Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Левит 5

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    5-БөЛЄМ

    Айып үчүн чалынуучу курмандык жөнүндө

    5:1 Ким бирөөнүн каргыш айтканын угуп, ошого күбө болуп туруп же көрүп-билип туруп айтпай койсо, анда ал күнөөлүү болот.

    5:2 Ким таза эмес бир нерсеге, адал эмес жаныбардын, же адал эмес малдын, же адал эмес сойлоочу жаныбардын өлүгүнө билбей тийип алса, ал билбегенине карабастан таза эмес жана айыптуу болуп калат.

    5:3 Ким адамдын булгай турган кандайдыр бир таза эмес нерсесине билбей тийип алса, бирок аны кийин билсе, ал кийин билгенине карабастан айыптуу болуп калат.

    5:4 Адамдар ойлонбостон ант берип алгандай, ким жаманбы-жакшыбы, кандайдыр бир ишти кылам деп, ойлонбой туруп ант берип, анысын унутуп калса, бирок кийин үстесе, ал кийин үстегенине карабастан айыптуу болуп калат.

    5:5 Ким ушулардын бирин кылып айыптуу болсо, анда ал кылган күнөөсүн мойнуна алып ачык айтсын.

    5:6 Ал кылган күнөөсү үчүн Теңирге арнап курмандыкка майда жандыктан кой же эчки алып келсин, ошондо ыйык кызмат кылуучу аны кылган күнөөсүнөн тазалайт.

    5:7 үгерде кой алып келе албаса, анда күнөөсүнүн айыбы үчүн Теңирге арнап курмандыкка эки бактек же эки жаш көгүчкөн алып келсин. Бирин күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка, экинчисин бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка алып келсин.

    5:8 Аларды ыйык кызмат кылуучуга алып келсин. Ыйык кызмат кылуучу күнөө үчүн алып келинген биринчи канаттуунун мойнун сындырып койсун, бирок жулуп албасын.

    5:9 Күнөө үчүн чалынган бул курмандыктын канын курмандык чалынуучу жайдын капталына чачсын, ал эми калган канды курмандык чалынуучу жайдын түбүнө сыгып салсын. Бул күнөө үчүн чалынган курмандык болот.

    5:10 Ал эми экинчисин эрежеси боюнча бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалсын. Ыйык кызмат кылуучу аны кылган күнөөсүнөн ушинтип тазалайт, ошондо анын күнөөсү кечирилет.

    5:11 үгерде ал эки бактек же эки жаш көгүчкөн алып келе албаса, анда күнөөсү үчүн курмандыкка эйфанын ондон бир бөлүгүнчөлүк буудай унун алып келсин. Ага зайтун майын куйбасын, ладан да салбасын, анткени бул күнөө үчүн чалынган курмандык болот.

    5:12 Ал аны ыйык кызмат кылуучуга алып келсин. Теңир эсине алышы үчүн, ыйык кызмат кылуучу андан бир ууч толтура алып, курмандык чалынуучу жайда Теңирге арнап өрттөсүн. Бул күнөө үчүн чалынган курмандык болот.

    5:13 Жогоруда айтылгандардын бирин кылып күнөөгө баткан адамды ыйык кызмат кылуучу күнөөсүнөн ушинтип тазалайт, ошондо анын күнөөсү кечирилет. Ал эми артып калганы нан курмандыгы сыяктуу эле ыйык кызмат кылуучуга тиешелүү”».

    5:14 Теңир Мусага дагы мындай деп айтты:

    5:15 «Ким кылмыш кылса жана Теңирге арналган нерселерге каршы жаңылыштык менен күнөө кылса, анда ал айыбы үчүн Теңирге арнап майда малдан кемчилиги жок кочкор алып келсин. Сен ал кочкорду ыйык шекел болгон күмүш шекел менен баала. Бул айып үчүн чалынган курмандык болот.

    5:16 Ал Теңирдин кайсы ыйык нерсесине каршы күнөө кылса, ошону төлөп берсин. Анын баасына баасынын бештен бир бөлүгүн кошуп, ыйык кызмат кылуучуга берсин. Аны ыйык кызмат кылуучу кылган күнөөсүнөн айып үчүн чалынуучу курмандыкка кочкорду чалуу менен тазалайт, ошондо анын күнөөсү кечирилет.

    5:17 Ким күнөө кылса жана Теңирдин осуяттарынын бирин бузуп, кылууга болбой турган бир иш кылса, билбестиктен күнөөлүү болуп, мойнунда күнөөсү болсо,

    5:18 анда ал айып үчүн чалынуучу курмандыкка ыйык кызмат кылуучу баалаган кемчилиги жок кочкорду алып келсин. Ыйык кызмат кылуучу аны билбей кылган күнөөсүнөн ушинтип тазалайт, ошондо анын күнөөсү кечирилет.

    5:19 Бул курмандык Теңирдин алдындагы айып үчүн чалынган курмандык болот».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск