Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иисус Навин 8

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    8-БөЛЄМ

    Ай шаарын басып алуу

    8:1 Теңир Жашыяга мындай деди: «Коркпо да эрөйүңдү учурба, өзүң менен кошо согушка жарактуу элдин бардыгын алып, Айды беттеп жөнө. Мына, Мен Айдын падышасын, элин, шаарын, жерин сенин колуңа салып бердим.

    8:2 Жерихону жана анын падышасын кандай кылсаң, Айды жана анын падышасын да ошондой кыл, бирок анын олжосу менен мал-мүлкүн өз ара бөлүп алгыла. Шаар сыртына буктурма кой».

    8:3 Жашыя менен согушка жарактуу бардык эл Айга бет алууга түп көтөрө турду. Жашыя эр жүрөк отуз миң адамды тандап, аларды түн ичинде жөнөттү.

    8:4 Анан аларга мындай деп буйрук берди: «Байкагыла, силер шаар сыртында, буктурмада болгула, шаардан көп алыстабай, баарыңар даяр тургула.

    8:5 Ал эми мен жана мени эүрчиген жалпы эл шаарга бет алабыз. Айдын тургундары мурдагыдай эле бизди беттеп качыра бергенде, биз алардан качып жөнөйбүз.

    8:6 Алар бизди сая кууйт, биз аларды шаардан алыстатып кетебиз, анткени алар: “Мурдагыдай эле бизден качып бара жатышат”, – деп айтышат. Биз алардан качып жөнөгөнүбүздө,

    8:7 силер буктурмадан чыгып, шаарды эүлеп алгыла. Аны Кудай-Теңириңер силердин колуңарга салып берет.

    8:8 Шаарды басып алгандан кийин, аны өрттөп жибергиле, Теңир айткандай кылгыла. Байкагыла, мен силерге буйрук берип жатам».

    8:9 Жашыя аларды ошентип узатты, алар буктурмага жөнөп, Айдын күн батыш тарабындагы Бейтел менен Айдын ортосунда бугуп жатышты. Жашыя ошол түнү эл арасында түнөдү.

    8:10 үртең менен эрте туруп, Жашыя элди карап чыкты да, Ысрайыл аксакалдары менен элдин алдына түшүп, Айга бет алды.

    8:11 Аны эүрчиген согушка жарактуу элдин баары шаарга жакын келишти.

    8:12 Жашыя станды Айдын түндүк тарабына жайгаштырды, алар менен Айдын ортосунда өрөөн бар эле. Анан ал беш миңге жакын кишини шаардын батыш тарабындагы Ай менен Бейтелдин ортосундагы буктурмага койду.

    8:13 Стан-стан болуп жайгашкан элди шаардын түндүк тарабына койду, буктурмадагы элди шаардын батыш тарабына койду. Ошол түнү Жашыя өрөөндүн ортосуна келди.

    8:14 Муну көргөн Айдын падышасы эртең менен эрте туруп, шаар тургундарын түп көтөрүп, Ысрайылга каршы салгылашууга чыкты. Ал башында турган шаар эли өрөөндөгү белгилүү жерге келди. Шаар сыртында ал үчүн буктурма турганын ал билген жок.

    8:15 Жашыя менен Ысрайыл эли алардан жеңилимиш болуп, чөлдү беттеп качып жөнөштү.

    8:16 Алар болсо шаарда калган элдин бардыгын ысрайылдыктарды кууганга чакырышты. Анан алар Жашыяны кууп бара жатып, шаардан алыстап кетишти.

    8:17 Ай менен Бейтелде ысрайылдыктардын артынан куубаган бир да адам калган жок. Ысрайылдыктарды кууйбуз деп, алар шаар дарбазаларын ачык ташташты.

    8:18 Ошондо Теңир Жашыяга мындай деди: «Колуңдагы найзаны Айды карай сун, Мен аны колуңа салып берем». Жашыя колундагы найзаны шаарды карай сунду.

    8:19 Буктурмада жаткандар дароо ордуларынан турушуп, түп көтөрө чуркашты. Ал найзасын сунар замат, шаарга кирип барып, аны багынтып алып, ошол замат шаарды өрттөп жиберишти.

    8:20 Айдын тургундары артын карап, шаардан көтөрүлгөн түтүн көккө жетип жатканын көрүштү. Алар качарга жер таппай, бул жакка да, тигил жакка да кача албай калышты, анткени чөлдү көздөй качып бараткан ысрайылдыктар куугунчуларды көздөй бурулушту.

    8:21 Жашыя менен ысрайылдыктар буктурмада жаткандардын шаарды алганын, шаардан көтөрүлгөн түтүн көккө жетип жатканын көрүшүп, кайра кайрылып, Айдын тургундарын кыра башташты.

    8:22 Шаарга киргендер кайра шаардан чыгып, алардын алдынан чыгышканда, Айдын тургундары ысрайылдыктардын ортосунда калышты. Ысрайылдыктар аркы тараптан да, берки тараптан да каптап киришти. Айдын тургундарынан бир да киши калтырбай кырып салышты, үч ким качып кутулган жок.

    8:23 Ал эми Айдын падышасын тирүү кармап, Жашыянын алдына алып келишти.

    8:24 Ысрайылдыктар Айдын тургундарын кубалап, талаада, чөлдө талкалашты. Алардын акыркы адамы кылыч мизинен өлгөндөн кийин, ысрайылдыктар Ай шаарына кайра бурулуп келишип, бардыгын кылыч мизине алышты.

    8:25 Ошол күнү кырылган эркек-аялдардын, Ай тургундарынын саны он эки миң болду.

    8:26 Ай тургундарынын баарын кырып салгыча, Жашыя найза сунган колун түшүргөн жок.

    8:27 Ысрайылдыктар Теңирдин Жашыяга айткан сөзү боюнча шаардын малы менен олжосун гана бөлүп алышты.

    8:28 Жашыя Ай шаарын өрттөп, аны түбөлүк урандыга, чөлгө айландырды. Ал бүгүнкү күнгө чейин ошондой абалда.

    8:29 Ай падышасын болсо даракка асып койду, ал кечке чейин асылып турду. Күн батканда Жашыя буйрук берди. Ошондо алар өлүктү дарактан чечип, шаар дарбазасынын алдына ташташты, үстүнө таш ыргытып, дөбө кылып үйүштү. Ал дөбө азыркыга чейин турат.

    үйбал тоосунда берилген баталар жана каргыштар

    8:30 Ошондо Жашыя ысрайылдыктардын Кудай-Теңирине арнап, эйбал тоосуна курмандык чалынуучу жай курду.

    8:31 Кудай-Теңирдин кулу Муса Ысрайыл уулдарына осуят кылып калтыргандай, Мусанын мыйзам китебинде жазылгандай, курмандык чалынуучу жайды темир тийгизбей, бүтүн таштардан жасады. Ага Кудай-Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты жана тынчтык курмандыктарын чалышты.

    8:32 Анан Жашыя Ысрайыл уулдарынын көз алдында Мусанын мыйзамдарын ташка чегип жазды.

    8:33 Ысрайыл элине бата бериш үчүн, мурун Теңирдин кулу Муса буйругандай, бүт Ысрайыл, Ысрайыл аксакалдары, көзөмөлдөөчүлөрү, башкаруучулары, келгиндер да, жергиликтүү тургундар да Теңирдин келишим сандыгын көтөрүп бара жаткан ыйык кызмат кылуучулар менен лебилердин эки тарабында турушту, алардын жарымы Гаризим тоосунун этегинде, жарымы эйбал тоосунун этегинде турду.

    8:34 Анан Жашыя мыйзам китепте жазылган мыйзам сөздөрүн, бата менен каргышты окуду.

    8:35 Бүткүл Ысрайыл элинин алдында, алардын аялдарына, балдарына, алардын арасындагы келгиндерге Мусанын Жашыяга калтырган осуяттарынан Жашыя окубаган бир да сөз калган жок.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск