Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иеремия 25

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    25-БөЛЄМ

    Түндүктөн келе турган душман жөнүндөгү пайгамбарчылык

    25:1 Жүйүт падышасы Жошия уулу Жайакимдин падышачылыгынын төртүнчү жылында бүт жүйүт эли тууралуу Жеремияга Теңирден болгон сөз. Бул Бабыл падышасы Небухаданасардын падышачылыгынын биринчи жылы болгон.

    25:2 Ошондо Жеремия пайгамбар бүт жүйүт элине жана Иерусалимдин бардык тургундарына бул сөздү айтты:

    25:3 «Жүйүт падышасы Амон уулу Жошиянын падышачылыгынын он үчүнчү жылынан бүгүнкү күнгө чейин, жыйырма үч жыл бою Теңирден мага сөз болду. Мен силерге таң заардан сүйлөп келдим, бирок силер укпай койдуңар.

    25:4 Теңир силерге өзүнүн бардык кулдарын, пайгамбарларын таң заардан жиберип турду, бирок силер аларды уккан жоксуңар, угуш үчүн кулак салбай койгонсуңар.

    25:5 Алар силерге: “Ар бириңер өзүңөрдүн кыянат жолуңардан жана жаман иштериңерден бурулгула, Теңир силерге жана силердин ата-бабаларыңарга кылымдардан-кылымдарга берген жерде жашагыла.

    25:6 Башка кудайлардын артынан жүрбөгүлө, аларга кызмат кылбагыла, аларга таазим этпегиле, өз колуңар менен жасаган нерселер менен Менин каарымды кайнатпагыла, ошондо Мен силерге жамандык кылбайм”, – деп айтышкан.

    25:7 “Бирок силер Мени укпай койдуңар, – дейт Теңир, – өзүңөргө жамандык кылып, өз колуңар менен жасаган нерcелер менен Менин каарымды кайнаттыңар”.

    25:8 Ошондуктан Себайот Теңир мындай дейт: “Менин сөзүмдү укпай койгонуңар үчүн,

    25:9 мына, Мен түндүктөгү бардык урууларды, Менин кулум Бабыл падышасы Небухаданасарды бул жерге, бул жердин тургундарына жана айланадагы бардык элдерге каршы алып келем, – дейт Теңир. – Аларды таптакыр жок кылам, шылдыңга калтырам, түбөлүк урандыга айлантам, аларды көргөндөрдүн эрөйлөрү учат.

    25:10 Алардын кубанычынын жана шаттыгынын үнүн, күйөө менен колуктусунун үнүн, дан тарткан жаргылчагынын үнүн токтотом, шам чырактарынын жарыгын өчүрөм.

    25:11 Ошондо бул жердин бардыгы чөлгө жана эрөйдү учурган жерге айланат. Бул элдер Бабыл падышасына жетимиш жыл кызмат кылышат.

    25:12 Анан мындай болот: жетимиш жыл өткөндөн кийин, Бабыл падышасын да, ошол элди да өздөрүнүн мыйзамсыздыгы үчүн жазалайм, – дейт Теңир, – каздимдердин жерин да жазалайм, аны түбөлүк чөлгө айлантам.

    25:13 Мен өзүмдүн ошол жерге каршы айткан сөздөрүмдүн бардыгын, бардык элдерге каршы Жеремиянын пайгамбарчылык кылып айткан, ушул китепте жазылган нерселеринин бардыгын жүзөгө ашырам.

    25:14 Анткени аларды да сансыз элдер, улуу падышалар кулга айландырышат. Мен аларга өздөрүнүн кылык-жоругуна жараша жана колдору менен кылган иштерине жараша тиешесин берем”».

    Кудайдын жазасы

    25:15 Анткени Ысрайылдын Кудай-Теңири мага мындай деп айтты: «Менин колумдан Менин каарымдын шарабына толгон бул чөйчөктү алып, Мен сени кайсы элдерге жиберсем, ошол элдердин баарына андан ичир.

    25:16 Алар ичип алып, теңселишет, анан Менин аларга каршы жиберген кылычымды көрүп, акылдан ажырап калышат».

    25:17 Ошондо мен Теңирдин колунан чөйчөктү алып, Теңир мени жиберген бардык элдерге андан ичирдим:

    25:18 бүгүнкү күнү көрүнүп тургандай, талкалап, көргөндөрдүн эрөйү учкудай кылып, шылдыңга, каргышка калтырыш үчүн, Иерусалимге жана Жүйүт шаарларына, анын падышаларына жана төрөлөрүнө,

    25:19 Мисир падышасы фараонго, анын кызматчылары менен төрөлөрүнө жана бүт элине,

    25:20 ар уруудан кошулган элдердин баарына, Ус жеринин бардык падышаларына, Пелишти жеринин: Ашкелондун, Азанын, экрондун жана Азоттун калдыгынын падышаларына,

    25:21 үдомго, Маапка, Амон уулдарына,

    25:22 Тирдин бардык падышаларына, Сидондун бардык падышаларына, деңиздин ары жагындагы аралдардын падышаларына,

    25:23 Деданга, Теймага, Бузага жана чекесиндеги чачын кырккандардын бардыгына,

    25:24 Аравиянын бүт падышаларына, чөлдө жашаган ар кыл уруудагы элдердин бүт падышаларына,

    25:25 Зимринин бүт падышаларына, эйламдын бүт падышаларына, Мадайдын бүт падышаларына,

    25:26 түндүктөгү падышалардын бардыгына, бири-бирине жакындарына да, алыстарына да, жер бетиндеги бардык падышаларга ичирдим, ал эми Шейшайдын падышасы алардан кийин ичет.

    25:27 «Аларга айт: Ысрайылдын Кудайы, Себайот Теңир мындай дейт: “Ичкиле, мас болгула, кускула, кулагыла, Мен силерге каршы жиберген кылычты көргөнүңөрдө, ордуңардан турбагыла”.

    25:28 үгерде алар ичкилери келбей, чөйчөктү сенин колуңдан алуудан баш тартышса, анда аларга айт: Себайот Теңир мындай дейт: “Силер сөзсүз ичесиңер”.

    25:29 Анткени Менин ысымым менен аталган мына бул шаарга Мен алаамат каптата баштадым. Анан силер жазаланбай калмак белеңер? Жок, жазаланбай калбайсыңар, анткени Мен жер жүзүндө жашагандардын бардыгына кылыч чакырып жатам, – дейт Себайот Теңир.

    25:30 Ошондуктан аларга мына бул сөздөрдүн бардыгын пайгамбарчылык кылып айт: “Теңир бийиктен күркүрөйт, өзүнүн ыйык турагынан өз добушун салат. өзүнүн айыл-кыштактарына абдан катуу дүңгүрөйт, Ал жүзүм сыгылуучу жайда жүзүм тебелегендерге окшоп, жер жүзүндө жашагандардын бардыгына кыйкырат.

    25:31 Ызы-чуу жер кыйырына жетет, анткени Теңир элдер менен соттошот, Ал ар бир адам менен соттошот, мыйзамсыздарды кылычтын мизине алат“», – дейт Теңир.

    25:32 Себайот Теңир мындай дейт: «Мына, алаамат элден элге өтөт, жер кыйырынан чоң куюн көтөрүлөт».

    25:33 Ошол күнү Теңир өлтүргөн адамдар жердин бир кыйырынан экинчи кыйырына чейин жатат, аларды үч ким жоктоп ыйлабайт, үч ким жыйнабайт, үч ким көмбөйт. Алар жер бетинде кык болушат.

    25:34 Койчулар, боздоп ыйлагыла, онтогула! Yйүр башчылары, башыңарга күл чачкыла. Анткени силердин союла турган, чачыла турган күндөрүңөр келди, кымбат идиштей кулайсыңар.

    25:35 Ошондо койчуларга баш паана, үйүр башчыларына куткарылуу болбойт.

    25:36 Койчулардын ыйы, үйүр башчыларынын өкүрүгү угулуп жатат, анткени Теңир алардын жайыттарын эүн калтырды.

    25:37 Теңирдин катуу каарынан тынч жаткан айыл-кыштактар кыйрап жатат.

    25:38 Теңир арстан сыяктуу өзүнүн турак жайын калтырды. Алардын жери кыйраткычтын каарынан жана Теңирдин жалындаган каарынан чөлгө айланды.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск