Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иисус Навин 9

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    9-БөЛЄМ

    Гибондуктардын куулугу

    9:1 Муну уккан Иордандын аркы өйүзүндөгү тоодо жана түздө, Лебанондун жанындагы улуу деңиздин бүт жүүгинде жашаган хеттиктердин, аморлуктардын, канаандыктардын, периздиктердин, хибиликтердин жана жебустуктардын падышалары

    9:2 Жашыя менен Ысрайыл элине каршы салгылашыш үчүн чогулушту.

    9:3 Бирок Жерихо менен Айды Жашыя эмне кылганын уккан Гибон тургундары мындай амал колдонушту:

    9:4 алар жолуна нан камдап, эшектерине эски каптарын жана шарап куюлган эски, чалдыбары чыккан, жамаачыланган чаначтарын артып, аларды карай жөнөп калышты.

    9:5 Буттарына жамаачыланган эски бут кийим, үстүлөрүнө эски кийим кийип алышты. Алардын жолго алган наны да көгөрүп, катып калган нан эле.

    9:6 Алар Жашыяга, ысрайылдыктардын станы турган Гилгалга келишти да, ысрайылдыктар менен Жашыяга мындай дешти: «Биз алыскы өлкөдөн келдик, биз менен келишим түзгүлө».

    9:7 Ошондо ысрайылдыктар хибиликтерге мындай дешти: «Силер бизге жакын турган эл болуп жүрбөгүлө, андай болсо кантип келишим түзөбүз?»

    9:8 Алар Жашыяга: «Биз сенин кулдарыңбыз», – дешти. Жашыя алардан: «Силер кимсиңер, кайдан келдиңер?» – деп сурады.

    9:9 Алар Жашыяга мындай дешти: «Сенин кулдарың Кудай-Теңирдин ысымы үчүн эң алыскы өлкөдөн келишти, анткени биз Анын даңкы жөнүндө, Мисирде кылган бардык иштери жөнүндө уктук.

    9:10 Ошондой эле Ал Иордандын аркы өйүзүндө жашаган аморлуктардын эки падышасын: Кешпон падышасы Сихон менен Аштаротто жашаган Башан падышасы Огду эмне кылганын билебиз.

    9:11 Мына ушуларды уккан биздин аксакалдар менен биздин өлкөнүн эли бизге мындай дешти: “Колуңарга жол азык алып, аларды утурлай чыгып, мындай деп айткыла: "Биз силердин кулуңарбыз, биз менен келишим түзгүлө.

    9:12 Силерди карай жолго чыккан күнү үйүбүздөн алып чыккан бул наныбыз ысык болчу. Азыр болсо ал катып, көгөрүп кетти.

    9:13 Мына бул шарап куюлган чаначтар да жапжаңы эле, жолдо чалдыбары чыкты, жолдун узактыгынан үстүбүздөгү кийимибиз да, бутубуздагы бут кийимибиз  да жыртылып калды"”».

    9:14 Ысрайылдыктар алардын колундагы нанды алышты, бирок Теңирдин эркин сурашкан жок.

    9:15 Анан Жашыя алар менен тынчтык келишимин түзүп, алардын өмүрүн сактоого макул болду. Жамааттын башкаруучулары аларга ант беришти.

    9:16 Ысрайылдыктардын алар менен тынчтык келишимин түзгөнүнө үч күн болгондон кийин, алардын кошуна эл экенин, жакын эле жерде жашарын угушту.

    9:17 Анткени Ысрайыл уулдары жолго чыгып, үчүнчү күнү алардын шаарларына келишкен. Алардын шаарлары Гибон, Кепира, Бейрот жана Кирийат-Жейарим эле.

    9:18 Ысрайыл уулдары аларды кыйратышкан жок, анткени жамаат башчылары Ысрайылдын Кудай-Теңири менен ант берип коюшкан. Мына ушул үчүн Ысрайылдын бүткүл жамааты башчыларга нааразы болду.

    9:19 Ошондо башчылардын бардыгы бүт жамаатка мындай дешти: «Биз аларга Ысрайылдын Кудай-Теңири менен ант берип койгонбуз, ошондуктан аларга тие албайбыз.

    9:20 Биз аларды мындай кылалы: аларга берген антыбыздан улам Кудайдын каарына калбашыбыз үчүн, аларды тирүү калтыралы».

    9:21 Башчылар дагы мындай дешти: «Булар жашай беришсин, бирок бардык жамаат үчүн отун жарып, суу ташышат». Ошондо алар башчылар айткандай кылышты.

    9:22 Анан Жашыя аларды чакырып алып, мындай деди: «Бизге жакын жашап туруп, эмне үчүн силер бизди: “Биз эң алыскы өлкөдөн келдик”, – деп алдадыңар?

    9:23 Мына ушул үчүн силерди каргыш урсун! өмүр бою кул болуп, Теңиримдин үйүнө отун жарып, суу ташыйсыңар!»

    9:24 Алар Жашыяга мындай деп жооп беришти: «“Ысрайылдын алдындагы бүт элдерди кырып, алардын бүт жерин аларга бер”, – деп, Кудай-Теңир өз кулу Мусага буйруганы жөнүндө сенин кулдарыңа кабар жеткен. Ошондуктан өмүрүбүздөн ажыратпасын деп, өтө корккондуктан, ушундай иш кылдык.

    9:25 Мына, эми биз сенин колуңдабыз. эмне кылсаң, өзүң бил, сага эмне жакшы жана адилеттүү көрүнсө, бизге ошондой кыл».

    9:26 Жашыя аларды мындай кылды: аларды Ысрайыл уулдарынын колунан куткарды. Аларды ысрайылдыктар өлтүрүшкөн жок.

    9:27 Ошол күнү Жашыя аларды жамаатка жана Кудайдын курмандык чалынуучу жайына отун жаргыч, суу ташыгыч кылып дайындады. Теңир кайсы гана жерди тандабасын, алар ошол жерде, атүгүл, ушул күнгө чейин кул болуп жүрүшөт.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск