Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Притчи 22

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    22-БөЛЄМ

    22:1 Көп байлыкка караганда жакшы аттуу болгон артык; алтын менен күмүшкө караганда урматка эү болуу артык.

    22:2 Бай менен кедей кезигишпей койбойт, экөөнү тең Теңир жараткан.

    22:3 Акылдуу адам кырсыкты көрүп жашынат, ал эми тажрыйбасыздар түз барып кырсыкка учурашат.

    22:4 Моюн сунуудан кийин, Теңирден коркуу, байлык, атак-даңк жана өмүр келет.

    22:5 Тикенек менен тузак бузукунун жолунда, ким жанын сактагысы келсе, алардан оолак болсун.

    22:6 Баланы башынан түз жолго сал, ошондо ал ошол жолдон карыганда да чыкпайт.

    22:7 Бай адам кедейге үстөмдүк кылат, карыз болгон адам карыз бергендин кулу болуп калат.

    22:8 Жалганды сепкен адам жамандыкты оруп алат, анын каар таягы да жок болот.

    22:9 Кайрымдуу адам бата алат, анткени ал жакырга өз нанынан берип жатат.

    22:10 Шылдыңчылды кууп жибер, ошондо талаш-тартыш токтойт, чыр-чатак да, уруш да басылат.

    22:11 Жүрөктүн тазалыгын сүйгөн адамдын оозунан чыккан сөздөр жагымдуу, ага падыша – жолдош.

    22:12 Теңирдин көзү билимди сактап турат, ал эми мыйзамды бузган адамдын сөзүн Ал четке кагат.

    22:13 Жалкоо адам: «Көчөдө арстан жүрөт! Аянтта мени өлтүрүп коюшат!» – деп айтат.

    22:14 Бузулган аялдардын оозу – терең аң. Теңир кимге каарданса, ал ошол аңга түшөт.

    22:15 өспүрүмдүн жүрөгүнө акылсыздык жабышса, тарбиялоочу чыбык андагы акылсыздыкты жок кылат.

    22:16 өзүнүн байлыгын көбөйтүш үчүн, жакырды кордогон адам, ошондой эле байга бир нерсе берген адам жакырданат.

    Отуз накыл сөз

    22:17 Кулагыңды төшөп, акылдуу адамдардын сөздөрүн ук, жүрөгүңдү менин билимиме бур.

    22:18 үгерде сен аларды жүрөгүңө сактасаң, алар оозуңда болсо, анда алар сени сооротот.

    22:19 Теңирге таянышың үчүн, мен сени бүгүн да эйрөтүп жатам, муну эсиңе тут.

    22:20 Кеңештерим менен акыл-насааттарымда сага үч мертебе жазган жок белем?

    22:21 Сага чындыктын так сөздөрүн эйрөтүү үчүн, сени жиберген адамдарга чындыктын сөздөрүн айтып турушуң үчүн жазгам.

    22:22 Жакырды тонобо, анткени ал жакыр. Бактысыз адамга дарбаза алдында кысым көрсөтпө.

    22:23 Анткени алардын ишине Теңир кийлигишет, аларды талап-тоногондордун жанын алат.

    22:24 Ачуулуу адам менен достошпо, ачуусу чукул адам менен байланышпа,

    22:25 болбосо анын жолун эйрөнүп аласың жана өз жаныңа сыйыртмак саласың.

    22:26 Ортого түшүп, карыздын милдетин алба.

    22:27 үгерде төлөй турган үч нерсең жок болсо, өзүңдү астыңдагы төшөгүңдү алдырганга чейин жеткирүүнүн кандай кажети бар?

    22:28 Ата-бабаларың өткөргөн мурунку чек араны жылдырба.

    22:29 өз ишин жакшы билген адамды көрдүң беле? Ал жөнөкөй адамдардын алдында эмес, падышалардын алдында турат.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск