Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иакова 2

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    2-БөЛЄМ

    үки жүздүүлүк кылуудан сактануу

    2:1 Бир туугандарым, даңктуу Теңирибиз Ыйса Машайакка ишенгендер катары бет карамалык кылуудан сак болгула.

    2:2 Чогулушуңарга алтын шакек тагынган, кымбат баалуу кийим кийген адам жана жупуну кийинген жарды адам келсе,

    2:3 силер кымбат баалуу кийим кийген адамды карап: «Сен бул жерге отурсаң болот», – деп, ал эми жарды адамга: «Сен тигил жерге тур же менин ылдый жагыма отур», – десеңер,

    2:4 анда адамдарды алакчылаган адилетсиз сот болуп жаткан жоксуңарбы?

    2:5 Кулак салгылачы, сүйүктүү бир туугандарым! Ишенимге бай болушсун, өзүн сүйгөндөргө убада кылган Падышачылыктын мурасчылары болушсун деп, Кудай бул дүйнөнүн жардыларын тандап алган жок беле?

    2:6 Силер болсо жардыны кемсинтип жатасыңар. Силерди кысымга алып, сотторго сүйрөп барып жаткандар байлар эмеспи?!

    2:7 Силер алып жүргөн жакшы атты жаманатты кылып жаткандар ошолор эмеспи?!

    2:8 үгерде силер Падышанын Ыйык Жазуудагы «өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныңды да ошондой сүй» деген мыйзамын аткарып жатсаңар, анда жакшы кылып жатасыңар.

    2:9 үгерде бет карамалык кылып жатсаңар, анда күнөө кылып жатасыңар жана мыйзам алдында кылмышкерсиңер.

    2:10 Ким мыйзамдын баарын аткарып жүрүп, алардын бирин эле бузса, бүт мыйзамды бузган болот.

    2:11 Анткени «Ойноштук кылба» деген Кудай «Киши өлтүрбө» деп да айткан. эгерде сен ойноштук кылбасаң, бирок киши өлтүрсөң, баары бир мыйзамды бузуучу болосуң.

    2:12 Силер эркиндик мыйзамы боюнча соттолуучуларсыңар, ошондуктан сүйлөгөн сөзүңөр менен кылган ишиңер ошого ылайык болсун.

    2:13 Анткени ырайым кылбаган адам ырайымсыздык менен соттолот. Ырайым соттон жогору.

    Ишсиз ишеним чыныгы ишеним эмес

    2:14 Бир туугандарым, ким ишенем десе, бирок ишенимине ылайык иштерди кылбаса, андан эмне пайда? Ошондой ишеним аны куткара алабы?

    2:15 үгерде бир туугандарыңардын киер кийими, ичер тамагы жок болсо,

    2:16 араңардан бирөө аларга: «Тынчтык менен баргыла. Жылуу кийингиле, курсагыңарды тойгузгула», – десе, бирок алардын денесине керектүүнү бербесе, андан эмне пайда?

    2:17 Ошол сыяктуу эле ишсиз ишеним – өлүк ишеним.

    2:18 Бирок кимдир бирөө минтип айтышы мүмкүн: «Сенин ишенимиң бар, ал эми менин иштерим бар. Мага ишсиз ишенимиңди көрсөт, мен болсо сага иштерим аркылуу ишенимимди көрсөтөйүн».

    2:19 Сен Кудайдын бирөө экендигине ишенесиң, мунуң жакшы. Бирок жиндер да ишенип, титиреп турушат.

    2:20 Акылсыз адам, ишсиз ишеним өлүк экенин билгиң келеби?

    Ишеним иштер аркылуу жеткилеңдикке жетет

    2:21 өз уулу Ыскакты курмандыкка чалмакчы болгон атабыз Ыбрайым иши менен акталган жок беле?

    2:22 Көрдүңбү, анын ишеними иштери менен коштолгон. Ишеним иштер аркылуу жеткилеңдикке жетти.

    2:23 Ошентип, Ыйык Жазуудагы «Ыбрайым Теңирге ишенди. Ишеними ага адилдик катары эсептелди» деген сөз аткарылып, Ыбрайым Кудайдын досу аталды.

    2:24 Көрдүңөрбү, адам ишеними менен гана эмес, иштери менен да акталат.

    2:25 Чалгынчыларды үйүнө кабыл алып, андан кийин башка жол менен узатып жиберген бузулган аял Рахап да иши менен акталган жок беле?

    2:26 Демек, рухсуз дене өлүк болгон сыяктуу эле, ишсиз ишеним да өлүк.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск