Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Евреям 13

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    13-БөЛЄМ

    Акыркы насаат сөз

    13:1 Ортоңордо бир туугандык сүйүү дайыма болсун.

    13:2 Меймандос болууну унутпагыла. Анткени күү бирөөлөр өздөрү билбестен, периштелерди коноктошкон.

    13:3 өзүңөрдү туткунга алынгандар менен чогуу туткунга алынгандай эсептеп, туткунга алынгандарды эсиңерден чыгарбагыла. өзүңөр азап чегип жаткандай болуп, азап чегип жаткандарды эсиңерден чыгарбагыла.

    13:4 Никеңер адал болсун, нике төшөгүңөр булганбасын. Бузулгандар менен нике бузгандарды болсо Кудай соттойт.

    13:5 Дүнүйөкор болбогула, колуңарда болгонуна ыраазы болгула. Анткени Кудай өзү: «Сени калтырбайм жана таштабайм», – деп айткан.

    13:6 Ошондуктан биз: «Теңир менин жардамчым, ошондуктан мен коркпойм, адам мага эмне кыла алат?» – деп, чечкиндүүлүк менен айта алабыз.

    13:7 Кудай Сөзүн айткан насаатчыларыңарды унутпагыла. Алардын өмүрүнүн акырын карап, алардын ишеним жолун жолдогула.

    13:8 Ыйса Машайак кечүү кандай болсо, бүгүн да ошондой жана түбөлүккө ошол бойдон.

    13:9 Ар кандай, жат окутууларга кызыкпагыла! Анткени жүрөгүңөрдүн тамак-ашка байланыштуу расмилер менен эмес, ырайым менен бекемделгени жакшы, ал расмилерди кармангандар пайда табышкан эмес.

    13:10 Биздин курмандык чалынуучу жайыбыз бар, жыйын чатырынын кызматчыларынын андагы курмандыктан жегенге укугу жок.

    13:11 Анткени башкы ыйык кызмат кылуучу курмандыкка чалынган малдын канын күнөөлөрдүн тазаланышы үчүн ыйык жайга алып кирет, малдын эти болсо кошуундун сыртында өрттөлөт.

    13:12 Ошол сыяктуу Ыйса да өз каны менен адамдарды ыйыктоо үчүн, шаар дарбазасынын сыртында азап чекти.

    13:13 Ошондуктан кошуундун сыртына чыгып, Ага баралы. Ал көргөн кордукту биз да көрөлү.

    13:14 Анткени биздин бул жерде туруктуу шаарыбыз жок, келечектегини эңсеп жатабыз.

    13:15 Ошондуктан Кудайга мактоо курмандыгын, башкача айтканда, Анын ысымын даңктаган ооз курмандыгын Ыйса аркылуу тынымсыз алып келели.

    13:16 Кайрымдуулук иштерин кылууну жана бири-бириңерге жардам берүүнү унутпагыла, анткени мындай курмандыктар Кудайга жагат.

    13:17 Жетекчилериңерге баш ийгиле, моюн сунгула. Себеби алар силер үчүн жооп бере турган адамдар катары силердин жаныңар үчүн күндүр-түндүр кам көрүшөт. Алар эшкүрүнө эмес, кубаныч менен кам көрүшү үчүн баш ийгиле. Алардын эшкүрүнө кам көргөнү силер үчүн пайдасыз.

    13:18 Биз үчүн сыйынгыла. Абийирибиздин таза экенине бекем ишенебиз, анткени өзүбүздү бардык нерседе туура алып жүрүүгө аракет кылабыз.

    13:19 Силерге тезирүүк барышым үчүн сыйынып турушуңарды өзгөчө суранам.

    Саламдар

    13:20 Койлордун улуу Кайтаруучусун – биздин Теңирибиз Ыйса Машайакты түбөлүк келишимди ырастаган кан менен тирилткен, тынчтыктын булагы болгон Кудай

    13:21 өзүнүн эрки аткарылышы үчүн, Ыйса Машайак аркылуу силерде өзүнө жага турганды жаратып, силерди ар кандай жакшы ишке жөндөмдүү кылсын. Ал кылымдан кылымга даңктала берсин! Оомийин.

    13:22 Бир туугандар, силерден суранарым, бул насаатты кабыл алгыла. Мен силерге көп деле жазган жокмун.

    13:23 Бир тууганыбыз Тиметейдин бошотулганы тууралуу кабардар болгула. эгерде ал тез арада келсе, мен аны менен бирге силерди көргөнү барам.

    13:24 Жетекчилериңердин баарына жана бардык ыйыктарга салам айтып койгула. Италиялыктар силерге салам айтып жатышат.

    13:25 Кудай баарыңарга ырайымын төгө берсин! Оомийин.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск