Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Бытие 26

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    26-БөЛЄМ

    Ыскактын Герар жериндеги жашоосу

    26:1 Ыбрайымдын убагында болгондой эле, жер бетинде дагы ачарчылык болду. Ыскак Пелишти падышасы Абы-Мелекке бармак болуп, Герар жерине жөнөдү.

    26:2 Теңир ага келип, мындай деди: «Мисирге барба, Мен сага айткан жерде жаша.

    26:3 Ошол жерде келгин катары жаша. Мен сени менен болом, сага батамды берем, анткени сага жана сенин тукумуңа ошол жердин баарын берем, Мен сенин атаң Ыбрайымга берген антымды орундатам.

    26:4 Сенин укум-тукумуңду асмандагы жылдыздардай көбөйтөм. Сенин укум-тукумуңа бул жердин баарын берем. Жер жүзүндөгү бардык элдер сенин уругуң аркылуу бата алышат.

    26:5 Анткени Ыбрайым Менин айтканымды угуп, Мен аткар деп осуят кылганды, Менин буйруктарымды, көрсөтмөлөрүмдү, мыйзамдарымды аткарды».

    26:6 Ошентип, Ыскак Герарга отурукташты.

    26:7 Ал жердин тургундары анын аялы жөнүндө сурашканда, ал: «Бул менин карындашым», – деп жооп берди. Ребека үчүн бул жердин тургундары мени өлтүрүп коюшат деп ойлоп, ал аны «менин аялым» деп айткандан коркту, анткени ал сулуу аял эле.

    26:8 Бирок ал жерде көп убакыт жашагандан кийин, Пелишти падышасы Абы-Мелек терезеден Ыскактын өз аялы Ребека менен ойноп жатканын көрдү.

    26:9 Ошондо Абы-Мелек Ыскакты чакырып: «Бул сенин аялың турбайбы, аны “карындашым” деп кантип айттың?» – деди. «Аялым үчүн мени өлтүрүп коюшат деп ойлодум», – деп жооп берди Ыскак.

    26:10 Бирок Абы-Мелек: «Бул эмне кылганың? эл арасынан бирөө сенин аялыңа жакындап коё жаздады, аз жерден бизди күнөөгө түртүп коё жаздадың», – деди.

    26:11 Анан Абы-Мелек бүт элге буйрук берип, мындай деди: «Ким бул адамга жана анын аялына тийсе, ал өлүм жазасына тартылат».

    26:12 Ыскак ошол жерге арпа сүүп, ошол жылы жүз эселеп түшүм алды, анткени Теңир ага ушинтип батасын берди.

    26:13 Ошентип, Ыскак бай адам болду. Анын байлыгы көбөйгөндөн көбөйүп, абдан бай болду.

    26:14 Анын майда жана бодо малы, айдоо жерлери көп болгондуктан, пелиштиликтер көз арта башташты.

    26:15 Атасы Ыбрайымдын көзү тирүүсүндө, атасынын кулдары казган кудуктардын баарын пелиштиликтер уратып, топуракка толтуруп салышты.

    26:16 Абы-Мелек да Ыскакка: «Бизден алыс кет, анткени бизден алда канча күчтүү болуп алдың», – деди.

    26:17 Ошондо Ыскак ал жерден кетип, чатырларын Герар өрөөнүнө тигип, ошол жерде отурукташып калды.

    26:18 Атасы Ыбрайымдын убагында казылып, ал өлгөндөн кийин пелиштиликтер топурак толтуруп салган кудуктарды Ыскак кайрадан казып, аларды атасы атаган аттар менен атады.

    26:19 Ыскактын кулдары өрөөндү казып жатып, ал жерден суусу бар кудук табышты.

    26:20 Ошондо Герардын койчулары менен Ыскактын койчулары: «Бул биздин суу», – деп талашышкандыктан, ал анын атын эйсек деп атады.

    26:21 Дагы бир кудук казышты. Ал тууралуу да талашышкандыктан, ал анын атын Ситна деп атады.

    26:22 Ошондо ал бул жерден кетип, башка кудук казды. Ал тууралуу талаш болгон жок. Ошондо ал: «үми Теңир бизге кенен жер берди, биз эми жер бетинде көбөйө баштайбыз», – деп, ал кудукту Рехобот деп атады.

    26:23 Ал жерден ал Бейер-Шебага көчтү.

    26:24 Ошол түнү Теңир ага келип, мындай деди: «Мен сенин атаң Ыбрайымдын Кудайымын. Коркпогун, анткени Мен сени мененмин. Кулум Ыбрайым үчүн сага батамды берип, сенин тукумуңду көбөйтөм».

    26:25 Ошондо Ыскак ошол жерге курмандык чалынуучу жай куруп, Теңирдин атын чакырды. Ошол жерге чатырын тикти. Кулдары ошол жерге кудук казышты.

    Ыскактын Абы-Мелек менен келишим түзүшү

    26:26 Ага Герардан Абы-Мелек өзүнүн досу Акузат жана аскер башчысы Пихол менен келди.

    26:27 Ыскак аларга: «Силер мени жек көрүп, өзүңөрдүн араңардан кууп жибергенден кийин, мага эмнеге келдиңер?» – деди.

    26:28 «Теңир сени менен экенин ачык көрдүк, ошон үчүн биз сени менен антташып, келишим түзөлү.

    26:29 Анткени биз сага тийбей, жакшылык гана кылып, сени тынчтык менен коё бергендей эле, сен да бизге жамандык кылба. Сен азыр Теңирдин батасына эүсиң», – дешти алар.

    26:30 Ыскак алар үчүн той өткөрдү. Алар ичип-жешти.

    26:31 үртеси эртең менен эрте туруп, алар бири-бирине ант беришти. Ыскак аларды коё берди, алар аныкынан тынчтык менен жөнөп кетишти.

    26:32 Ошол эле күнү Ыскактын кулдары келип, өздөрү казган кудук тууралуу: «Биз суу таптык», – деп кабарлашты.

    26:33 Ыскак ал кудукту Шеба деп атады. Ошондуктан ушул күнгө чейин ал шаардын аты Бейер-Шеба деп аталат.

    үйсаптын аялдары

    26:34 эйсап кырк жашка чыкканда, хеттик Бейердин кызы Жейудитти жана хеттик эйлондун кызы Басыматты аялдыкка алды.

    26:35 Алар Ыскак менен Ребеканын башына түшкөн кайгы болду.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск