Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Левит 6

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    6-БөЛЄМ

    6:1 Теңир Мусага дагы мындай деп айтты:

    6:2 «Ким Теңирдин алдында күнөө кетирсе, кылмыш кылса, өз жакынынын сактап турууга берген нерсесин бербей танып кетсе, же бирөөнүн буюмун менчиктеп алса, же уурдап алса, же жакынын алдап кетсе,

    6:3 же бирөөнүн жоголгон буюмун таап алып унчукпай койсо, адамдар калп айтып карганып күнөөгө баткандай, калп айтып карганса,

    6:4 анда ал күнөө кылып айыптуу болгондуктан, уурдап алганын, же менчиктеп алганын, же сактап турууга берилген нерсени, же таап алган нерсесин кайтарып берсин.

    6:5 үгерде ал бирөөнүн бир нерсеси жөнүндө калп айтып карганса, аны толугу менен кайтарып берсин. Айып үчүн чалынуучу курмандыгын алып келген күнү анын баасына баасынын бештен бир бөлүгүн кошуп, эүсине кайтарып берсин.

    6:6 Ал сенин баалаганың боюнча, айып үчүн чалынуучу курмандыкка койлордун ичинен кемчилиги жок кочкорду Теңирге арнап ыйык кызмат кылуучуга алып келсин.

    6:7 Ыйык кызмат кылуучу аны Теңирдин алдында күнөөдөн тазалайт, ошондо ал кандай гана күнөө кылып айыптуу болбосун, бардыгы кечирилет».

    Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык жөнүндө мыйзам

    6:8 Анан Теңир Мусага дагы мындай деп айтты:

    6:9 «Арун менен анын уулдарына бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык жөнүндө төмөнкүдөй мыйзамды бер: “Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык курмандык өрттөлүүчү жайда түнү бою калсын, курмандык чалынуучу жайдагы от түнү бою күйүп турсун.

    6:10 Ыйык кызмат кылуучу зыгыр буласынан токулган сырт кийими менен зыгыр буласынан токулган ич кийимин кийип, курмандык чалынуучу жайда бүтүндөй өрттөлгөн курмандыктан калган күлдү чыгарып алып, курмандык чалынуучу жайдын жанына койсун.

    6:11 Анан үстүндөгү кийимдерин чечип, башка кийимдерди кийип, күлдү стандын сыртындагы таза жерге алып чыксын.

    6:12 Курмандык чалынуучу жайдагы от болсо өчпөстөн күйүп турсун. Ыйык кызмат кылуучу ага ар күнү эртең менен отун жагып, анын үстүнө бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты коюп, анын үстүнө тынчтык курмандыгынын майын коюп өрттөп турсун.

    6:13 Курмандык чалынуучу жайда от дайыма күйүп турсун, өчпөсүн.

    Нан курмандыгы жөнүндө мыйзам

    6:14 Нан курмандыгы жөнүндөгү мыйзам мындай: Арундун уулдары аларды Теңирдин алдында курмандык чалынуучу жайга алып келишсин.

    6:15 Анан ыйык кызмат кылуучу нан курмандыктарынын ичинен зайтун майы кошулган, үстүнө ладан салынган буудай унунан бир ууч алып, жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү жайда өрттөсүн. Бул курмандык – Теңир эсине алышы үчүн өрттөлгөн, жыты Теңирге жаккан курмандык.

    6:16 Нан курмандыгынын калганын Арун менен анын уулдары жесин. Алар ачыткысыз нанды ыйык жайда, жыйын чатырынын короосунда жешсин.

    6:17 Ал ачыткы кошулбай бышырылсын. Мен муну Мага арналган курмандыктардын ичинен аларга элүш кылып бердим. Бул – күнөө үчүн жана айып үчүн чалынган курмандык сыяктуу эле эң ыйык курмандык.

    6:18 Аны Арун тукумунун эркек аттууларынын баары жесе болот. Теңирдин курмандыктарынын ичинен бул силердин тукумуңардын түбөлүк элүшү болсун. Ага тийгендин баары ыйык болуп калат”».

    6:19 Анан Теңир Мусага дагы мындай деп айтты:

    6:20 «Арундун жана анын уулдарынын ыйык кызматка майланган күнү Теңирге алып келе турган курмандыгы бул: дайыма алып келинүүчү эйфанын ондон бир бөлүгүнчөлүк буудай уну. Анын жарымын эртең менен, жарымын кечинде алып келишсин.

    6:21 Ал зайтун майы кошулуп көмөч казанга бышырылсын. Сындырып-сындырып алып келген нан курмандыгындай кылып, аны да сындырып-сындырып, үстүнө зайтун майын куюп алып кел. Аны жыты Теңирге жаккан курмандык катары алып кел.

    6:22 Аны Арундун уулдарынын ичинен атасынын ордуна дайындалган ыйык кызмат кылуучу чалсын. Бул – Теңирдин түбөлүк мыйзамы. Ал бүт бойдон өрттөлсүн.

    6:23 Ыйык кызмат кылуучу алып келген бардык нан курмандыктары желбестен, бүт бойдон өрттөлсүн».

    Күнөө үчүн чалынуучу курмандык жөнүндө мыйзам

    6:24 Теңир Мусага дагы мындай деп айтты:

    6:25 «Арун менен анын уулдарына күнөө үчүн чалынуучу курмандык жөнүндөгү мыйзам мындай деп айт: “Күнөө үчүн чалынуучу курмандык Теңирдин алдында, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар союла турган жерде союлсун. Бул – эң ыйык нерсе.

    6:26 Аны күнөө үчүн чалынуучу курмандыкты чалып жаткан ыйык кызмат кылуучу жесин. Ал ыйык жерде, жыйын чатырынын короосунда желсин.

    6:27 Анын этине тийгендин баары ыйык болуп калат. эгерде анын каны кийимге чачыраса, анда кан чачыраган кийимди ыйык жерде жуу.

    6:28 Ал бышырылган чопо идишти талкалап сал. эгерде ал жез идиште бышырылса, анда аны тазалап, суу менен жуу.

    6:29 Аны ыйык кызмат кылуучулар тукумунун эркек аттууларынын баары жесе болот. Бул – эң ыйык нерсе.

    6:30 Күнөө үчүн чалынуучу курмандыктын каны ыйык жайды ыйыкташ үчүн, жыйын чатырына киргизилсе, анда ал курмандык желбесин. Ал отко өрттөлсүн.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск