Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иисус Навин 7

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    7-БөЛЄМ

    Ахандын күнөөсү

    7:1 Бирок Ысрайыл уулдары кылмыш кылып, каргышка калган нерселерден катып алышты. Жүйүт уруусунан Зерактын уулу, Забдийдин уулу, Карминин уулу Ахан каргышка калгандардан катып алды. Ошондо Ысрайыл уулдарына Теңирдин каары кайнады.

    7:2 Бейтелдин чыгыш тарабындагы Бейт-Абенге жакын турган Ай шаарына Жашыя Жериходон кишилерди жөнөтүп, аларга мындай деди: «Барып, жерди көрүп келгиле». Алар жөнөп кетишти да, Айды карап келишти.

    7:3 Анан Жашыяга кайтып келип, мындай дешти: «Бардык эл барбасын, эки же үч миңге жакын адам барып, Айды басып алсын. Бүт элди убара кылып, ал жакка жибербе, анткени ал жердеги эл аз эле экен».

    7:4 Ошентип, элдин арасынан ал жакка үч миңге жакын киши кетти. Бирок алар Айдын тургундарынан качып жөнөштү.

    7:5 Айдын тургундары алардын отуз алты кишисин өлтүрүштү, аларды шаар дарбазасынан Шебаримге чейин сая кууп жетип, тоонун үңкейишинде талкалашты. Ошондо элдин эмүтү эзүлүп, көңүлү чөктү.

    7:6 Жашыя жана аны менен кошо Ысрайыл аксакалдары кийимдерин айрып, Теңир сандыгынын алдына көмкөрөсүнөн кулап, кечке чейин жатышты, баштарына күл чачышты.

    7:7 Анан Жашыя мындай деди: «Оо эгедер Теңир! Бизди аморлуктардын колуна салып берип, кырдыра турган болсоң, эмне үчүн элди Иордандан өткөрдүң? Оо, Иордандын ары жагында эле жашап калсак эмне!

    7:8 Оо Теңир! Ысрайыл душмандан качкандан кийин, мен эмне айтмак элем?

    7:9 Канаандыктар менен жер бетинин тургундары муну угуп, бизди курчоого алышат, биздин атыбызды жер үстүнөн өчүрүшөт. Ошондо өзүңдүн улуу ысымыңа эмне кыласың?»

    7:10 Ошондо Теңир Жашыяга мындай деди: «Тур, эмне үчүн жүзтөмөндөп жыгылдың?

    7:11 Ысрайыл күнөө кылды. Аларга берген Менин келишимимди бузушту, каргышка калган нерселерден уурдап, жашырып, өз буюмдарынын арасына катып алышты.

    7:12 Мына ошон үчүн Ысрайыл уулдары кас душмандарына туруштук бере албай, душманынан качып жөнөштү, анткени алар каргыштын астында калышты. эгерде араңардагы каргышка калгандарды жок кылбасаңар, Мен силер менен мындан ары болбойм.

    7:13 Тур, элди ыйыкта. Аларга мындай де: “Таң атканга чейин ыйыкталгыла, анткени Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: "Каргышка калган нерсе сенин ичиңде, Ысрайыл, каргышка калган нерсени өзүңдөн алып салмайынча, кас душмандарыңа туруштук бере албайсың"”.

    7:14 үртең эртең менен уруу-уруу болуп келгиле. Теңир көрсөткөн уруу тукум-тукум болуп келсин. Ал эми Теңир көрсөткөн тукум эй-бүлө-үй-бүлө болуп келсин. Теңир көрсөткөн эй-бүлөдөгүлөр бир-бирден келсин.

    7:15 Каргышка калган нерсени уурдап айыбы ачылган адамды отко өрттөп жиберишсин, Теңирдин келишимин бузуп, Ысрайылдын ичинде мыйзамсыз иш кылганы үчүн, өзүн жана ага тиешелүү нерселердин бардыгын өрттөшсүн».

    7:16 Жашыя эртең менен эрте туруп, Ысрайылга: «Уруу-уруу болуп келгиле», – деп буйрук кылды. Ошондо Жүйүт уруусу көрсөтүлдү.

    7:17 Анан ал Жүйүт уруусу келсин деп буйрук кылды. Ошондо Зерактын тукуму көрсөтүлдү. Зерактын тукумуна эй-бүлө-үй-бүлө болуп келсин деп буйрук кылды, ошондо Забдийдин эй-бүлөсү көрсөтүлдү.

    7:18 Анын эй-бүлөсүндөгүлөр бир-бирден келсин деп буйрук кылды. Ошондо Жүйүт уруусунан Зерактын уулу, Забдийдин уулу, Карминин уулу Ахан көрсөтүлдү.

    7:19 Ошондо Жашыя Аханга мындай деди: «Уулум! Теңирди, Ысрайылдын Кудайын, даңазала, Анын алдында күнөөңдү мойнуңа ал, анан эмне кылганыңды мага айт, менден жашырба».

    7:20 Ахан болсо Жашыяга мындай деп жооп берди: «Ысрайылдын Кудай-Теңиринин алдында күнөөгө батканым чын, мен мындай кылдым:

    7:21 олжолордун арасынан бир жакшынакай Шинар кийимин, эки жүз күмүш шекелди, салмагы элүү шекел уютулган алтынды көрдүм. Алар мага жагып калды, ошондуктан мен аларды алдым. Мына, алар чатырымдын ортосунда көмүлүп турат, күмүштөр да ошол жерде».

    7:22 Жашыя кишилерди жөнөттү, алар чатырга жетип барышты. Булар чатырга катылыптыр, күмүштөр да ошол жерде экен.

    7:23 Аларды чатырдан алып чыгып, Жашыяга жана Ысрайыл уулдарына алып келишти да, Теңирдин алдына коюшту.

    7:24 Жашыя менен бардык ысрайылдыктар Зерактын уулу Аханды күмүшү, кийими, уютулган алтыны, балдары жана кыздары, өгүздөрү жана эшектери, койлору жана чатыры, бардык буюм-тайымдары менен Акойак өрөөнүнө алып чыгышты.

    7:25 Анан Жашыя мындай деди: «Биздин башыбызга мүшкүл түшүргөнүң үчүн, Теңир бүгүн сенин башыңа мүшкүл түшүрөт». Ошондо бүт ысрайылдыктар аны таш бараңга алышты да, аларды отко өрттөп жиберишти, үстү-үстүнө таш ыргытышты.

    7:26 Ыргытылган таштар үйүлүп, дөбө болду, ал бүгүнкү күнгө чейин бар. Ошондон кийин Теңирдин кайнаган каары токтоду. Андыктан ал жер азыркыга чейин Акор өрөөнү деп аталат.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск