Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иисус Навин 18

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    18-БөЛЄМ

    18:1 Ысрайыл уулдарынын бүт жамааты Шилого чогулуп, ал жерге жыйын чатырын орнотушту, анткени ал жерди алар басып алышкан эле.

    18:2 Ысрайыл уулдарынын ичинен өз элүшүн ала элек жети уруу калган.

    18:3 Жашыя Ысрайыл уулдарына мындай деди: «Ата-бабаңардын Кудай-Теңири силерге берген жерди эүлеп албай, жалкоолонуп жүрө бересиңерби?

    18:4 Ар бир уруудан эчтөн киши жибергиле. Мен аларды жөнөтөм, алар барып, жерди көрүп, кандай бөлүштүрүү керек экенин байкап келишет.

    18:5 Алар жерди жетиге бөлүшсүн. Жүйүт өз жеринде, түштүктө калсын, Жусуптун тукуму болсо өз жеринде, түндүктө калсын.

    18:6 Силер болсо жерди жети элүшкө бөлүп, чиймесин мага алып келгиле. Мен ушул жерде, Кудай-Теңирибиздин алдында өкчөмө таш ыргытам.

    18:7 Ал эми лебилер элүш алышпайт, анткени алардын элүшү – Теңирге ыйык кызмат кылуу. Гат, Рубейин жана Менашенин жарым уруусуна жерди Теңирдин кулу Муса берген. Алар жерди Иордандын аркы өйүзүнөн, чыгыш тараптан алышкан».

    18:8 Тандалган адамдар орундарынан туруп жөнөп кетишти. Жашыя болсо жердин чиймесин чийип келүүгө жөнөп жаткандарга мындай буйрук берди: «Барып, ал жерди көрүп, чиймесин чийип келгиле. Мен бул жерде, Шилодо, Теңирдин алдында силер үчүн өкчөмө таш ыргытам».

    18:9 Алар барып, жерди кыдырып көрүштү. Анан анын шаарларынын чиймесин чийип, жерди жети элүшкө бөлүп, Шилого, стандагы Жашыяга келишти.

    18:10 Жашыя Шилодо, Теңирдин алдында өкчөмө таш ыргытып, Ысрайыл уулдарына жер бөлүштүрүп берди.

    Бенжемин уруусунун элүшү

    18:11 Биринчи өкчөмө таш Бенжемин уруусундагы эй-бүлөлөргө түштү. өкчөмө таш боюнча алар элүштү Жүйүттүн уулдары менен Жусуптун уулдарынын элүштөрүнүн ортосунан алышты.

    18:12 Алардын түндүк тараптагы чек арасы Иордандан башталып, Жерихонун түндүк тарабынан өтүп, батышты карай тоого көтөрүлүп, Бейт-Абен чөлү менен бүтөт.

    18:13 Ал жерден чек ара түштүк тарапка, Лузга, башкача айтканда, Бейтелге кетет да, төмөнкү Бейт-Корондун түштүк тарабындагы Атрот-Адар тоосуна түшөт.

    18:14 Анан чек ара Бейт-Корондун алдындагы тоодон түштүктү карай, деңиз тарапка бурулат да, Кирийат-Баалдын, башкача айтканда, Жүйүт уулдарынын шаары болгон Кирийат-Жейаримдин жанынан бүтөт. Бул – батыш тарабы.

    18:15 Түштүк чек ара Кирийат-Жейаримдин жанынан деңизди карай кетет да, Нептоах сууларынын башатына жетет.

    18:16 Анан чек ара Ином уулунун өрөөнүнүн алдындагы тоонун этегине, репалыктардын өрөөнүнө, түндүккө түшөт, анан Ином өрөөнү менен Жебустун түштүк тарабына түшүп, эйин-Рогелге кетет.

    18:17 Түндүктөн бурулуп, эйин-Шемешке кетет, андан ары Адумум дөңсөөсүнүн каршысындагы Гелилотко кетет, анан Рубейин уулунун Боан ташына түшөт.

    18:18 Анан түздүктүн жанынан түндүктү карай өтүп, түздүккө түшөт.

    18:19 Ал жерден чек ара Бейт-Кагланын жанынан түндүккө өтүп, Туздуу деңиздин түндүк булуңунан, Иордандын түштүгүндөгү куйган жеринен бүтөт. Бул – түштүк чек ара. Чыгыш чек арасы Иордан болуп эсептелет.

    18:20 Бенжемин уруусунун туш тараптан курчалган чек аралары ушулар.

    18:21 Бенжемин уруусуна таандык шаарлар: Жерихо, Бейт-Кагла жана эймек-Кетсис,

    18:22 Бейт-Араба, Семарайым жана Бейтел,

    18:23 Абым, Пара жана Опра,

    18:24 Кепар-Аамонай, Айопни жана Геба. Айыл-кыштактары менен он эки шаар.

    18:25 Гибон, Рама жана Бейрот,

    18:26 Миспе, Кепира жана Мотса,

    18:27 Рекем, Ирпейел жана Тарала,

    18:28 Сейла, элеп жана Жебус, башкача айтканда, Иерусалим, Гибат жана Кериот. Айыл-кыштактары менен он төрт шаар. Бенжемин уруусунун элүшү ушул.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск