Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Бытие 25

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    25-БөЛЄМ

    Ыбрайымдын Кетурадан төрөлгөн уулдары

    25:1 Ыбрайым Кетура деген аялды да алды.

    25:2 Ал аялы ага Зимранды, Жокшанды, Мыданды, Мидианды, Ишпакты жана Шубахты төрөп берди.

    25:3 Жокшандан Шеба менен Дедан төрөлдү. Дедандан ашурлар, летуштар, лумдар төрөлдү.

    25:4 Мидиандын уулдары: эйпа, эйпер, Ханох, Абида жана элдаа. Булардын баары – Кетуранын уулдары.

    25:5 Ыбрайым өзүндө болгондун бардыгын Ыскакка берди.

    25:6 Ал эми күң аялдарынан төрөлгөн уулдарына белек берип, уулу Ыскактан бөлүп, көзүнүн тирүүсүндө эле чыгышка, чыгыш жерине жөнөтүп жиберди.

    Ыбрайымдын көз жумушу жана көргө коюлушу

    25:7 Ыбрайым жүз жетимиш беш жыл жашады.

    25:8 Анан ал көз жумду. Ал бакыбат өмүр сүрүп, абдан карып, өмүргө тоюп, өз элине кошулду.

    25:9 Уулдары Ыскак менен Ысмайыл аны Мамрейдин каршысындагы хеттик Сохар уулу эпрондун талаасындагы Махпел үңкүрүнө коюшту.

    25:10 Ал талааны Ыбрайым Хеттин уулдарынан сатып алган. Ошентип, ал жерге Ыбрайым менен аялы Саара коюлду.

    25:11 Ыбрайым көз жумгандан кийин, Кудай анын уулу Ыскакка батасын берди. Ыскак Бейир-Лакай-Ройинин жанында жашап турду.

    Ысмайылдын укум-тукуму

    25:12 Сааранын күңү мисирлик Ажардан төрөлгөн, Ыбрайымдын уулу Ысмайылдын санжырасы мындай:

    25:13 Ысмайылдын уулдарынан тараган уруулардын аттары мына булар: Ысмайылдын туну – Ныбайот, андан кийин  Кейдар, Адбаел, Мипсам,

    25:14 Мишма, Дума, Маса,

    25:15 Хадат, Тейма, Жетур, Напиш жана Кедма.

    25:16 Булар – Ысмайылдын уулдары, булар – алардын отурукташкан айыл-кыштактарынын, конуштарынын аттары. Булар – алардын он эки уруусунун башчылары.

    25:17 Ысмайыл жүз отуз жети жыл өмүр сүрүп, көз жумуп, өз элине кошулду.

    25:18 Алар Ашурга бараткан жолдогу, Мисирдин алдындагы Хабиладан тартып Шурга чейинки жерлерде жашашкан. Алар бардык бир туугандарынын жанына отурукташышкан.

    үйсап менен Жакыптын төрөлүшү

    25:19 Ыбрайымдын уулу Ыскактын санжырасы мындай: Ыбрайымдан Ыскак төрөлгөн.

    25:20 Ыскак Месопотамиядагы арамейлик Лабандын карындашы, арамейлик Бетуелдин кызы Ребеканы алганда, кырк жашта эле.

    25:21 Ыскак Теңирге өз аялы жөнүндө сыйынды, анткени ал согончогу канабаган аял эле. Теңир аны угуп, аялы Ребеканын боюна бүттү.

    25:22 Курсагында жаткан балдары тепкилеше баштаганда, ал мындай деди: «үгер мындай боло турган болсо, анда мага жашоонун эмне кереги бар?» Анан Теңирден сураганы кетти.

    25:23 Теңир ага мындай деди: «Курсагыңда эки уруу эл жатат, курсагыңдан эки башка эл чыгат. Бири экинчисинен күчтүү болот, улуусу кичүүсүнө кызмат кылат».

    25:24 Анын төрөр маалы келип төрөгөндө, курсагындагысы эгиз болуп чыкты.

    25:25 Биринчиси теридей түктүү, кызыл болуп төрөлдү. Анын атын эйсап коюшту.

    25:26 Андан кийин анын бир тууганы чыкты. Ал эйсаптын согончогун кармай чыкты. Анын атын Жакып коюшту. Алар төрөлгөндө, Ыскак алтымыш жашта эле.

    үйсаптын өз тунгучтугун сатышы

    25:27 Балдар чоңоюшту. эйсап мыкты аңчылык кылган талаа адамы болду. Ал эми Жакып чатырда жашаган, момун адам болду.

    25:28 Ыскак эйсапты жакшы көрчү, анткени илбүүсиндин эти анын табити тарткан тамагы эле. Ребека болсо Жакыпты жакшы көрчү.

    25:29 Жакып тамак бышырды, эйсап болсо талаадан чарчап келди.

    25:30 Анан эйсап Жакыпка мындай деди: «Мага кызылынан, мына бул кызылынан жегенге берчи, анткени мен чарчадым». Ушундан улам ал эдом деген атка конду.

    25:31 Бирок Жакып: «Анда мага азыр тунгучтугуңду сат», – деди.

    25:32 «Ачкадан өлүп баратам, мага тунгучтуктун эмне кереги бар?» – деди эйсап.

    25:33 Жакып ага: «Азыр эле мага ант бер», – деди. Ошондо эйсап Жакыпка ант берип, ага өзүнүн тунгучтугун сатты.

    25:34 Ошондон кийин Жакып эйсапка нан коюп, жасмыктан жасалган тамак берди. Ал жеп-ичип, ордунан туруп кетти. эйсап өзүнүн тунгучтугун баалаган жок.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск