып, андан: «Бул киши менен барасыңбы?» – деп сурашты. Кыз: «Барам», – деп жооп берди.

    24:59 Ошондо алар өздөрүнүн карындашы Ребеканы, анын эмчек энесин, Ыбрайымдын кулун, анын жанындагы кишилерди коё беришти.

    24:60 Алар Ребекага: «Биздин карындашыбыз! Сенден миң-миңдеген тукум төрөлүп, укум-тукумуң душмандарыңдын турак жайларын эүлесин!» – деп батасын беришти.

    24:61 Анан Ребека жана анын кызматчысы ордуларынан туруп, төөлөргө минип, тиги кишинин артынан жөнөштү. Ошентип, Ыбрайымдын кулу Ребеканы алып, жөнөп кетти.

    24:62 Ыскак болсо Бейир-Лакай-Ройиге келди, анткени ал түштүк жеринде жашап жаткан.

    24:63 Кеч киргенде, Ыскак сыйынганы талаага чыгып, көз чаптырып караса, төөлөр келе жатыптыр.

    24:64 Ребека Ыскакты көрө коюп, төөдөн түшүп, кулдан:

    24:65 «Бизди талаада тосуп келе жаткан ким?» – деп сурады. «Ал менин мырзам», – деп жооп берди кул. Ошондо Ребека чүмбөттү алып, жамына калды.

    24:66 Кул Ыскакка эмне кылганынын баарын айтып берди.

    24:67 Ыскак кызды энеси Сааранын чатырына алып кирди. Ал Ребеканы алды, ал анын аялы болуп калды, ал кызды сүйүп калды. Ошентип, Ыскак энесинин күйүтүнөн сооронду.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск