Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Левит 18

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    18-БөЛЄМ

    Кандаш тууганы менен никелешүүгө тыюу салуу

    18:1 Теңир Мусага мындай деп айтты:

    18:2 «Ысрайыл уулдарына мындай деп жарыяла: “Мен силердин Кудай-Теңириңермин.

    18:3 Силер жашап келген Мисир жериндегилердин кылган иштерин кылбагыла, Мен силерди алып бараткан Канаан жериндегилердин кылган иштерин кылбагыла, алардын мыйзамдары боюнча жашабагыла.

    18:4 Менин мыйзамдарым менен көрсөтмөлөрүмдү аткаргыла, ошолордун негизинде жашагыла. Мен силердин Кудай-Теңириңермин.

    18:5 Менин көрсөтмөлөрүм менен мыйзамдарымды аткаргыла, аларды аткарган адам тирүү болот. Мен Теңирмин.

    18:6 үч ким жакын тууганы болгон аялдын жылаңач этин ачып жакындабасын. Мен Теңирмин.

    18:7 Атаң менен энеңдин жылаңач этин ачпа: ал сенин энең, энеңдин жылаңач этин ачпа.

    18:8 Атаңдын аялынын жылаңач этин ачпа, ал өз атаңдын жылаңач эти болот.

    18:9 үже-карындашыңдын, атаңдын же энеңдин эйдө же сыртта туулган кызынын жылаңач этин ачпа.

    18:10 Уулуңдун кызынын же кызыңдын кызынын жылаңач этин ачпа, анткени ал өзүңдүн жылаңач этиң.

    18:11 Атаңдан төрөлгөн атаңдын аялынын кызынын жылаңач этин ачпа, ал сенин аталаш эжең же карындашың, ошондуктан анын жылаңач этин ачпа.

    18:12 Атаңдын эжесинин же карындашынын жылаңач этин ачпа, анткени сенин атаң менен анын каны бир.

    18:13 энеңдин эжесинин же сиңдисинин жылаңач этин ачпа, анткени сенин энең менен анын каны бир.

    18:14 Атаңдын бир тууганынын жылаңач этин ачпа, анын аялына жакындаба, анткени ал сенин жеңең.

    18:15 Келиниңдин жылаңач этин ачпа, анткени ал сенин уулуңдун аялы, анын жылаңач этин ачпа.

    18:16 Бир тууганыңдын аялынын жылаңач этин ачпа, анткени ал бир тууганыңдын жылаңач эти болот.

    18:17 энеси менен кошо кызынын жылаңач этин ачпа. Ал аялдын уулунун кызын же кызынын кызын аялдыкка алба, жылаңач этин ачпа, анткени алардын каны бир. Бул мыйзамсыздык болот.

    18:18 үжеси менен сиңдисин күндөш кылып аялдыкка алба, аялыңдын көзү тирүүсүндө, аялыңдын көз алдында анын жылаңач этин ачпа.

    18:19 Аялыңдын айызы келип жатканда, жылаңач этин ачпа.

    18:20 Жакыныңдын аялы менен жатпа, эрендигиңди агызып булганба.

    18:21 Балдарыңды Молохко курмандыкка чалып Кудайыңдын атын булгаба. Мен Теңирмин.

    18:22 Аял менен жаткандай, эркек менен жатпа, бул жийиркеничтүү.

    18:23 Мал менен жанашып эрендигиңди агызып булганба. Аял да мал менен жанашпасын. Бул жийиркеничтүү.

    18:24 Мындай нерселер менен булганбагыла, анткени Мен силердин алдыңардан кууп чыгарып жаткан элдер ушунун баары менен булганган.

    18:25 Жер булганды, Мен анын мыйзамсыздыктарына жүзүмдү бурдум, жер өзүнүн үстүндө жашагандарды силкип салды.

    18:26 Силер болсо Менин көрсөтмөлөрүм менен мыйзамдарымды аткаргыла. Жергиликтүү тургун да, араңарда жашаган келгин да мындай жийиркеничтүү иштерди кылбасын.

    18:27 Анткени силерге чейин жашаган эл бул жерди ушундай жийиркеничтүү иштерди кылып булгаган.

    18:28 үгерде силер да бул жерди булгасаңар, анда жер мурда жашаган элди силкип салгандай, силерди да силкип салат.

    18:29 Анткени ушундай жийиркеничтүү ишти кылгандардын баары өз элинин ичинен жок кылынат.

    18:30 Силерден мурункулар кылган жийиркеничтүү иштерди кылып булганбашыңар үчүн, Менин буйруктарымды сактагыла. Мен силердин Кудай-Теңириңермин”».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск