Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иисус Навин 17

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    17-БөЛЄМ

    Менашенин жарым уруусунун батыштагы элүшү

    17:1 Жусуптун тун уулу Менашеге өкчөмө таш түштү: эр жүрөк жоокер Гилаттын атасы, Менашенин тун уулу Махирге Гилат менен Башан тийди.

    17:2 Менашенин калган уулдарына да эй-бүлөлөрүнө жараша элүш бөлүндү. Алар – Абиезер, Хейлек, Асриел, Шехем, Хейпер, Шемит эй-бүлөлөрү. Жусуптун уулу Менашенин эркек балдарынан тараган эй-бүлөлөр ушулар.

    17:3 Менашенин уулу Махирдин, Махирдин уулу Гилаттын, Гилаттын уулу Хейпердин, Хейпердин уулу Салапаттын эркек балдары жок эле, кыздары гана болгон. Анын кыздарынын аттары: Махла, Ноя, Хогла, Милка жана Тирса.

    17:4 Алар ыйык кызмат кылуучу элазарга, Нундун уулу Жашыяга жана башчыларга келип, мындай дешти: «Бизге бир туугандарыбыз менен бирге элүш берсин деп, Теңир Мусага буйруган эле». Ошондо Теңирдин буйругу боюнча аларга атасынын бир туугандарынын элүшүнүн жанынан элүш бөлүндү.

    17:5 Менашеге Иордандын аркы өйүзүндөгү Гилат менен Башан жеринен тышкары он элүш тийди.

    17:6 Анткени Менашенин кыздары элүштү Менашенин уулдарынын элүшүнүн жанынан алышты. Гилат жери болсо Менашенин башка уулдарына тийди.

    17:7 Менашенин чек арасы Ашырдан Шекемдин каршысындагы Михметатка кетет. Ал жерден оңго бурулуп, эйин-Тапуах аймагына кетет.

    17:8 Тапуах жери Менашеге тийди, Менашенин чек арасынын жанындагы Тапуах шаары болсо эпрайым уулдарына тийди.

    17:9 Ал жерден чек ара Кана дарыясына түштүк тараптан түшөт. Бул шаарлар Менаше шаарларынын арасында жайгашса да, эпрайымга таандык. Менашенин чек арасы дарыянын түндүк тарабында, чек ара деңиз менен бүтөт.

    17:10 Түштүк тараптагы жер эпрайымдыкы, түндүк тараптагы жер Менашеники. Деңиз алардын чек арасы болгон. Ал түндүк тараптан Ашыр менен, чыгыш тараптан Исахар менен чектешет.

    17:11 Исахар менен Ашырдын Менашеге таандык болгон жерлери мына булар: Бейт-Шейан жана ага караштуу жерлер, Иблейем жана ага караштуу жерлер, Дорада жашоочулар жана ага караштуу жерлер, эйен-Дордо жашоочулар жана ага караштуу жерлер, Таанахта жашоочулар жана ага караштуу жерлер, Мегидодо жашоочулар жана ага караштуу жерлер, ошондой эле Напоттун үчүнчү бөлүгү.

    17:12 Менашенин уулдары бул шаарлардын тургундарын кууп чыга алышкан жок. Ошентип, канаандыктар бул жерде жашап калышты.

    17:13 Ысрайыл уулдары кубаттанган кезде, канаандыктарды салык төлөй турган кылып коюшту, бирок аларды кууп чыгышкан жок.

    Жусуптун тукумунун нааразычылыгы

    17:14 Жусуптун уулдары Жашыяга мындай деп айтышты: «үмне үчүн сен мага бир эле өкчөмө таш ыргытып, бир эле элүш бөлдүң, менин элим көп, анткени Теңир мага ушинтип батасын берген».

    17:15 Жашыя аларга мындай деди: «үлиң көп болсо, эпрайым тоосу сага тардык кылып жатса, периздиктер менен репалыктардын жериндеги токойлорду тазалап ал».

    17:16 Ошондо Жусуптун уулдары мындай дешти: «Тоо бизге тардык кылат, бирок өрөөндө жашаган канаандыктардын, ошондой эле Бейт-Шейанда жана аларга караштуу жерлерде, Изрейел өрөөнүндө жашагандардын арабалары темирден».

    17:17 Ошондо Жашыя Жусуптун уулдары эпрайым менен Менашеге мындай деди: «Сенин элиң көп, күчүң да көп. Сен бир эле элүш менен чектелип калбайсың.

    17:18 Тоо да, бул токой да сеники болот, сен аны тазалап аласың, бүт токой сеники болот. Канаандыктардын арабалары темирден болсо да, алардын күчү зор болсо да, сен аларды кууп чыгасың».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск