Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иакова 1

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    1-БөЛЄМ

    1:1 Кудайдын жана Теңир Ыйса Машайактын кулу Жакыптан Ысрайыл элинин тарап кеткен он эки уруусуна салам!

    Ишенимдин сыналышы

    1:2 Бир туугандарым, башыңарга келген ар кандай сыноолорду зор кубаныч менен кабыл алгыла.

    1:3 Анткени сыналган ишенимиңер чыдамкайлыкты жаратарын билесиңер.

    1:4 Бардык жагынан жеткилең, үч кемчиликсиз болушуңар үчүн, чыдамкайлык жеткилең аракетке эү болушу керек.

    1:5 Кимиңерге акылмандык жетишпей жатса, баарына берешендик менен, жемелебестен берген Кудайдан сурасын, ага берилет.

    1:6 Бирок үч шектенбестен, ишеним менен сурасын. Анткени шектенген адам шамал айдаган деңиз толкунуна окшош.

    1:7 Мындай адам Теңирден бир нерсе алам деп ойлобой эле койсун.

    1:8 үки ойлуу адам өзүнүн бардык жолдорунда туруксуз.

    1:9 Басынтылган бир тууган өзүнүн бийиктиги менен сыймыктансын.

    1:10 Ал эми бай бир тууган өзүнүн басынтылгандыгы менен сыймыктансын, анткени ал чөптүн гүлүнө окшоп тез эле соолуп калат.

    1:11 Күн чыгып, аптап болуп турганда, чөп куурап, гүлү күбүлүп түшүп, кооздугу кетет. Ошол сыяктуу эле бай адам да өзүнүн жолдорунда куурайт.

    1:12 Сыноолорду башынан өткөрүп жаткан адам бактылуу. Анткени сыноодон өткөндөн кийин, ал адам Теңир өзүн сүйгөндөргө убада кылган өмүр таажысын алат.

    Азгырыктар жөнүндө

    1:13 Азгырылып жатканда, үч ким: «Кудай мени азгырып жатат», – деп айтпасын. Анткени Кудай жамандыкка азгырылбайт жана үч кимди азгырбайт.

    1:14 Тескерисинче, ар ким өзүнүн кумарына берилип, алданып азгырылат.

    1:15 Кумар түйүлүп, күнөө туулат. Ал эми кылынган күнөө өлүмгө дуушар кылат.

    1:16 Сүйүктүү бир туугандарым, алданбагыла!

    1:17 Ар кандай жакшы нерсе, ар кандай жеткилең белек жогорудан, жарыктын Атасынан келет. Анда үч кандай өзгөрүлүү жок, өзгөрүлүүнүн көлөкөсү да жок.

    1:18 Жараткандарынын ичинен биринчилери болуубуз үчүн, Ал бизди өз каалоосу боюнча чындык сөзү аркылуу жаратты.

    Кудай сөзүн угуу жана аткаруу

    1:19 Сүйүктүү бир туугандарым, ар бир адам укканга даяр болсун, ойлонуп сүйлөсүн, ачууга алдырбасын.

    1:20 Анткени ачууланган адам Кудайга жаккан ишти жасабайт.

    1:21 Ошондуктан ар кандай ыпыластыкты жана калган жаман адаттарыңарды таштап, жүрөгүңөргө себилип жаткан, жаныңарды куткара ала турган сөздү момундук менен кабыл алгыла.

    1:22 Сөздү угуучулар гана болуп, өзүңөрдү алдабастан, сөздү аткаруучулар болгула.

    1:23-24 Сөздү угуп, бирок аткарбаган адамды күзгүгө каранып, ары басары менен өзүнүн кандай экенин унутуп койгон адамга окшоштурса болот.

    1:25 Жеткилең мыйзамга, эркиндиктин мыйзамына, дитин коюп, ошол мыйзам боюнча жашаган адам унутчаак угуучу эмес, аткаруучу болуп, өз иш-аракетинен бакыт табат.

    1:26 Ким өзүн такыбаа эсептесе, бирок тилин тартпаса, анда ал өзүн өзү алдап жатат, анын такыбаалыгы – курулай такыбаалык.

    1:27 Кудай Атанын алдындагы таза жана кемчиликсиз такыбаалык – бул жетим-жесирлерге кам көрүү жана өзүн бул дүйнөдө таза сактоо.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск