Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иеремия 26

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    26-БөЛЄМ

    Жеремиянын жазаланышы

    26:1 Жүйүт падышасы Жошия уулу Жайакимдин падышачылыгынын башталышында Теңирден мындай сөз болду:

    26:2 «Теңир мындай дейт: “Теңир үйүнүн короосунда туруп алып, Жүйүт аймагынын шаарларынан Теңир үйүндө таазим кылууга келгендердин бардыгына айт деп, Мен сага буйруган баягы сөздөрдүн баарын айт, бир да сөздү кемитпе.

    26:3 Балким, алар угушар, ар бири өзүнүн жаман жолунан бурулар, ошондо Мен алардын жаман иштери үчүн алаамат каптатам деген оюмдан кайтам.

    26:4 Ошон үчүн аларга айт: Теңир мындай дейт: "үгерде силер Мен берген мыйзам боюнча жүргүңөр келбесе, Менин тилимди албай турган болсоңор,

    26:5 Мен силерге таң заардан жиберген Менин кулдарымдын – пайгамбарларымдын сөздөрүнө кулак салбай турган болсоңор (аларды силер укпай жатасыңар),

    26:6 анда Мен Шилону кандай кылсам, бул эйдү ошондой кылам, бул шаарды болсо жердеги бардык элдерге маскара кылдырам"”».

    26:7 Жеремия бул сөздөрдү Теңир үйүндө айтып жатканда, ыйык кызмат кылуучулар, пайгамбарлар жана бүт эл угуп турушту.

    26:8 Жеремия Теңирдин ага бүт элге айт деп буйруган сөздөрүнүн бардыгын айтып бүткөндө, ыйык кызмат кылуучулар, пайгамбарлар жана бүт эл аны кармап алып: «Сен өлүшүң керек.

    26:9 үмне үчүн сен Теңирдин атынан пайгамбарчылык кылып: “Бул эй Шилодой болот, бул шаар кыйрап, эүн калат”, – деп айтып жатасың?» – дешти. Бүт эл Жеремияга каршы Теңир үйүнө чогулду.

    26:10 Бул тууралуу Жүйүт төрөлөрү угушканда, алар падыша үйүнөн чыгып, Теңир үйүнө келип, Теңир үйүнүн жаңы дарбазасынын алдына отурушту.

    26:11 Ошондо ыйык кызмат кылуучулар менен пайгамбарлар төрөлөргө жана бүт элге: «Бул адам өлүм жазасына тартылсын, анткени анын бул шаарга каршы пайгамбарчылык кылганын өз кулагыңар менен уктуңар!» – дешти.

    26:12 Ошондо Жеремия бүт төрөлөргө жана бүт элге мындай деди: «Бул эй жөнүндө жана бул шаар жөнүндө силер уккан сөздөрдү пайгамбарчылык кылып айт деп, мени Теңир жиберди.

    26:13 Ошондуктан өз жолуңарды жана кылган иштериңерди оңдогула, Кудай-Теңириңердин үнүн уккула, ошондо Теңир силерге айткан алааматын токтотот.

    26:14 Мен болсо, мына, силердин колуңардамын. Көзүңөргө эмне жакшы, эмне адилеттүү көрүнсө, мага ошону кылгыла.

    26:15 Бирок билип койгула: эгерде силер мени өлтүрсөңөр, анда жазыксыз канды өзүңөрдүн мойнуңарга жана бул шаардын, анын тургундарынын мойнуна жүктөп аласыңар, анткени ушул сөздөрдүн бардыгын силердин кулагыңарга айтыш үчүн, чындыгында, мени Теңир жиберди».

    26:16 Ошондо төрөлөр жана бүт эл ыйык кызмат кылуучулар менен пайгамбарларга: «Бул адамды өлүм жазасына тартканга болбойт, анткени ал бизге Кудай-Теңирибиздин атынан сүйлөдү», – дешти.

    26:17 Ошондой эле бул жердин аксакалдарынын күү бирөөлөрү ордунан туруп, жыйналган бүт элге кайрылып, мындай дешти:

    26:18 «Жүйүт падышасы Хискиянын тушунда морейшилик Михей пайгамбарчылык кылып, бүт жүйүт элине: “Себайот Теңир мындай дейт: "Сион талаа айдалгандай айдалат, Иерусалим үйүлгөн урандыга айланат, бул эй турган тоо токойлуу дөңсөөгө айланат"”, – деген.

    26:19 Ошон үчүн аны Жүйүт падышасы Хиския менен бүт жүйүт эли өлтүрдү беле? Хиския Теңирден корккон жок беле, Теңирге жалынган жок беле? Ошондо Теңир аларга айткан алааматын токтоткон. Биз болсо өз жаныбызга зор кыянаттык кылганы жатабыз.

    26:20 Ошондой эле кирийат-жаримдик Шемаянын уулу Урий деген адам да Теңирдин атынан пайгамбарчылык кылган, ал бул шаарга жана бул жерге каршы пайгамбарчылык кылып, так эле Жеремия айткан сөздөрдү айткан.

    26:21 Анын сөздөрүн Жайаким падыша төрөлөрү, мырзалары менен укканда, ал аны өлтүргүсү келген. Бул кабарды уккан Урий коркуп, Мисирге качып кеткен.

    26:22 Бирок Жайаким падыша Мисирге да кишилерин жиберген: Акбар уулу элнатанды жана ага кошуп башка кишилерди жиберген.

    26:23 Алар Урийди Мисирден алып чыгып, Жайаким падышага алып келишкен, ал аны кылычтап өлтүрүп, анын сөөгүн карапайым элдин көрүстөнүнө ыргытып жиберген».

    26:24 Бирок Сапан уулу Акикамдын колу Жеремия тарапта болуп, аны элдин колуна өлтүргөнгө берген жок.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск