Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Евреям 6

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: GEN - BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    6-БөЛЄМ

    6:1-2 Ошондуктан Машайак жөнүндөгү окутуунун алгачкы негиздерине токтоло бербей, өлүк иштер үчүн тобо кылуу, Кудайга ишенүү, чөмүлдүрүүлөр, кол коюу, өлгөндөрдүн тирилиши жана түбөлүк сот жөнүндөгү алгачкы түшүнүктөргө кайра-кайра кайрыла бербей, жеткилең болууга умтулалы.

    6:3 Кудай кааласа, муну да кылабыз.

    6:4 Бир кезде чындыкты билген, асман белегинен даам таткан, Ыйык Рухка элүштөш болгон,

    6:5 Кудайдын жакшы Сөзүнүн жана келечектеги замандын кудуретинин даамын таткан адамдар

    6:6 ишенимден четтеп кетишсе, аларды кайрадан тобо кылдыруу аркылуу баштапкы абалына келтирүү мүмкүн эмес. Анткени алар ушинтүү менен Кудай Уулун кайрадан айкаш жыгачка керип, жаманатты кылышууда.

    6:7 Жамгыр менен көп жолу сугарылып, дыйкандарга өз түшүмүн берген жер Кудайдан бата алат.

    6:8 Ал эми төө тикен менен коко тикенди өстүргөн жер – жараксыз, каргышка кала турган, акыры өрттөлө турган жер.

    6:9 Сүйүктүүлөрүм, ушинтип айтканыбыз менен, силердин абалыңар мындан жакшыраак экенине жана куткарылууну бекем тутуп жүргөнүңөргө ишенебиз.

    6:10 Анткени Кудай адилетсиз эмес, Ал силердин эмгегиңерди жана Анын ысымы үчүн ыйыктарга көрсөткөн сүйүэңөрдү, аларга кылган жана кылып жаткан кызматыңарды унутпайт.

    6:11 Толук эмүткө эү болуш үчүн, ар бириңердин аягына чейин ушундай аракет кылышыңарды каалайбыз.

    6:12 Жалкоолонбогула, убадаланганды ишеними жана чыдамдуулугу менен мурастагандардан элгү алгыла.

    6:13 Кудай Ыбрайымга убада бергенде, өзүнөн жогору үч ким жок болгондуктан, өзү менен ант берип, мындай деген:

    6:14 «Сага батамды мол берем, сенин тукумуңду көбөйткөндөн көбөйтөм».

    6:15 Ыбрайым чыдамдуулук менен күтүп, убадаланганга эү болду.

    6:16 Адамдар жогорку нерсе менен ант беришет, ант айтылган сөздү бекемдеп, талаш-тартышты токтотот.

    6:17 Ошол сыяктуу эле Кудай да убадалангандын мураскорлоруна өз эркинин өзгөрбөстүгүн ачыгыраак көрсөткүсү келгендиктен, убадасын ант менен бекемдеди.

    6:18 Баш паанек тапкан жана алдыбыздагы эмүттү карманган биз Кудайдын калп айтууга мүмкүн болбогон өзгөргүс эки нерсеси – убадасы жана анты менен сооронушубуз үчүн ошондой кылды.

    6:19 Биздин жаныбыз үчүн кеменин оор кайырмак темириндей бекем жана ишенимдүү болгон ал эмүт көшөгөнүн артына өтө алат.

    6:20 Ыйса түбөлүккө Малки-Седек даражасындагы Башкы ыйык кызмат кылуучу болуп, ошол жерге бизден мурун, биз үчүн кирди.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск